Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 10-сентябры № 136
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 103-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 "Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндөгү жобонун 15-пунктун пенсияларды жана пособиелерди төлөө жагында колдонуу тартиби тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген түшүндүрмөсү бекитилсин.
2. Жогоруда аталган түшүндүрмө Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жана тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси-министрдин
2009-жылдын 10-сентябрындагы
№ 136 буйругу менен
бекитилген
Бишкек шаарынын Свердлов районунун сотунун судьясынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтому менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансылык полиция, атайын байланыш, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчи курамдагы кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобонун (мындан ары - Жобо) 15-пунктуна түшүндүрмө берүү тууралуу кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-статьясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 103-пунктунун негизинде төмөнкүлөрдү түшүндүрөт.
Жобонун 15-пунктунун үчүнчү абзацында ички иштер органдарынын, финансылык полиция органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын офицердик курамынын, ошондой эле ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамынын жаш курагы, оорусу, штаттын кыскарганы боюнча же ден соолугунун чектелген абалына байланыштуу кызматтан пенсия укугусуз бошонгон адамдарына бошоп жаткандагы бир жолку пособие төлөө менен бирге бошогон күндөн баштап бир жыл бою аскердик же атайын наамы боюнча төлөнчү маянасы сакталаары белгиленген.
Бул нормага ылайык, аскердик же атайын наамы боюнча маяналар кызматтан ушул нормада аныкталган себептер - жашы жеткендигине, ооруганына, штаттын кыскарганына байланыштуу же ден соолугунун чектелген абалына байланыштуу пенсия укугусуз бошонгон адамдарга гана төлөнөт.