Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 31-майы № 480
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-б буйругуна ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын кезектеги Биргелешкен жыйыны 2012-жылдын 4-9-июнунда Бишкек шаарында өткөрүлсүн.
2. Аталган жолугушууга катышуу үчүн Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын курамы тартылган адамдар менен кошо, ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Аталган кезектеги Биргелешкен жыйынды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо үчүн бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Кезектеги Биргелешкен жыйынга катышуу үчүн барууга байланышкан делегациянын мүчөлөрүнүн чыгымдарын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Биринчи вице-премьер-министри | А.Карашев |
|
| Тиркеме |
Искандаров К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси; |
Кочкоров У.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Кутманов Н.О. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Касмалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Абдураимов Б.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; |
Цурков В.Е. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын директору; |
Тезекбаев К.Т. | - | Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; |
Эратов С.С. | - | Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; |
Исабеков Н.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору; |
Турдумамбетов О.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарбасы департаментинин директору; |
Касымов Ч.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Байдулетов Н.С. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысынын орун басары; |
Калматов А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн начальниги; |
Артыкбаев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Миңбаев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы; |
Санников В.П. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо бөлүмүнүн начальнигинин орун басары; |
Ботобаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; |
Бөрүбаев Н.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальнигинин орун басары; |
Эргешов А.М. | - | Баткен райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Бегматаев А.Б. | - | Чоң-Алай райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Хамидов А.Х. | - | Сүлүктү-Лейлек аймактык жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги. |