Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Премьер-министринин

2012-жылдын 27-сентябрындагы № 733 буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2012-жылдын 12-июну № 500

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 14-февралындагы № 232 буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүдө:

2-главанын экинчи абзацы "фитосанитариялык коопсуздук" деген сөздөрдөн кийин "жана мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруунун мамлекеттик саясаты" деген сөздөр менен толукталсын;

3-главанын үчүнчү абзацындагы "Мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруунун мамлекеттик саясатын;" деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмесинде:

2-глава төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун;";

3-главанын онунчу абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов