Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 433 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-сентябры № 719
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жөнүндө жобонун 14-пунктуна ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын коллегия мүчөлүгүнө төмөнкү адамдар бекитилсин:
Раимбеков Доктурбек Раимбекович - К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин профессору;
Касымов Омор Тилегенович - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору;
Жумаев Нурлан Кадырович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти.
Премьер-министр | Ж.Ж.Сатыбалдиев |