Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2012-жылдын 29-октябрындагы № 831 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-майы № 450
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын мүчөлөрү төмөнкү курамда бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнүн салык жана бажы төлөмдөрү секторунун башчысы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү маселелерин тейлөөчү орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ички аудит башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктарды жана төлөмдөрдү мониторингдөө жана талдоо башкармалыгынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 22-апрелиндеги № 233 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |