Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 14-апрели № 168
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын топографиялык-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу топторунун биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-б буйругуна ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын топографиялык-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу тобу тиркемеге ылайык курамда 2014-жылдын 15-20-апрелинде Кожонт шаарына (Тажикстан Республикасынын Согд облусу) жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 14 апрелиндеги № 168 буйругуна тиркеме |
Касмалиев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, топографиялык-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
|
Искандаров К.А.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү;
|
Кутманов И.О. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Мурзабеков A.M. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
|
Жолчиев Б.Д.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
|
Абдураимов Б.Э.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
|
Калыков СТ. | - Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими;
|
Ботобаев К.К.
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
|
Мурзаев А.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары;
|
Бөрүбаев Н.Н. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;
|
Эргешов A.M. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлкке укуктарды каттоо департаментинин Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынын начальниги;
|
Хамидов А.Х. | - Кыргыз Республикасынын Өкметүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Сүлүктү-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынын начальниги;
|
Матраимов М.И. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча Ыйгарым Укуктуу Өкүлчүлүгүнүн экинчи секретары;
|
Шадыканов В.Ж | - Кыргыз Республикасынын Мамлекетгик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери.
|