Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 21-майы № 455
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-февралындагы № 49-б буйругуна ылайык:
1. Бишкек шаарында 2012-жылдын 22-25-майында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу тобу жолугушуу өткөрсүн.
2. Аталган жолугушууга катышуу үчүн Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
3. Аталган жолугушууну өткөрүүгө байланышкан чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек араны делимитациялоого жана демаркациялоого каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Аталган жолугушууга катышууга байланышкан жумушчу топтун мүчөлөрүнүн командировкалык чыгымдары командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
|
| Тиркеме |
Искандаров К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, өкмөттүк делегациянын жетекчиси; |
Кочкоров У.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Обдунов Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Эгембердиева Ж.Ш. | - | Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; |
Эратов С.С. | - | Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; |
Момбеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; |
Касмалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, жумушчу топтун жетекчиси; |
Калматов А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги; |
Сулайманов А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарбасы жана мелиорация департаментинин суу ресурстарынын мониторинги жана кайтаруу бөлүмүнүн начальниги; |
Миңбаев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы; |
Камбаралиев Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери; |
Жакыпов Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги; |
Санников В.П. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальнигинин орун басары; |
Ботобаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; |
Бөрүбаев Н.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальнигинин орун басары. |