Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-октябрындагы № 427 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-июлу № 323
(КР Премьер-министринин 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 761, 2019-жылдын 30 майындагы № 265 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Райондук жана облустук деңгээлдерде "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына конкурсту координациялоо жана жыйынтыгын чыгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 токтому менен бекитилген "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 5-пунктуна ылайык:
1. Жалпы мамлекеттик конкурстук комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия бир айлык мөөнөттө:
- берилген материалдарды карасын жана айыл өкмөттөрүнүн ортосунда жалпы мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктасын;
- ''Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн зарыл болгон учурда республиканын региондоруна барууну ишке ашырсын;
- өткөрүүнүн жүрүшүн жана конкурстун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыз кылсын.
3. Комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана маалыматтык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 520 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
КР Премьер-министринин 2019-жылдын 30 майындагы № 265 буйругуна ылайык)
Премьер-министр | Т.Сариев |
Тиркеме
Жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын КУРАМЫ
(КР Премьер-министринин 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 761, 2019-жылдын 30 майындагы № 265 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн региондук өнүктүрүү секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Министрликтин алдындагы Туризм департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору (макулдашуу боюнча).