Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2015-жылдын 30-январындагы № 19 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-октябры № 831
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын мүчөлөрү болуп төмөнкү кызмат орундарын ээлеген адамдар бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн жетекчисин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн маселелерин көзөмөлгө алган орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ички аудит башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктарды жана төлөмдөрдү мониторингдөө жана талдоо башкармалыгынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 18-майындагы № 450 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |