Загрузка документа…
КР Премьер Премьер-министринин
2015-жылдын 22 июлундагы №323 буйругуна ылайык
Күчүн Жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 11-ноябры № 520
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 токтому менен бекитилген, "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө Жобонун 1-бөлүмүнүн 5-пунктуна ылайык, "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына райондук, облустук деңгээлдердеги сынакты координациялоо жана анын жыйынтыгын чыгаруу максатында:
1. Мамлекеттик сынактык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия бир айлык мөөнөттө:
- берилген материалдарды карап чыксын жана айыл өкмөттөрдүн арасында жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн аныктасын;
- "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн зарыл учурда республиканын региондоруна барууну ишке ашырсын;
- сынак өткөрүүнүн жүрүшүн жана натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыздасын.
3. Мамлекеттик сынактык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана маалыматтык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 11-ноябрындагы№ 520 буйругуна тиркеме |
Момуналиев Нурханбек Сакенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, комиссиянын төрагасы; |
Касиев Накен Касиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Бакиров Жетиген Жокинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; |
Курманова Айдай Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Кендирбаева Догдургүл Шаршеевна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Чаргынов Касым Самсонович | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
Күйкеев Эрик Асанович | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Чакиев Максат Жолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору - министрдин орун басары; |
Кенжебаев Дыйканбай Бакашович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Чойбеков Кубанычбек Насыбекович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Сабиров Шухрат Маматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - | "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн директору башкы редактор. |
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |