Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 16-июлу № 554
(КР Премьер-министринин 2012-жылдын 29-декабрындагы № 925 буйругунун редакциясына ылайык)
Иштеп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына талдоо жүргүзүү, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Орто мөөнөттүү мезгилге жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу максатында:
1. Орто мөөнөттүү мезгилге жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамы тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Жумушчу топ 2013-жылдын I кварталынын аягына чейинки мөөнөттө Орто мөөнөттүү мезгилге жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрүн ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Орто мөөнөттүү мезгилге жергиликтүү өз алдынча
башкарууну өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун
иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун
КУРАМЫ
(КР Премьер-министринин 2012-жылдын 29-декабрындагы № 925 буйругунун редакциясына ылайык)
Шадыбеков Куванычбек Баймуратович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты нын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
Бакиров Жетиген Жокинович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Балтагулов Жалалбек Төрөгелдиевич - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору (макулдашуу боюнча);
Бекиев Бекболот Жапарович - эл аралык долбоордун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Калканов Кадырбек Казакбайевич - Европа союзу эл аралык долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Сульпиева Дамира Сабиржановна - ПРООН долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Мурзаев Салих Кадырбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын профессору (макулдашуу боюнча);
Сабиров Шухрат Маматалиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.