Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 16-майы № 296
Буудай унунун импорттолушун териштирүүнүн башталышы жана убактылуу коргоо чараларын киргизүү жөнүндө
"Коргоо чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасына буудай унун чет элдик жеткирүүлөрдүн көбөйгөнүнөн ата мекендик өндүрүүчүлөргө олуттуу зыян келүү коркунучу бар экени жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин алдын-ала бекитүүчү аныктамаларынын негизинде жана ички рынокто бирдей атаандаштык шартты түзүү, экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги тиркелген Тизмеге (мындан ары - Товарлардын тизмеси) ылайык товар өндүргөн ата мекендик өндүрүүчүлөргө олуттуу зыян келүү коркунучунун болуу маселеси боюнча териштирүүнү баштасын.
2. Териштирүү жол-жобосу аяктаганга чейин ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды импорттоого ставкалар боюнча убактылуу коргоочу алымдар түрүндө убактылуу коргоочу чаралар беш айлык мөөнөткө киргизилсин.
3. Товарлардын тизмесинде көрсөтүлгөн убактылуу коргоочу алымдардан түшкөн акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коргоочу чараларды колдонуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алганга чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин тиешелүү депозиттик эсебине чегерилүүсү белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте белгиленген тартипте Евразиялык экономикалык коомчулуктун Интеграциялык комитетине жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруу комитетине, ошондой эле ДСУнун Комитетине бул токтомдун 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасы убактылуу коргоочу чараларды колдонууну жана териштирүүнү баштаганы тууралуу кабарласын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 20 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-майындагы№ 233 токтомуна тиркеме
|
┌─────────────────────┬─────────────────┬─────────────────────────────┐
│Продукциянын аталышы │ ЕврАзЭКтин ТЭИТН│Убактылуу коргоочу алымдардын│
│ │ боюнча коду │ставкасы (бажылык наркынан % │
│ │ │же сом менен) │
├─────────────────────┼─────────────────┼─────────────────────────────┤
│Буудай уну: │ │ │
├─────────────────────┼─────────────────┼─────────────────────────────┤
│- катуу буудайдан │ 1101 00 1100 │1 кг үчүн 3 сом │
├─────────────────────┼─────────────────┼─────────────────────────────┤
│- жумшак жана спельта│ 1101 00 1500 │1 кг үчүн 3 сом │
│сортунун буудайынан │ │ │
└─────────────────────┴─────────────────┴─────────────────────────────┘
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр | И.Чудинов |