Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 3-февралы № 51
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-б буйругуна ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын топографиялык-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу топторунун биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын топографиялык-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу тобу тиркемеге ылайык курамда 2014-жылдын 4-11-февралында Исфара шаарына (Тажикстан Республикасынын Согд облусу) жиберилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жогоруда айтылган биргелешкен жолугушууну уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн, жумушчу топтун мүчөлөрүн талаа изилдөөлөрүнө чыгууда транспорт каражаттары менен камсыз кылсын.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 3-февралындагы № 51 буйругуна тиркеме |
Абдураимов Б.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти, топографиялык-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси; |
Мурзабеков А.М. | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Жолчиев Б.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Ботобаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Мурзаев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары; |
Бөрүбаев Н.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; |
Жеенбаев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусундагы аймактык чек ара башкармасынын начальниги; |
Эргешов А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынын начальниги; |
Иманалиев Н.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын геодезист инженери; |
Турсункулов К.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин атташеси. |