Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 7-июлу № 100
«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50 жана 53-беренелерине ылайык:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-майындагы № 296 «Буудай унунун импорттолушун териштирүүнүн башталышы жана убактылуу коргоо чараларын киргизүү жөнүндө» токтомуна түшүндүрмө бекитилсин.
2. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына иште колдонуу үчүн жиберилсин.
3. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчисинин-министрдин
2009-жылдын 7-июлундагы № 100
буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-майындагы № 296 «Буудай унунун импорттолушунун териштирүүнүн башталышы жана убактылуу коргоо чараларын киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык буудайдын катуу жана жумшак сортторунан ун тарткан ата мекендик өндүрүүчүлөргө олуттуу зыян келтирүү коркунучу маселеси боюнча териштирүүлөр башталган.
Териштирүүлөр аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтому менен буудайдын катуу жана жумшак сортторунан тартылган унду (коддору ТН ТЭИ ЕврАзЭС 1101 00 110 0, 1101 00 150 0) импорттоого 1 килограммга 3 сом өлчөмүндө убактылуу коргоо алымдары түрүндө беш айлык мөөнөткө убактылуу коргоо чаралары киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтому 2009-жылдын 12-июнунда күчүнө кирген.
Демек, ушул күндөн баштап беш ай бою ТН ТЭИ ЕврАзЭС 1101 00 110 0, 1101 00 150 0 коддору менен квалификациялануучу, буудайдын катуу жана жумшак сортторунан тартылган унду импорттоодо 1 килограммына 3 сом өлчөмүндө убактылуу коргоо алымы алынат.
«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 2-пунктуна ылайык мыйзамдык нормативдик актылардын мааниси Мыйзамга ылайык түшүндүрүлөт жана такталат.
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 87 жана 88-беренелерине ылайык эркин жүгүртүү үчүн чыгаруунун бажы режиминде товарларга бажы алымдарын, салыктарды жана башка бажы төлөмдөрүн төлөө, ошондой эле тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын сактоо каралган.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 3 жана 383-беренелеринде, «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин 1-пунктунда жарандык мыйзам актылары өткөн убакытка карата күчүнө кирбейт жана алар колдонууга киргизилгенден кийин пайда болгон мамилелерге карата колдонулаары каралган. Түзден түз мыйзамда каралса гана мыйзам колдонууга киргизилгенге чейин пайда болгон мамилелерге карата колдонулат.
Жарандык мыйзам актылары колдонууга киргизилгенге чейин түзүлгөн келишим боюнча тараптардын мамилелерин кошпогондо, жарандык мыйзам актылары колдонууга киргизилгенге чейин пайда болгон мамилелерде ал колдонууга киргизилгенге чейин пайда болгон укуктарга жана милдеттерге карата колдонулат. Эгерде келишим түзүлгөндөн кийин тараптар үчүн келишим түзүлгөндө колдонулган эрежелерден башка милдеттүү эрежелерди белгилеген мыйзам кабыл алынса, мурда түзүлгөн келишимдерден пайда болгон мамилелерге колдонулаары мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, түзүлгөн келишимдин шарттары өз күчүн жоготпойт.
Баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16- майындагы № 296 «Буудай унунун импорттолушунун териштирүүнүн башталышы жана убактылуу коргоо чараларын киргизүү жөнүндө» токтому ал күчүнө киргенге чейин пайда болгон жарандык укуктук мамилелерге карата колдонулбайт, башкача айтканда:
- 2009-жылдын 12-июнуна чейин (кошо эсептегенде) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлгөн;
- 2009-жылдын 12-июнуна чейин (кошо эсептегенде) түшүрүлгөн жана жолдо болгон;
- 2009-жылдын 12-июнуна чейин (кошо эсептегенде) төлөнгөн жана/же жеткирүүсү төлөнгөн ТН ТЭИ ЕврАзЭС 1101 00 110 0, 1101 00 150 0 коддору менен квалификациялануучу, буудайдын катуу жана жумшак сортторунан тартылган унга карата колдонулбайт.