Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-февралы № 100
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 691, 2015-жылдын 12-марты № 115, 2015-жылдын 3-августу № 556, 2015-жылдын 21-декабрындагы № 860, 2016-жылдын 21-декабрындагы № 694, 2019-жылдын 22-августундагы № 417, токтомдорун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишин регламенттештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-марты № 115 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 594 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1 жана 2-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо күчүн жоготту деп эсептелсин;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 3-августу № 556 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №24 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 417 токтомунун редакцияcына ылайык)