Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-декабры № 925
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмүнүн өзгөндүгүнө, ошондой эле кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 3-апрелиндеги № 369 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:";
- Тиркемеде:
биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он жетинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;".
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 16-июлундагы № 554 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттагы "2012-жылдын 1-сентябрына чейинки" деген сөздөр жана цифралар "2013-жылдын I кварталынын аягына чейинки" деген сөздөр жана цифраларга алмаштырылсын;
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн жумушчу топтун курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын Нарусбаева Улара Раитовна, Асанакунов Болотбек Жапарович;
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Бакиров Жетиген Жокинович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Сабиров Шухрат Маматалиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 28-майындагы № 473 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |