Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылы 13 январда № 12 токтому менен бекитилди |
Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер мамлекеттик өрткө каршы кызмат органдарынын, финансы полициясы органын атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасы, соттолгондор менен камакка алынган адамдарды кайтаруу жана конвойго алуу боюнча атайын бөлүмдөр катарындагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 1998 жыдын 1-декабрындагы № 779, 1999-жылдын 18-майындагы № 266, 2000-жылдын 20-январындагы N 36, 2000-жылдын 14-февралындагы № 72, 2000-жылдын 22-февралындагы № 88, 2001-жылдын 16-июлундагы № 351, 2002-жылдын 16-январындагы № 27, 2002-жылдын 19-июнундагы № 380, 2002-жылдын 20-августундагы № 572, 2003-жылдын 11-марты № 113, 2003-жылдын 11-марты № 113, 2003-жылдын 19-августунун № 530, 2004-жылдын 28-майындагы № 404, 2004-жылдын 13-июлундагы № 528, 2004-жылдын 28-майындагы № 404, 2004-жылдын 19-июлунун N 535, 2005-жылдын 16-июлундагы № 296, 2005-жылдын 29-сентябрындагы № 460, 2005-жылдын 9-декабрындагы № 568, 2005-жылдын 21-декабрындагы № 599, 2006-жылдын20-январы № 32, 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 219, 2006-жылдын 12-июнундагы № 421, 2006-жылдын 26-инундагы № 451, 2006-жылдын 21-илундагы № 531, 2006-жылдын 2-августундагы № 553, 2006-жылдын 23-октябрындагы № 745, 2007-жылдын 11-майындагы № 171, 2007-жылдын 3-июлундагы № 260, 2008-жылдын 17-июнундагы № 305, 2008-жылдын 14-июлундагы N 376, 2009-жылдын 6-апрелиндеги № 215, 2010-жылдын 12-январындагы № 3, 2010-жылдын 28-январы N 40, 2011-жылдын 13-июну N 305, 2011-жылдын 23-августу N 495, 2011-жылдын 4-ноябры N 700, 2012-жылдын 12-январы N 23, 2015-жылдын 23-марты № 136, 2016-жылдын 15-июну № 322, 2016-жылдын 30-июну № 369, 2016-жылдын 15-августу № 442, 2017-жылдын 12-апрели № 213, 2017- жылдын 6-сентябры №547, 2018-жылдын 22-январындагы № 47 , Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 470 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Офицерлерге, прапорщиктерге, мичмандарга, мөөнөтттөн тышкары кызматтын аскер кызматкерлерине (мындан ары — Аскер кызматкерлери), Ички иштер мамлекеттик, өрткө каршы кызмат органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар жетекчилик жана катардагы курамындагы адамдарга кызматтан бошогондон кийин пенсия дайындоо үчүй иштеген жылдарынын эсебине төмөнкүлөр кире тургандыгы белгиленсин:
-Куралдуу Күчтөрдө, чек ара, ички жана темир жол аскерлеринде, мамлекеттик байланыш, граждандык коргоо өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, курамаларында, коопсуздук жана тышкы чалгындоо органдарында, Кыргыз Республикасынын, мурдагы ССР Союзунун мыйзамдарына ылайык түзүлгөн башка куралдуу куралмаларында жана Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигинин Бириккен Куралдуу Күчтөрүндө өтөгөн аскердик кызмат;
-мурдагы ССР Союзунун коопсуздук органдарынын оперативдик курамындагы (окуган мезгилдер да кошулат), жетекчилик жана башкаруучулук курамындагы кызмат — Кыргыз Респубикасынын Улуттук коопсуздук боюнча Мамлекеттик комитетинин Төрагасы бекиткен кызмат орундары боюнча тизмедеги кызматтарды 1995-жылдын 1-октябрына чейин аткарган жылдар;
-милицияда, түзөтүү-эмгек мекемелерине, аскерлешкен өрттөн сактоо кызматында, Кыргыз Республикасы менен мурдагы ССР Союзунун ички иштер мамлекеттик өрткө каршы кызмат (коомдук тартипти сактоо) органдарынын башка мекемелеринде жана куралмаларында офицердик, сержанттык, катардагы жака жетекчилик курамдагы кызматтарда кызмат өтөө (анын ичинде стажердук кызматында);
-Кыргыз Республикасы менен Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигине мүчө болгон мамлекеттер жана Шериктештикке мүчө эмес .мамлекеттердин ортосунда кызматтан бошонгон аскер кызматкерлерине, ички иштер өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар (полициянын) катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга пенсия дайындоо үчүн алардын башка мамлекеттердеги кызматын (анын ичинде ушул пункттун II абзацында көрсөтүлгөн шарттарда аскер кызматкерлеринин, ички иштер мамлекеттик өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдардын кызматын (иш жылдары. катары эсепке алууну шарттаган социалдык камсыздоо жөнүндө түзлүгөн келишимге ылайык алардын ушул мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүндөгү, коопсуздук органдарындагы, мыйзамга ылайык тузүлгөн башка аскердик куралмаларындагы аскердик кызмат жана ички иштер мамлекеттик өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, (полициядагы) кызмат;
-Улуу Ата мекендик согуш жылдарында советтик партизандык отряддардагы жана бирикмелердеги, элдик кошундардын (ополчение) бөлүктөрүндөгү жана бирикмелериндеги кызмат;
-аскердик-курулуш отряддарында (болүктөрдө) аскердик курулушчу катары өтөгөн кызмат;
-1961-жылдын 1-январынан мурда эмес СССРдеги мурдагы ДОСААФтын системасында чыныгы аскердик кызматка чакырылып учкучтар составынын запастагы офицерлигине окушкан адамдардын учкучтук практикалык даярдыкта болгон убактысы;
-1994-жылдын 1-январынан мурда эмес аскердик жыйында (сбордо) болгон убакыт;
-1944-жылдын 1-январынан тартып 1951-жылдын 31-декабрына чейин Украинанын, Белоруссиянын, Латвиянын, Литванын жана Эстониянын аймагында казармалык абалда болгон элди коргоо боюнча талкалоочу (истребительный) батальондордо, взводдордо жана отряддарда жоокер иретиндеги кызмат, ошондой эле командалык составда кызмат милдетин аткаруу;
-офицерлердин жана жетекчилик курамдагы адамдардын чыныгы аскердик кызматта же Кыргыз Республикасынын жана мурдагы ССР Союзунун ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар кадрлар составында (кызматтагы резервде) калтырылып, мамлекеттик бийликтин жогорку органдарында, мамлекеттик комитеттерде, министрликтерде, админнстрациялык ведомстволордо, ишканаларда, мекемслерде, жана уюмдарда иштеген жылдары;
-Эгерде 1973-жылдын 23-октябрынан кийин Эл депутаттар Кеңешиннн шайлануучу кызматтарына депутат катары шайлангандыгына байланыштуу ички иштер органдарындагы, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар кызматтан бошотулса жана шайлануучу кызмат боюнча милдет аткаруусу аяктагандан кийин кызматка кайтып келсе, катардагы жана жетекчилик курамдагы кызматкерлердин Эл депутаттар Кеңешинде иштеген жылдары;
-ички иштер жана жазык-аткаруу тутумдарына мамлекеттик өрткө каршы кызмат органдарына, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар кызматка кабыл алынганга чейинки тузөтүү-змгек мекемелеринде, төргөө изоляторунда, транзиттик-сүргүн (пересыльный) пунктунда, камак жайларындагы дарылоо-эмгек профилакторийинде жана дарылоо мекемелеринде жумушчу жана кызматкер катары иштеген жылдар;
-аскер кызматкерлеринин туткунда, курчоодо жана атайын текшерүүдө болгон мезгили (эгерде аскер кызматкери туткунга өз ыктыяры менен түшпөсө жана туткунда жүргөндө Ата Мекенине каршы кылмыш кылбаса), ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ички иштер мамлекеттик өрткө каршы кызмат органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдардын фашисттик концлагерлерде жана башка абак жайларында белгиленген шарттарды аткаруу үчүн болгон убактысы;
-кылмыш жообуна негизсиз тартылышкан, негизсиз репрессияланган жана акырында акталып (реабилитацияланып) чыккан аскер кызматкерлеринин, ички иштер мамлекеттик өрткө каршы кызмат органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, салык полициясы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар соттолгондор менен камакка алынган адамдарды кайтаруу жана конвойго алуу боюнча атайын бөлүмдөр, катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдардын камоодо болгон, эркинен ажыратылган жерлерде жазаны өтөгөн, сүргүндө болгон убактысы;
-кызматтан мыйзамсыз бошотулган жана кийин мыйзамда көрсөтүлгөндөргө ылайык кайра ордуна коюлган аскер кызматкерлеринин, ички иштер жана жазык-аткаруу тутумдарына мамлекеттик өрткө каршы кызмат органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдардын кызматында үзгүлтүк болгон мезгил.
- баңгизаттарды контролдоо боюнча органдарда кызмат кылган мезгили.
- өзүнүн иш-аракетин коргоо, коопсуздук жана укук коргоо чөйрөсүндө ишке ашыруучу (ишке ашырган) мамлекеттик органдардын кызматчыларынын жана мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлеринин мамлекеттик кызматтарда иштеген мезгили, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө запастан чакырылган же Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан жана жазык-аткаруу тутумдарына, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, соттолгондор менен камакка алынган адамдарды кайтаруу жана конвойго алуу боюнча атайын бөлүмдөр, кызмат өтөөгө которулган саламаттык сактоо системасындагы медициналык кызматкердин иштеген мезгили.
- Кыргыз Республикасынын ички иштер, өзгөчө кырдаалдар маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кесиптик өрт өчүрүүчү кызматында, өрттү алдын алуу жана өчүрүү менен байланышкан кызмат орундарында иштеген мезгилде;
-салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы.
- баңгизаттарды контролдоо боюнча органдарда кызмат кылган мезгили.
- атайын байланыш кызматында иштеген убакыт.
- Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин аскерлештирилген тоо-кен кырсыгынан куткаруу бөлүгүндө иштеген убактысы;
- аскердик прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн прокуратура органдарында иштеген, ошондой эле аларды аскердик кызматта же прокуратура органдарынын кадрларынын карамагында калтыруу менен мамлекеттик бийликтин жогорку органдарынын аппараттарында иштеген мезгили.
(КР Өкмөтүнүн 1998 жыдын 1-декабрындагы № 779, 2002-жылдын 19-июнундагы № 380, 2002-жылдын 20-августундагы № 572, 2003-жылдын 11-марты № 113, 2004-жылдын 28-майындагы № 404, 2005-жылдын 9-декабрындагы № 568, 2005-жылдын 21-декабрындагы № 599, 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 219, 2006-жылдын 23-октябрындагы № 745, 2009-жылдын 6-апрелиндеги № 215, 2016-жылдын 15-июну № 322, 2016-жылдын 30-июну № 369, 2017-жылдын 12-апрели № 213, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 470 токтомдорунун редакциясына ылайык)
11. Прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдарына төмөнкүлөр эсепке алынары белгиленсин:
- прокурор жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү катары, анын ичинде аскердик прокуратурада кызмат өтөгөн мезгили, ошондой эле мамлекеттик административдик кызмат орундарды ээлеген прокуратура органдарынын башка кызматкерлеринин, анын ичинде аскердик прокуратурада иштеген мезгили;
- Кыргыз Республикасынын судьясы, соттук аткаруучусу катары иштеген мезгили;
- жогорку юридикалык билими болуп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, ички иштер, финансы полициясы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча, бажы органдарынын маселелерди тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда кызмат өтөгөн жылдары;
- жогорку юридикалык билими болуп, мамлекеттик бийликтин жогорку органдарынын аппараттарында иштеген жылдары;
– юстиция органдарында юриспруденция адистиги боюнча мамлекеттик кызматчы катары иштеген мезгили.
Прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө пенсия дайындоодо прокурорлордун жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнүн кызмат ордунда иштеген жылдарына ошондой эле төмөнкүлөр кошулуп эсептелет:
- мурдагы ССР Союзунун партиялык, советтик, профсоюздук жана комсомолдук органдарында иштеген мезгили;
- мурдагы ССР Союзунун жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мөөнөттүү кызмат өтөгөн мезгили;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызматында болгон мөөнөтү;
- аскердик кафедрасы бар мамлекеттик жогорку окуу жайларында юридикалык адистик боюнча күндүзгү окуу мезгили;
- прокурордук көзөмөлгө, мамлекеттик айыптоого, тергөө жана мамлекеттик башкарууга адистештирүү боюнча кайрадан даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өткөн мезгили.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 369, 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 213 , Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 470 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Запастан чыныгы аскердик кызматка чакырылган офицердик курамдагы адамдарга «Аскер кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясынын «а» пунктуна ылайык пенсия дайындоодо алардын аскердик кызматтагы иштеген жылдарына кошумча чыныгы аскердик кызматка жиберилгенге чейин министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, админнстрациялык ведомстволордо, мамлекеттик ишканаларда, уюмдарда жана ишканаларда иштеген убактысы (запастагы офицер катары) беш жылга чейинкн мөөнөттүн чегинде — иштин бир жылы — алты ай аскердик кызмат эсебинде кошулат. Ушундай эле шарт менен аскердик кызматтагы иш жылдарына граждандык жогорку окуу жайларында же аскердик даярдык циклдери же бөлүмдөрү бар атайын орто окуу жайларында окуп, окууну бүткөнгө чейин эле студент кезинде жогорку аскердик окуу жайына окууну улантуу үчүн которулганга чейинки мезгил кошулат; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын
Ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасы, катардагы жана жетекчилик курамындагы кызматка граждандык жогорку окуу жайын же атайын орто окуу жайын бүтүргөндөн кийин (окутуу формасына карабастан) жиберилген адамдарга «Аскер кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясынын «а» пунктуна ылайык пенсия дайындоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1992-жылы 15-апрелде № 152 Токтому менен бекиткен «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасы, өздүк курамына кызмат өтөөсү жөнүндө Убактылуу Жобонун» 23-пунктуна ылайык алардын иш жылдарына кошумча алардын кызматка киргенге чейин граждандык жогорку же атайын орто окуу жайында окуган мезгили (бирок 17 жаштан мурдагысы эмес) беш жылга чейинки мөөнөттүн айланасында — окуунун бир жылы — алты ай кызмат эсебинде кошулат. Аталган курамдагы адамдардын иш жылдарына граждандык жогорку жайына атайын орто окуу жайларын бүтургөндөн кнйин Кыргыз Республикасынын Ички иштер миннстрлигинин органдарында, жазык-аткаруу системасы, жалданма кызматтарда иштеген жылдар дагы (аттестациялануучу кызматка дайындалганга чейинкиси) ушундай эле шарт менен кошулат.
Окуу формасына карабастан жарандык жогорку же орто кесиптик окуу жайларын бүтүргөндөн кийин жазык аткаруу системасынын уюмдарына кызмат өтөөгө кирген жана катардагы же жетекчилик курамдагы кызматтарга орношкон аталган курамдагы адамдарга жана кызматкерлерге эсептелүүчү иштеген жылдарына кызмат өтөөгө киришкенге чейин жарандык жогорку же орто кесиптик окуу жайларында алардын беш жылга чейинки окуган мезгили (бирок 17 жаш курагынан эрте эмес) "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык окуу жайында окуган бир жылы кызмат өтөөнүн бир жылына барабар эсебинде кошулат.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин иштеген жылдарына Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 11-январындагы N 6 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга контролдук кылуу боюнча агентстводо кызмат өтөө жөнүндө жобонун 52-статьясына ылайык кызматка киргенге чейин жарандык жогорку жана орто атайын окуу жайларынын күндүзгү бөлүмдөрүндө (окуунун күндүзгү жана кечки формалары боюнча) окуган мезгили эсептелет"
2003-жылдын 1-октябрына чейин ички иштер органдарынын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарынан анык аскер кызматына аныкталган мамлекеттик өрткө каршы кызматтын аскер кызматындагы аскер кызматчыларына "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясынын "а" пунктчасына ылайык аларга пенсия дайындоодо иштеген жылдарына беш жылдык мөөнөттүн чегинде бир окуу жылы алты ай кызмат өтөөгө барабар эсеби боюнча циклдердин санына же аскердик даярдык бөлүмдөрүнө карабастан жарандык жогорку окуу жайларындагы же орто окуу жайларындагы окуу мезгили кошумча кошулат (бирок 17 жаштан эрте эмес).
2-1. Прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө иштеген жылдарынын мөөнөтүн аныктоодо, ушул Жобонун 1-1-пунктунда көрсөтүлгөн беш күндүк иш жума менен алардын кызмат өтөгөн бир күнү, ушул пункттун экинчи абзацында каралган учурду кошпогондо, прокурор жана прокуратура органдарынын тергөөчүсү катары кызмат өтөөнүн бир күнү катары эсептелет.
Аскердик кафедрасы бар жогорку мамлекеттик окуу жайларында, анын ичинде "Юриспруденция" адистиги боюнча күндүзгү окуган мезгили, бир жыл окуу прокуратура органдарында 6 ай кызмат өтөгөнгө (иштегенге) эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 9-декабрындагы № 568, 2005-жылдын 21-декабрындагы № 599, 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 219, 2015-жылдын 23-марты № 136, 2016-жылдын 30-июну № 369 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Коргоо, ички иштер, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча, финансы полициясынын, улуттук коопсуздуктун, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын байланыш кызматынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өздөрүнүн актыларын "Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык келтиришсин.
а) согушуп жаткан армиядагы штрафтык бөлүктөрдүн туруктуу курамына алты күн үчүн бир күн кызмат өтөө;
б) үч ай үчүн бир ай кызмат өтөө" деген создөр "үч күн үчүн бир күн кызмат өтөө:
-согушуп жаткан армиянын курамына кирген аскердик бөлүктөрдө, штабдарда жана мекемелерде, согушкан мезгилдерде партизандык отряддагы жана бирикмелердеги кызмат;
-Улуу Ата Мекендик согуш учурунда баатыр-шаарларда: Одессада — 1941-жылдын 10-августунан 16-октябрга чейин, Ленинградда — 1941-жылдын 8-сентябрынан 1994-жылдын 27-январына чейин, Севастополдо — 1941-жылдын 5-ноябрынан 1942-жылдын 4-июлуна чейин жана Волгоград-да — 1942-жылдын 12-июлунан 19-ноябрга чейин согушуп жаткан курамына кирбеген аскер бөлүктөрүндөгү, штаб менен мекемелердеги жана ички иштер органдарындагы кызмат;
-согушуп жаткан армиянын курамына кирген аскердик бөлүктөрдө, штаб менен мекемелерде жарадар болуп, контузия, жаракат алуунун, ооруга чалдыгуунун себебинен дарылоо мекемелеринде үзгүлтүксүз жатып дарыланган убакыт;
-аскер кызматкерлеринин, ошондой эле ушул Жобонун 1-пунктунуну 10-абзацында аталган адамдардын Украинанын, Белоруссиянын, Латвиянын, Литванын жана Эстониянын аймагында 1994-жылдын 1-яварынан 1951-жылдын 31-декабрына чейин улутчул подпольени (бандитчиликти) жоюу боюнча согуштук операцияларда жарадар болуп контузия же жаракат алса — дарылоо мекемлеринде үзгүлтүксүз дарыланган убакыт;
-1950-жылдын ноябрынан 1953-жылдын июлуна чейин согушка катышкан 64-талкалоочу авиациялык корпустун курамындагы убакыт;
-Венгриянын аймагында 1956-жылдын 24-октябрынан 10-ноябрга чейин ушул өлкодөгү согушка катышкан — аскердик бөлүктөрдөгү, штабдардагы жана мекемелердеги убакыт, ал эми ушул убакыттын ичинде жарадар болсо, контузия же жаракат алса — дарылоо мекемелеринде үзгүлтүксүз дарыланган убакыт;
-1979-жылдын 1-декабрынан тартып Афганистан Республикасынын аймагында аскердик бөлүктөрдөгү, штабдар менен мекемелердеги, ошондои эле согуш болгон башка өлкөлөрдө согушка катышкан аскер кызматкерлеринин (анын ичинде чакыруу боюнча кызмат өтөп жатышкан) ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдардын (аскердик ар-намыска туура келбеген иштери үчүн кызматтан бошотулган же бул өлкөлөрдөн кайтарылып жиберилген аскер кызматкерлеринен (анын ичинде чакыруу боюнча кызмат өтөп жатышкан) , катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдардан бөлөк) согушта болгон убактысы жана ушул өлкөлөрдө жарадар болуп, контузия жаракат алган же ооруга чалдыгуу себебинен дарылоо мекемелеринде үзгүлтүксүз дарыланган убактысы;
-1992-жылдын 1-январынан тартып эл аралык макулдашууларга ылайык тынчтыкты сактоо (же башка) милдеттерин аткаруу боюнча аскердик куралмалардын курамына кирген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар аскердик бөлүктөрүңдө, штабдар менен мекемелеринде ушул милдеттерди аткарган убакыт (аскердик ар-намыска туура келбеген иштери үчүн кызматтан бошотулган же бул өлкөлөрдөн кайтарылып жиберилген аскер кызматкерлеринен, катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдардан бөлөк) жана ушлу өлкөлөрдө жарадар болуп, контузия, жаракат алган же ооруга чалдыгуу себебинен дарылоо мекемелеринде үзгүлтүксүз дарыланган убакыт;
-1986-жылдын 26-апрелинен тартып 1987-жылдын 31-декабрына чейнн Чернобыль АЭСиндеги аварийный залалдарын жоюуга жана адамдар көчүрүлүп кеткен зонада айлана-чөйрөнү бузулуудан сактоого бапланыштуу иштерде;
-кылмыш жообуна негизсиз тартылышкан, негизсиз репрессияланган жана акырында актальп чыккан аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын, катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдардын камоодо болгон, эркинен ажыратылган жерлерде жазасын өтөгөн, сүргүндө болгон убактысы;
- мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүндө кызмат өтөп жаткан (өтөгөн), терроризмге каршы операцияларды жүргүзүүдө терроризмге каршы түздөн-түз күрөшүп жаткан (күрөшкөн) аскер кызматкерлеринин жана кызматчыларынын катышуу мөөнөтү;
в) бир айлык кызмат — эки айлык кызмат катары:
-Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында согушка катышпаган армиянын курамында жана ички иштер органдарында, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы (ушул пункттун «б» кичине пунктунун үчүнчү жана бешинчи абзацтарында аталган учурлардан бөлөк учурларда) аскер бөлүктөрүндө, штабдар менен мекемелерде кызмат өтөгөн убакыт;
-аскер кызматкерлеринин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында туткунда болгон убактысы (эгерде аскер кызматкери туткунга өз ыктыяры менен түшпөсө жана туткунда жүргөндө Ата Мекенине каршы кылмыш кылбаса), ошондой эле ушул жылдары ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын жана жетекчилик курамындагы адамдардын фашисттик концлагерлерде жана башка абак жайларында белгиленген шарттарды аткаруу менен болгон убактысы;
-Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктаган шартта — реактиевдик жана турбовинттик авиациядагы учкучтук кызмат;
-мурдагы СССРдин алыскы жерлеринде ушул Жобонун № 1 тиркемесине ылайык ушул тиркеменин 1-бөлүмүндө аталган мөөнөттөр боюнча;
-ички иштер системасындагы, жазык-аткаруу системасы, ишканалар менен уюмдарда № 3-тиркемеге ылайык;
-мурдагы СССРдин бийик тоолуу — деңиз денгелинен 2500 метр жана андан бийик жерлеринде аскер кызматкерлери үчүн - 1976-жылдын 1-январынан, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасы, катардагы жана жетекчилик .курамындагы адамдар үчүн — 1985-жылдын 1-майынан тартып;
-суу алдында жогорку басым алдында же барокамерада узакка болуучу шартта иш аткаруучу суучулук (водолаз) кызматта — Кыргыз Республикасынын Коргоо министри аныктаган шартта — 1983-жылдын 1-январынан тартып; — жугуштуу ,оорулуу аскер кызматкерлеринин соттолгондорду кармоо же дарылоо үчүн багытталган түзөтүү-эмгек мекемелеринде кызматтан 1992-жылдын — 20-июлунан кийин бошонушкан ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасы, катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдар үчүн;
- терроризмге каршы күрөш жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын органдарында, бийик тоолуу райондордо жана аларга теңештирилген жерлерде кызмат өтөшкөн оперативдүү курамдын кызматкерлерине";
- Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Башкы чек аралык күзөт башкармалыгынын деңиз деңгээлинен 2000 метрден жогору бийиктикте жайгашкан бөлүмдөрүндө, бөлүктөрүндө жана органдарында (мөөнөттүү кызматтын аскер кызматкерлеринен башка) - 1999-жылдын 28-майынан баштап;
- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын деңиз деңгээлинен 2000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан бөлүмдөрүндө (мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынан тышкары) - 2002-жылдын 1-октябрынан баштап
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскеринин деңиз деңгээлинен 2000 метрден жогоруда жайгашкан бөлүмдөрүндө, бөлүктөрүндө жана органдарында (мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынан башкаларга) - 2005-жылдын 27-майынан тартып;
- Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын деңиз деңгээлинен 2000 метрден бийик жайгашкан подразделениелеринде, бөлүктөрүндө жана органдарында (мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынан тышкары) - 2006-жылдын 22-майынан;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын деңиз деңгээлинен 2000 метрден бийик жайгашкан бөлүмчөлөрүндө, бөлүктөрүндө жана органдарында (мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринен тышкары) - 2009-жылдын 22-октябрынан тартып;
- улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган деңиз деңгээлинен 2000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан бөлүкчөлөрүндө, бөлүктөрүндө жана органдарында 2010-жылдын 16-июлунан тартып (мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынан башка);
- улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган деңиз деңгээлинен 2000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан бөлүкчөлөрүндө, бөлүктөрүндө жана органдарында 2010-жылдын 17-декабрынан тартып (мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынан башка);
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-августунун № 530, 2004-жылдын 28-майындагы № 404, 2005-жылдын 29-сентябрындагы № 460, 2005-жылдын 9-декабрындагы № 568, 2005-жылдын 21-декабрындагы № 599, 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 219, 2006-жылдын 2-августундагы № 553, 2006-жылдын 23-октябрындагы № 745, 2007-жылдын 3-июлундагы № 260, 2010-жылдын 28-январы N 40, 2017-жылдын 12-апрели № 213 токтомдорунун редакциясына ылайык)
г) бир жарым күн үчүн бир күн кызмат өтөө:
-авиациядагы учкучтук кызмат (ушул пункттун.«в» кичине пунктунун төртүнчү абзацында аталган авиациянын түрлөрүнөн бөлөк) — Кыргыз Республикасынын Коргоо министри аныктаган шартта;
-суу үстүндө жүрүүчү атомдук кораблдерде — ушул Жобонун 4-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттөр боюнча;
-суу астында жүрүүчү кайыктарда (ушул Жобонун 4-пунктунда аталгандардан бөлөк) - алар катарда (суу алдында) болгон убакытта;
-мина жардыргыч кемелерде (минный тральщики) — согуштук миналарды кармап жардырган убакыт;
-катарда болгон убакыттта суу астында жүрүүчү кайыктар бирикмелеринин башкармаларында жана мина кармап жардырган убакыттагы мина жардыргыч кемелер бирикмелер башкармаларында — Кыргыз Республикасынын Коргоо министри аныктаган шартта 1952-жылдын 22-январынан;
-бардык түрдөгү жана адистиктеги суучулдар кызматтарында (ушул пункттун «в» кичине пунктунда аталган суучулардан бөлөк);
-Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскердик куралмаларындагы кызматтарда — Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жыл, 3-декабрдагы «Кыргызстан Республикасында Улуттук гвардияны түзүү жөнүндө» Указына ылайык 1991-жылдын 3-декабрынан тартып;
-кызмат милдеттери боюнча дайым парашют менен секирүүгө байланышкан кызматтарда — 1967-жылдын 1-октябрынан, Жөө аскерлер менен деңиз пехотасынын десанттык — штурмалоо бирикмелери менен бөлүктөрүндө, чалгындоочу десанттык бөлүктөрүндө (чалгындоо пункттарында) — 1980-жылдын 14-мартынан тартып. Ошону менен бирге аталган кызматтардагы аскер кызматкерлеринин кызматы парашют менен секирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министри аныктаган жылдык норманы агкарган учурда жеңилдетилген шарт менен иштеген жылдарына жараша кошулат;
-ушул Жобонун № 4 тиркемесинде көрсөтүлгөн кызматтарда;
«Кыргыз Республикасынын баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат" деген сөздөрдөн кийин финансылык полиция органдарынын атайын багытталган бөлүмдөрдө - 2008-жылдын 10-сентябрынан тартып финансы полициясы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталган шарттарда бөлүмдөрдүн, кызмат орундардын тизмеси боюнча;
-ички аскерлер, жазык-аткаруу системасы, менен ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасы, соттолгондор менен камакка алынган адамдарды кайтаруу жана конвойго алуу боюнча атайын бөлүмдөр, атайын багыттагы бөлүктөрүндө — Кыргыз Республикасынын ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тейлеген мамлекеттик органдын жетекчиси, баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын атайын багыттагы подразделениелеринде - Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга контролдук кылуу боюнча агентствонун директору аныктаган шарттарда жана подразделениелердин, кызматтардын тизмеси боюнча 2003-жылдын 17-июнунан тартып аныктаган бөлүктөр менен кызмат орундарынын тизмеси боюнча жана министр аныктаган шартта 1991-жылдын 1-январынан тартып;
-мурдагы СССРдин алыскы жерлеринде — ушул Жобонун № 1-тиркемесине ылайык тиркеменин 2-бөлүмүндө аталган мөөнөттөр боюнча;
-Кыргыз Республикасы менен мурдагы СССРдин Мамлекеттик чек арасын коргоо боюнча кызмат өтөп жатышкан заставкаларда, посттордо, комендатураларда, смендүү заставалуу маневрлик топтордо, кораблдерде жана катерлерде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук тизме боюнча чек ара аскерлеринин башка бөлүктөрүндө — 1976-жылдын 1-январынан тартып; аталган датага чейинкй кызмат — мурдагы СССРдин Мамлекеттик чек арасында жайгашкан заставаларда, комендатураларда жана аларга теңештирилген чек ара аскерлеринин бөлүктөрүндө, катарда болгон жана мурдагы СССРдин Мамлекеттик чек арасын ушул Жобонун № 2-тиркемесинде аталган жерлерде түздөнтүз коргошкон чек аралык деңиздик кораблдер менен катерлерде (эгерде ушул жерлердеги кызматты иштеген жылдарына мындан да жеңилдетилген шарт, менен пенсия үчүн кошуу жөнүндө белгиленбесе):
-катарда болгон суу алдында жүрүүчү дизель-электр кемелердин экннчи экипажынын курамында — 1968-жылдын 22-ноябрынан тартып;
-Мурманск областында болгондо корабль менен кемелерди Түндүк деңиз жолу аркылуу алып өтүү, тапшырма аткаруучу портко өтүү боюнча жана экспедиция аяктап калгандан кийин туруктуу кызмат өтөгөн жерлерге кантып келүүдө атайын багыттары экспедициянын курамында —1971-жылдын 22-октябрынан;
-бийик тоолуу-деңиз деңгээлинен 1500 жана андан да бийик жерлерде (ушул пункттун «в» кичине пунктунун жетинчи абзацында аталган бийиктиги 2500 жана андан да бийик жерлерден белек): аскер кызматкерлери үчүн — 1973-жылдын 1-апрелинен, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасы, катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдар үчүн — 1985-жылдын 1-майынан жазык аткаруу системасы 1985-жылдын 1-майынан тартып, баңги заттарды контролдоо боюнча орган 2003-жылдын 17-июнунан тартып;
-мурдагы СССРдин бийик тоолуу, бийиктиги дениз деңгелинен 1000 метрден 1500 метрге чейинки бийиктикте, ал эми өзгөчө учурларда тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча Мамлекеттик комитетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, өзгөчө кырдаалдар маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, финансы полициясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан жана Кыргыз Республикасынын ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен макулдашып бекитишкен аскер бөлүктөрүнүн, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик өрткө каршы кызматынын менен мекемелериннин тизмеси боюнча — анданда жапыз жерлерде — 1988-жылдын 1-январынан тартып;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскеринин аскердик кошуундарындагы кызматта (мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынан башкаларга) - 2005-жылдын 27-майынан тартып;
-Байкал-Амур темир жол магистралынын жана Бам — Тында—Беркакит темир жол тилкесинин курулушунда болушкан жана курулушту тейлешкен (курулуп жаткан убакта) темир жол жана ички аскерлердин аскер бөлүктөрүндө— 1971-жылдын 8-июлунан тартып;
-Байкал-Амур темир жол магистралынын Шимановская станииясында курулуш индустриясынын ишканалар комплексинин курулушунда иштешкен темир жол аскерлеринин аскер бөлүктөрүндө — 1975-жылдын 10-мартынан тартып;
-Байкал-Амур темир жол магистрали менен Бам—Тын-да Беркакит темир жол тилкесинде курулушту тейлеген коопсуздук органдарында 1975-жылдын 1-июлунан тартып;
-мурдагы СССРдин Байланыш министрлигине берип, Байкал-Амур темир жол магистралынын жээгиндеги трасса боюнча радиореле байланыш линиясынын курулушунда иштешкен аскер бөлүктөрү менен аскердик-курулуш отряддарында — 1976-жыддын 29-июлунан тартып;
-Тюмень областынын Ханты-Мансы автономиялык округунун аймагында Сургут-Уренгой темир жол линиясынын участогундагы курулушта иштешкен темир жол аскерлеринин аскер бөлүктөрүндө 1977-жылдын 4-июлунан тартып;
-Байкал-Амур темир жол магистралынын курулушунда иштешкен аскер бөлүктөрү менен аскер бирикмелеринде, мурдагы СССРдин Коргоо министрлигинин ишканалары менен уюмдарында — 1979-жылдын 23-августунан тартып;
-Байкал-Амур темир жол магистралынын жасалма курулуштарын кайтаруу кызматын аткарышкан ички аскерлердин аскер бөлүктөрү менен бөлүкчөлөрүндө жана аталган магистралга жанаша жайгашкан райондордун мамлекеттик коопсуздугун камсыз кылышкан коопсуздук органдарында — 1980-жылдын 28-февралынан тартып;
-чындалган райондордогу согуштук расчеттордун курамында коргоо позицияларында күжүрмөн нөөмөт кызмат атткарышкан аскер кызматкерлерине — 1980-жылдын 1-январынан тартып;
-Чернобыль АЭСиндеги авариянын залалдарын жоюуга жана адамдар көчүрүп кеткен зонада айлана-чөйрөнү бузулуудан сактоого байланыштуу иштерде — 1988-жылдын 1-январынан 1990-жылдын 31-декабрына чейин;
-мурдагы РСФСРднн Кара топурак эмес зонасында автомобиль жолдорунун курулушунда жана реконструкнняла-нышында иштешкен жол-курулуш бөлүктөрүндө жана аларды камсыз кылуучу бөлүктөрдө 1988-жылдын 1-апрелинен тартып;
-коомго каршы массалык ээнбаштыктага байланыштуу өзгөчө кырдаалдарда коомдук тартипти сактоо жана мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тапшырма аткарышкан аскер бирикмелеринде, аскердик бѳлүктѳрдѳ жана бѳлүкчөлөрдѳ — Кыргыз Республикасынын коргоо министри, Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетгин Тѳрагасы аныктоочу убакыттарда;
-түзөтүү-эмгек мекемелеринде (ушул пункттун «в» кичине пунктунун тогузунчу абзацында кѳрсөтүлгѳндѳрдѳн бѳлѳктѳрүндө), тергөѳ изоляторлорунда, транзиттик-сүргүн пункттарында, дарылоо-эмгек профилакторийлеринде жана эркинен ажыратуу жайларындагы дарылоо мекемелеринде аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасы, катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга — 1992-жылдын 20-июлунан баштап;
-жарылуу коркунучун туудурган заттарды жана колго жасалган жарылуучу түзүлүштѳрдү диагностикалоо, дүрмѳтүн алып салуу. эвакуациялоо жана жок кылуу боюнча түздѳн-түз иштерде — Кыргыз Республикасынын Коргоо миннстри аныктаган бѳлүктѳр менен кызмат орундарынын тизмеси боюнча 1993-жылдын 1-февралынан тартып;
-авиациялык маршруттарда такай жашыруун корреспонденция жеткирген кызматтарда — календардык бир жылда ЗО дан кем эмес учуп барып келсе (тигил же бул жагына) — 1993-жылдын 1-февралынан тартып;
-коопсуздук органдарынын уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга жана контрабандага каршы күрѳшүү боюнча бѳлүктѳрүндѳ жана уюшкан кылмыштуулук, коррупция боюнча интерди териштирүүчү тергѳөчү ошондой эле штаттагы жашырын кызматкерлерге болуп иштегендер үчүн улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Тѳрагасы бѳлүктѳрдүн тизмеси кызмат орундары жана шарттар боюнча аныктаган мѳѳнѳттѳрдѳн баштап;
-Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аскердик чалгындоо органдарынын бөлүмдөрүндө - бөлүмдөрдүн, кызмат орундарынын тизмелери боюнча жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министри аныктачу шарттарда
-терроризмге каршы күрөш жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын органдарындагы оперативдүү курамдын , ал эми терроризмге каршы күрөшүүчү улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин иштеген жылдары 1991-жылдын 31-декабрынан баштап эсептелет кызматкерлерине
-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сакчылык кызматынын бөлүктөрүндө 1992-жылдын 16-сентябрынан баштап
-Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Башкы чек аралык күзөт башкармалыгынын аскердик кошуундарында кызмат өтөөдө (мөөнөттүү кызматтын аскер кызматкерлеринен башка) - 1999-жылдын 28-майынан баштап;
- Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын аскердик түзүмдөрүндөгү кызматта (мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынан тышкары) - 2006-жылдын 22-майынан;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын бөлүмчөлөрүнүн, бөлүктөрүнүн жана органдарынын кызматында (мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринен тышкары) - 2009-жылдын 22-октябрынан тартып
- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын аскердик кошуундарынын кызматында (мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынан тышкары) 2002-жылдын 1-октябрынан баштап;
-баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын подразделениелеринде оперативдүү жана тергөө курамынын кызматкерлерине - 2003-жылдын 17-июнунан тартып;
- уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүндө кызматка.
-1991-жылдын 1-сентябрынан тартып Мамлекеттик өрткө каршы кызмат органдарында кызмат өтөгөн
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин деңиз деңгээлинен 2000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан бөлүкчөлөрүндө, бөлүктөрүндө жана органдарында 2010-жылдын 16-июлунан тартып (мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынан башка);
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин чек ара аскерлеринин деңиз деңгээлинен 2000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан бөлүкчөлөрүндө, бөлүктөрүндө жана органдарында 2010-жылдын 17-декабрынан тартып (мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынан башка);
– жазык-аткаруу системасынын органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн прокуратура органдарында кызматта – 2006-жылдын 19-июнунан тартып.
д) (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августу N 495, 2011-жылдын 4-ноябры N 700 токтомдорунун редакциясына ылайык д- пунктчасы күчүн жоготту).
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-августундагы № 530, 2004-жылдын 28-майындагы № 404, 2004-жылдын 13-июлундагы № 528, 2005-жылдын 29-сентябрындагы № 460, 2005-жылдын 9-декабрындагы № 568, 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 219, 2006-жылдын 2-августундагы № 553, 2006-жылдын 23-октябрындагы № 745, 2007-жылдын 3-июлундагы № 260, 2008-жылдын 17-июнундагы № 305, 2010-жылдын 12-январындагы № 3, 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2015-жылдын 23-мартындагы № 136, 2016-жылдын 30-июнундагы № 369,2017-жылдын 12-апрелиндеги № 213 токтомдорунун, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 470 токтомунун редакциясында)
4. Ушул Жобонун № 4 тиркемесинде кѳрсѳтүлгѳн бөлүктөрдө жана кызматтарда иштеген жылдары жеңилдетилген шарттарда эсептелинет.
5. Улуттук коопсуздуктун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тейлеген аскер бѳлүктѳрү менен аскер бирикмелеринин өдүк курамы менен бирдей шартта кызмат ѳтѳшкөн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын аскердик контрчалгындоо органдарынын аскер кызматкерлеринин кызматын пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдарга ошол аскер бѳлүктѳрү менен бирикмелеринин аскер кызматкерлериникиндей эле жеңилдетилген шартта жана алардыкындай эле тартипе кошуу белгиленсин;
Иштеген жылдарга жеңилдетилген шарт менен кошулуучу согушуп жаткан армиянын аскер бѳлүктѳрунүн, штабдар менен мекемелеринин аскер кызматкерлери үчүн, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында кызмат ѳтѳшкѳн же туткунда болгон аскер кызматкерлери үчүн, Чернобыль АЭСиндеги авариянын залалдарын жоюу боюнча иштерге катышкан же кылмыш жообуна негизсиз тартылышкан же негисеиз репрессияланган аскер кызматкерлери үчүн кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳттѳрдѳн бѳлѳк кыска мѳѳнѳттүү аскердик чыныгы кызмат пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдарга календарлык эсептѳѳ жолу менен кошулат.
Чыныгы аскердик кызматка солдат, матрос, сержант жана старшина катары ѳз ыктыяры менен кабыл алынган аялдарга ушул Жобонун 3-пунктунун «а» жана «г» кичнне пункттарында жана 4-пунктунда кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳттөрдү пенсия дапындоо үчүн иштеген жылдарга тиешелүү жеңилдетилген шарт менен кошуу 1976-жылдын 5-августунан тартып эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-сентябрындагы № 460 , 2016-жылдын 30-июну № 369 токтомдорунун редакциясына ылайык)
6. Иштеген жылдарга жеңилдетилген шарт менен мѳѳнѳт кошуу үчүн бир эле кызмат мѳѳнетүнүн ичинде эки же андан кѳп негиздер болсо иштеген жылдарга мѳѳнѳт кошуу үчүн эң кѳп жеңилдик берилген бир эле негиз алынат.
7. Кызматтан бошонушкан аскер кызматкерлеринин, ичк иштер органдарынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар жазык-аткаруу системасы, соттолгондор менен камакка алынган адамдарды кайтаруу жана конвойго алуу боюнча атайын бөлүмдөр, катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдардын пенсиясы ушул Жобонун 8 жана 9-пункттарында белгиленген акчалай маянанын негизинде эсептелип чыгарылат жана акчалай маяна пенсияны эсептеп чыккан же аны кайтадан эсептеп чыккан учурда ушул жобонун 10-пунктунда белгиленген тартипте аныкталуучу тамак-аш паегунун бир айлык наркынын ошол күндѳгү абалына индексацияга) жараша жогорулатылып эсептеле тургандыгы белгиленсин. Ошону менен бирге маянанын жана пенсия чектелген же ал кайтадан эсептеп чыгарылган, мыйзам боюнча белгиленген эсептешүү көрсөткүчү он беш эсе ашпаган тамак-аш паегунун ошол күндѳгү бир айлык наркынын бѳлүгүнүн суммасы пенсия чектѳѳдѳ толугу менен эске алынат, ал эми калган бөлүгү — 50 процент ѳлчѳмүндө эске алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-июлундагы № 351, 2002-жылдын 20-августундагы № 572, 2003-жылдын 11-марты № 113, 2004-жылдын 28-майындагы № 404, 2005-жылдын 9-декабрындагы № 568 , 2005-жылдын 21-декабрындагы № 599 токтомдорунун редакциясына ылайык)
8. Пенсияны ушул жобонун 11-пунктунда белгиленген тартипте эссептеп чыгууда эске алынуучу маянага тѳмѳнкүлѳр кошулуп эсептелсин:
а) аскер кызматынан бошонгон аскер кызматкерлерине (ушул пункттун «в», «г» жана «д» кичине пункттарында кѳрсѳтүлгѳндѳрдѳн бөлөк) — акыркы ээлеген штаттык кызматы боюнча айлык ажысы, кызматтан бошонгон күндѳгү аскердик (же атайын) наамы боюнча айлык акысы жана иштеген жылдары үчүн ушул айлыктардан эсептелип чыгарылган проценттик кошумча акча.
Ден соолугунун абалына же жашына байланыштуу учкучтук кызматтан, суу алдында жүрүүчү кайыктардан (суу алдында жүрүүчү крейсерлерден), суу алдында жүрүүчү атомдук кораблдерден (анын ичинде суу үстүндѳ жүрүүчү атомдук кораблдерди жана суу алдында жүрүүчү атомдук крейсерлерди тейлеген коопсуздук органдарынын офицерлерине жана курулуп жаткан крейсерлердин экипаждарынын жана экинчи экипаждарынын офицерлерине дагы) жана мина жардыруучу кемелерден кызмат эсептик көрсөткүчү кызматтарга которулган офицерлерге которулган күнү иштеген жылдары үчүн пенсия алууга укуктуу болсо, .кийин алар аскердик кызматтан бошонгон учурда пенсиясы аталган которулууга чейин алар ээлеп турган штаттык кызматы боюнча маянасынын негизинде чектелиши мүмкүн. Ден соолугунун абалына же жашына байланыштуу кызматтын кызыкчылыгы үчүн аскердик кызматтан бошонушкан полковник наамындагы, ага тете жана андан да жогорку наамдагы офицерлерге мурда үч жылдан кем эмес ээлеп келген кызматтан кызматтык эсептик көрсөткүчү кызматка которулган учурда иштеген жылдары үчүн пенсия алууга укуктуу болсо, пенсиясы жогорудагыдай эле тартипте чектелиши мүмкүн.
б) ички иштер органдарынан, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, жазык-аткаруу кызматтан бошонгон катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарга (ушул пункттун «д» кичине пунктунда аталгандардан бөлөк) — акыркы штаттык кызматы боюнча айлык акысы (ушул кичине пункттун экинчи абзацы эске алынат), кызматтан бошонгон күндѳгү атайын наамы боюнча айлык акысы жана иштеген жылдары үчүн ушул аймактардан эсептелип чыгарылган проценттик кошумча акча.
Милициянын полковниги, финансы полициясынын полковниги, атайын байланыш кызматынын директору, ички кызматтын полковниги, юстициянын полковниги жана андан жогорку наамдардагы, үч жылдан кем эмес ээлеп келген кызмат ордунан кызматтын кызыкчылыгы үчүн, ден соолугунун абалы же жаш курагы боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин, финансы полициясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисин, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисин, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тейлеген мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча кызматтык эсептик көрсөткүчү кызматка которулган, которуу күнүнө карата иштеген жылдарынын саны иштеген жылдары боюнча пенсияга чыгууга укук берген жетекчи курамдагы адамдарга алар кийин кызматтан бошонгондо пенсиясы алар ушул көрсөтүлгөн которууга чейин ээлеп турган штаттык кызмат орундагы маянасы боюнча эсептелсе болот;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин, финансы полициясынын полковниги, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын төрагасы, Кыргыз республикасынын Юстиция министри, Кыргыз Республикасынын Баңги заттарга контролдук кылуу боюнча агентствонун директору чечими менен ден соолугунун абалына же жашына байланыштуу кызматтын кызыкчылыгы үчүн мурда үч жылдан кем эмес ээлеп келген кызматтан кызмат эсептешүү көрсөткүчү кызматтарга которулган жетекчилик курамдагы. милициянын полковниги, ички кызматтын полковниги, юстициянын полковниги баңги заттарды контролдоо боюнча кызматтын полковниги наамындагы жана андан да жогорку наамдагы адамдарга алар которулган күнү иштеген жылдары үчүн пенсия алууга укуктуу болсо, кийин алар кызматтан бошонгон учурда пенсиясы аталган которулууга чейин алар ээлеп турган штаттык кызматы боюнча маянасынын негизинде чектелиши мүмкүн.
в) асксрдик — билим берүү мекемелеринде окууну бүтүргѳндѳн кийин же запастан чакырылгандан кийин штаттык кызматка келгенге чейин чыныгы аскердик кызматтан бошонгон офицерлерге — алар үчүн чектелген кызмат айлыгы, аскердик наамы боюнча айлыгы жана, эгерде аскер кызматкери алууга укуктуу болсо, иштеген жылдары үчүн ушул айлыктардан эсептелип чыгарылган проценттик кошумча акча;
г) аскердик кызматтан бошонушкан, суу алдында жүрүүчү атомдук крейсерлерден, суу алдында жүрүүчү атомдуккайыктардан жана суу алдында жүрүүчү атомдук энергетикалык кошумча түзүлүштѳр менен жабдылган дизелдик кайыктардан аларга тең маанилүү башка кемелерге, кайыктарга жана жээктеги аскердик бѳлүктѳргѳ кызмат айлыгы сакталуу менен которулушкан мичмандарга, мѳѳнѳттѳн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине — сакталып калган мурдагы кызмат айлыгы, бошонгон учурда берилген аскердик наамы боюнча айлыгы жана иштеген жылдары үчүн ушул айлыктардан эсептелип чыгарылган проценттик кошумча акча;
д) мамлекеттик бийликтин жогорку органдарында, министрликтерде, администрациялык ведомстволордо, ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде иштѳѳ үчүн жиберилип, кызматтан бошотулган жана кызмат айлыгы менен бирге аскердик же атайын наамы боюнча айлык, иштеген жылдары үчүн проценттик кошумча акча алып жүргѳн офицерлерге, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасы, жетекчилик курамындагы адамдарга — бошотулган учурдагы кызмат айлыгы, аскердик же атайын наамы боюнча айлык жана ушул пункттун «а» жана «б» кичине пункттарында кѳрсѳтүлгѳн тартипте иштеген жылдар үчүн берилүүчү процентгик кошумча акча, муну менен бирге мамлекеттик бийликтин жогорку органдарындагы, министрликтердеги, мамлекеттик комитеттердеги, администрациялык ведомстволордогу, ишкана, уюм, мекемелердеги алар бошонгонго чейин ээлеп турган кызматтары бул адамдар кадры болуп турган органдарга кызмат айлыгы бирдей штаттык кызматтарга барабар болуп эсептелет.
Кызматтан бошонуу алдында ал ишке жиберилген органдагы, мамлекеттик бийликтин жогорку органдарындагы, миннстрликтеги, администрациялык ведомстводогу, ишканадагы, уюмдагы, мекемедеги кызматкерлер үчүн белгиленген тартипте жана ѳлчѳмдѳ эмгек акы алган адамдарга — тиешелүү түрдѳ кызматтарда турган офицерлер менен ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, жетекчилик курамындагы адамдар үчүн белгиленген окшош кызматтар боюнча кызмат айлыгы, бошонгон учурда белгиленген аскердик же атайын наам боюнча айлык жана иштеген жылдары үчүн ушул айлыктардан эсептелип чыгарылган проценттик кошумча акча.
е) пенсияны тариздөөгө укуктуу прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө пенсияны тариздеген учурда ээлеген кызмат оруну боюнча маянасы, пенсияны тариздеген күнгө ээ болгон атайын класстык чини (аскердик наамы) үчүн үстөк, кызматтык маянасынан эсептелген иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-июлундагы № 296, 2005-жылдын 9-декабрындагы № 568, 2005-жылдын 21-декабрындагы № 599, 2006-жылдын20-январы № 32, 2007-жылдын 11-майындагы № 171, 2008-жылдын 14-июлундагы N 376, 2015-жылдын 23-марты № 136, 2016-жылдын 30-июну № 369 токтомдорунун редакциясына ылайык)
9. Кызматтан бошонуу алдында персоналдык кызмат айлыгын алып жүрүп же алыскы бийик тоолуу жерлерде кызмат кылгандыгы үчүн, ѳзгѳчѳ региондордо ѳзгѳчѳ милдеттерди аткаргандыгына байланыштуу жогорулатылган айлык акы алып жүрүп бошонгон аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга пенсия персоналдык же жогорулатылган кызмат акыдан эмес, кадимки айлык акыдан эсептелип чыгарылсын.
10. Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар соттолгондор менен камакка алынган адамдарды кайтаруу жана конвойго алуу боюнча атайын бөлүмчөлөр катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга ушул Жобонун 7-пунктунда белгиленген тартипте пенсия чектѳѳдѳ эске алуучу тамак-аш паегунун бир айлык наркы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн бул маселе боюнча тиешелүү Токтому менен бекитилген нормаларынын негизинде аныкталсын.
11. Каза болгон (ѳлгѳн) аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар соттолгондор менен камакка алынган адамдарды кайтаруу жана конвойго алуу боюнча атайын бөлүмчөлөр, катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдардын үй-бүлѳсүнүн пенсиясы үй-бүлѳнүн бaryyчусуна пенсия чектѳѳдѳ аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга ушул Жобонун 7-пунктунда белгиленген тартипте акчалай маянасы эске алына тургандыгы жана пенсияны эсептеп чыккан же аны кайтадан эсептеп чыккан учурда ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген тартипте аныкталуучу тамак-аш паегунун бир айлык наркынын ошол күндѳгү абалына (индексацияга) жараша акчалай маяна жогорулатылып эсептеле тургандыгы белгиленсин. Бул учурда ушул Жобонуну 8-пунктунун «a» кичине пунктунун экинчи абзацы жана «б» кичине пунктунун экинчи абзацы колдонулбайт.
Аталган аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын атайын байланыш кызматынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдардын арасынан өлгѳн пенсионерлердин үй-бүлѳлѳрүнүн пенсиясы үй-бүлѳнүн багуучусунун пенсиясы эсептелип чыгарылган же кайтадан эсептелип чыгарыла турган акчалай маянасынын суммасынан эсептелип чыгарылат (ушул Жобонун 7— 9-пункттары) жана үй-бүлѳгѳ пенсия чектеген же аны кайтадан эсептеп чыккан күнү аныкталуучу тамак-аш паегунун бир айлык наркынын абальна жараша бул акчалай маяна жогорулатылып (индексацияланып) эсептелет (ушул Жобонун 10-пункту).
12. Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигине мүчѳ мамлекеттердин жана башка мамлекеттердин кызматтан бошонушкан аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасы, катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга ошондой эле аталган аскер кызматкерлеринин, катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдардын үй-бүлѳлѳрүнѳ Кыргыз Рсспубликасында пенсия чектѳѳдѳ же пенеиясын кайтадан тѳлѳй баштаганда, эгерде алар менен ортосунда социалдык камсыздоо жѳнүндѳ тиешелүү келишимдер (макулдашуулар) болсо, аларга пенсиялар кызматтар окшош болгон учурларда, башка тең шарттарда жана ушул Жобонун 7—11-пункттарында кѳрсѳтүлгѳн тартипте аныкталуучу тамак-аш паегунун бир айлык наркы бирдей болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тиешелүү категориядагы аскер кызматкерлери, ички иштер органдарнын, салык органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, соттолгондор менен камакка алынган адамдарды кайтаруу жана конвойго алуу боюнча атайын бөлүмдөр, катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдар үчүн белгиленген акчалай маянанын суммасынан эсептелип чыгарылсын.
13. Мыйзамдарда каралган учурларда жашоо чыгымдарынын кѳбѳйүшүнѳ же кызмат аткарып жатышкан аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдардын акчалай маянасынын кѳбѳйүшүнѳ байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Аскер кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо» жѳнүндѳ Мыйзамына ылайык чектелген пенсияларды тѳмѳндѳгүдѳй тартипте кайтадан карап чыгуу белгиленсин:
а) жашоо чыгымдары ѳскѳн учурларда кызматтан мурда бошонушкан аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлѳлѳрүнѳ чектелген пенсиялар компетенттүү мамлекеттик органдар аныктаган жашоо чыгымдарынын тиешелүү мезгилдин ичиндеги индекси эске алынып. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн калктын акчалай кирешелерин индексациялоо жѳнүндѳ нормативдик актыларында белгиленген тартипте, белгиленген ѳлчѳмдѳ жана анда кѳрсѳтүлгѳн убакытта кѳбѳйтүлѳт;
б) кызмат аткарып жатышкан аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарыньн, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар соттолгондор менен камакка алынган адамдарды кайтаруу жана конвойго алуу боюнча атайын бөлүмчөлөр, катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдардын акчалай маянасы жогорулатылса, кызматтан мурда бошонушуп пенсияга чыккан аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарьшын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдардын жана алардын үй-бүлѳлѳрүнүн пенсиялары, эгерде тиешелүү ушул категориядагы аскер кызматкерлернне, катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдардын акчалай маянасынан бирдей шарттарда эсептелип чектелген пенсияларынан төмөн болуп калган учурларда, ушул пункттун «а» кичине пунктуна ылайык индексация (жогорулатуу) эске алынып, бир эле мезгилде алардын пенсиялары да жогорулатылат. Муну менен бирге, эгерде кайтадан карап чыгуу үчүн негиздер болсо, мурда аларга дайындалган пенсиялар ушул Жобонун 7—12-пункт-тарында кѳрсѳтүлгөн тартипте аныкталуучу акчалай маянанын суммасына жана акчалай маяна кѳбѳйгѳн күндѳгү абалга жараша аныкталуучу тамак-аш паегунун бир айлык наркына жараша мыйзамда каралган нормалар боюнча кайтадан эсептеп чыгарылат. Пенсия чектөѳдѳ толук эске алынуучу акчалай маянанын жана тамак-аш паегунун бир айлык наркынын суммасы, ошондой эле тиешелүү учурларда пенсияга кошулуучу кошумча акчанын жана жогорулатылган акчанын ѳлчөмдөрү мыйзам боюнча белгиленген күнү пенсияны кайтадан эсептеп чыккан учурдагы эсептик көрсөткүчү жараша аныкталат.
Кызматтан бошонушкан аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарьшын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлѳлѳрүнѳ чектелген пенсияларды кайтадан карап чыгуу ушул пункттун «а» жана «б» кичине пункттарында кѳрсѳтүлгѳн эки негиз болсо пенсияны карап чыгуу ушул эки негиздин бири боюнча — мурда чектелген пепсияны кѳп жогорулатууга боло турган негиз боюнча — мурда чектелген пенсияны кѳп жогорулатууга боло турган негиз боюнча жүргүзүлѳт.
Айрым аскep кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдын кызмат айлыгы инфляцияга байланыштуу эмес, алардын акчалай маянасын жѳнгѳ келтирүү максатында жогорулатылган учурда, кызматтан мурда бошонушкан тиешелүү категориядагы аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдардын жана алардын үй-бүлѳлѳрүнүн пенсиялары ушул пункт боюнча кайтадан карап чыгууга кирбейт.
13-1. Мыйзамдарда каралган учурларда жашоо наркын (минималдык керектөө корзинасын) же кызматтык маянаны, атайын класстык чинге үстөк акыны жана кызмат өтөп жаткан прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыны, "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды жогорулатуу кайра каралууга тийиш деп белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июну № 421, 2016-жылдын 30-июну № 369 токтомдорунун редакциясына ылайык)
14. Мурда чектелген пенсияларды анын ѳлчѳмүнүн кѳбѳйүшүнѳ байланыштуу кайтадан эсептеп чыккан учурларда (майыптык группасыньн жогорулангандыгына, иштеген жылдарынын кѳбѳйгѳндүгүнѳ, кошумча акча кошулгандыгына ж. б. байланыштуу) ушул Жобонун 7-пункту эске алынып кѳбѳйтүлгѳн (индексацияланган) - тиешелүү кошумча акчадан эсептелип чыгарылган алардын пенсиясынын жаңы ѳлчѳмү ушул Жобонун 13-пунктунун «а» кичине пунктунда кѳрсѳтүлгѳндѳй азыркы шарттарда индексацияланып (жогорулатылып) эсептелип чыгарылган ѳлчѳмдѳн аз болуп калса, пенсиянын ѳлчѳмүн пенсионер аны кѳбѳйтүү боюнча жаңы укуктарга ээ болгонго чейин мурдагы калыбында калтыруу керек.
Аскер кызматкерлерине запаста жүргѳндѳ берилген кезектеги аскердик наам мурда чектелген пенсияны кайтадан карап чыгуу үчүн негиз боло албайт.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июну № 421 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Кызматтан бошонуп жаткан аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар жетекчи жана катардагы курамындагы адамдарга эс алууда берилүүчү бир жолку жардам, пайдаланылбаган отпуск үчүн акчалай компенсация төлөө Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү 1992-жылдын 26 июнунда бекитип, кийин оңдоолор киргизилген № 302/6 «Аскер кыаматкерлеринин акчалай маянасы жѳнүндѳ Жобонун» талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
Ички иштер органдарына, кызматка которулганына байланыштуу чыныгы аскердик кызматтан бошонгон аскер кызматкерлерине жана ички иштер органдарынан, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар чыныгы аскердик кызматка алынган ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар жетекчи жана катардагы курамдагы адамдарына бир жолку же эс алууда берилчү жардам тѳлѳнбѳйт:
Ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар кызматтан жаш курагына, оорусуна, штат кыскарганына же ден соолугунун жараксыздыгына байланыштуу пенсияга укук берилбестен, бошотууда бир жолку пособие төлөө менен бошотулган офицердик курамдагы адамдарынын, ошондой эле орто, жогорку жана эң жогорку жетекчи курамдагы адамдарынын аскердик же атайын наам боюнча маяналары бошотулган күндөн баштап бир жылга чейин төлөнөт.
Ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар аскер кызматкеринин атын булгаган жоругу үчүн, же жасаган кылмышы үчүн кызматтан бошотулган аскер кызматкерлерине, ошондой эле катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарына бир жолку пособие төлөнбөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 22-февралындагы № 88 2002-жылдын 20-августундагы № 572, 2003-жылдын 11-марты № 113, 2004-жылдын 28-майындагы № 404, 2005-жылдын 9-декабрындагы № 568, 2005-жылдын 21-декабрындагы № 599 токтомдорунун редакциясына ылайык)
16. Аскер кызматкерлеринин, прокурорлор жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, финансы полициясы, жазык-аткаруу системасы, наркотиктерге контролдук кылуу боюнча органдарынын, атайын байланыш кызматынын катарындагы жана жетекчилик курамдагы иштебеген пенсионерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө төмөнкүдөй жөлөкпулдар төлөнсүн:
Жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөп берүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- бала төрөлгөндө - эсептешүү көрсөткүчүнүн 7 эсе өлчөмүндө;
бала төрөлгөндө - баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү (же ЖААК органынан берилген баланын төрөлгөн фактысын тастыктоочу маалымкат);
- үй-бүлө мүчөсү каза болгондо сөөк коюуга - ЖААК органынан берилген (N 8 формадагы) каза болгондугу тууралуу маалымкат.
Эгерде бала төрөлгөн күндөн тартып жана үй-бүлө мүчөсү каза болгон күндөн баштап 6 айдан ашпаган убакытта кайрылса жөлөкпулдар дайындалат жана төлөнөт.
Жөлөкпулдарды төлөөдө доонун эскиргендиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.
- алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгондо сөөк коюуга эсептешүү көрсөткүчүнүн 7 эсе өлчөмүндө.
Аскер кызматкерлеринин, прокурорлор жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар жетекчи жана катардагы жана жетекчи курамынын ичиндеги пенсионер каза болгондо, каза болгон адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнүнө же аны көмгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган өлчөмдөгү сөөк коюу боюнча жардам акча төлөнүп берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июну № 421, 2016-жылдын 30-июну № 369 токтомдорунун редакциясына ылайык)
17. Кызматтан жашы боюнча же ооруга байланыштуу бошогон, 25 жыл же андан көбүрөөк иштеген, улуу жана эң жогорку офицерлердин, прокурорлор жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар улуу жана эң жогорку курамдагы адамдарынын ичиндеги пенсионерлер каза болгондо, эгер алардын үй-бүлөсүнүн аскер кызматкери, катардагы жана жетекчи курамдагы адам өлгөндө алардын үй-бүлөсүнө берилүүчү, мыйзамда аныкталган, көбүрөөк өлчөмдөгү камсыздоо суммасын жана бир жолку жардамы алуу укугу жок болсо, анда багуусунан ажырандыкка байланыштуу пенсия чектелген – чектелбегенине карабастан бир жолку жардам: аялына- багуучусунун үч айлык пенсиянын өлчөмүндө, пенсионердин эмгекке жараксыз ар бир үй-бүлө мүчөсүнө-пенсионер каза болоор учурда алып жаткан бир айлык пенсиянын өлчөмүндө төлөнүп берилет.
Ушул пунктта каралган бир жолку жардамдын өлчөмүн аныктоодо, жардамды алууга укуктуу үй-бүлө мүчөлөрүнө булар кирет: аялы, жаш курагына жана эмгекке жарактуулугуна карабастан; 18ге чыга элек балдары, жана 18ге чыга электе майып болгон, жашы 18ден жогору балдары, же багуучусу өлгөн учурда окуу жайлардын күндүзгү бөлүмүндө окуп жаткан, жашы 23кө чыга элек балдары; өлгөн адамдын багуусунда болгон, жалпы белгиленген пенсиялык жаш курагына же майып ата-энелер.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июну № 421 , 2016-жылдын 30-июну № 369 токтомдорунун редакциясына ылайык)
18. Каза болгон пенсиядагы аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар жетекчи жана катардагы курамындагы адамдардын аялдары багуучусунан ажырагандыкка байланыштуу пенсия албаса (өзүнѳ же балдарына), жана алардын аскер кызматкерлери, прокурорлор жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү, катардагы жана жетекчи курамдагы адам каза болгондо үй-бүлѳсүнѳ берилүүчү, мыйзамда аныкталган, кѳбүрѳѳк ѳлчѳмдѳгү камсыздоо суммасын жана бнр жолку жардамды алуу укугу жок болсо, багуучунун каза болоор учурда алып жаткан бир айлык пенсиясынын ѳлчѳмүндѳгү бир жолку жардам акча берилет.
19. Ушул Жобонун 15-пунктунда каралган жардам акчалар Кыргыз Реепубликасынын Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, финансы полициясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын байланыш кызматы, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органы, баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, улуттук коопсуздуктун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аражаттарынын эсебинен тѳлѳнѳт (ушул пункттун 2-абзацында каралгандардан башкасы), ал эми Ушул Жобонун 16-пунктунда каралган жөлөкпулдар — аскер кызматкерлерин, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар жетекчи жана катардагы курамындагы адамдарды жана алардын үй-бүлѳсүн пенсиялык камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен бѳлүнүүчу каражаттардын эсебинен берилет.
Офицердик курамдагы жана ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар ортоңку, улук жана эң жогорку жетекчи курамындагы адамдар запаска же отставкага бошоноордун алдында чыныты аскердик кызматта же Ички иштер министрлигинин кадрлыгында калуу менен тийиштүү министрликтерде, администрациялык ведомстволордо, мекемелерде жана уюмдарда иштеген болсо, бул Жобонун 15-пунктунда каралган бир жолку жана эс алууда берилчү жардам акча алар иштеген министрликтин, ведомствонун, мекеменин жана уюмдун каражатынын эсебинен тѳлөнѳт. Кыргыз Республикасынын Коргоо мннистрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тейлеген мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же улуттук коопсуздуктун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аркылуу каржыланбачу башка аскердик кошуундардын аскер кызматкерлерине берилчү мындай жардамдар да ушул эле тартип боюнча тѳлѳнѳт.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-августунун № 530, 2005-жылдын 16-июлундагы № 296, 2005-жылдын 16-июлундагы № 296, 2005-жылдын 29-сентябрындагы № 460, 2005-жылдын 9-декабрындагы № 568, 2005-жылдын 21-декабрындагы № 599, 2006-жылдын20-январы № 32, 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 219, 2006-жылдын 12-июну № 421, 2006-жылдын 2-августундагы № 553, 2007-жылдын 11-майындагы № 171, 2008-жылдын 14-июлундагы N 376, 2010-жылдын 28-январы N 40, 2011-жылдын 4-ноябры N 700, 2015-жылдын 23-марты № 136, 2016-жылдын 30-июну № 369 токтомдорунун редакциясына ылайык)
20. Офицердик курамдагы адамдарды, прапорщиктерди, мичмандарды жана мѳѳнѳтүнѳн тышкары кызматтагы аскер кызматкерлерин,, прокурорлорду жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүн, ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар жетекчи жана катардагы курамындагы адамдарды жана алардын үй-бүлѳсүн пенсиялык камсыздоо тѳмөнкүдѳй жүргүзүлѳру аныкталсын:
Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аталган мамлекеттик органга ведомстволук караштуу аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына, аскердик прокуратура жана сот органдарына, ошондой эле бул аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө;
Кыргыз Республикасынын ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын, салык полициясы органдарында кызмат өтөө убактысы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар жетекчи жана катардаы курамдагы адамдардын жана алардын үй-бүлѳсүн камсыздайт;
Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, улуттук коопсуздук органдарынын, Улуттук коопсуздуктун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аталган мамлекеттик органга тиешелүү аскердик түзүлүштѳрдүн, жана ал аскер кызматкерлердин үй-бүлѳсүн камсыздайт;
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Сакчылык башкармасы башкарманын аскер кызматкерлерин жана алардын үйбүлѳсүн камсыздант.
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тейлеген мамлекеттик орган тарабынан жазык-аткаруу системасынын органдары, баңги заттарды контролдоо боюнча органдар менен мекемелеринин жетекчи жана катардагы курамындагы адамдарына, аскер кызматларына жана алардын үй-бүлөлөрүнө карата
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы, Финансы полициясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы атайын байланыш кызматынын жетекчилик жана катардагы курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата.
улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери кошуундарынын аскер кызматчыларына, ошондой эле ал аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрүнө карата.
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган башкаруучу жана катардагы курамынын адамдарына жана, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга контролдук кылуу боюнча агентствосу тарабынан.
Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан;
Өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнүн жана өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аппаратынын аскер кызматчыларына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата;
транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органатайын байланыш кызматы атайын байланыш кызматынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата;
(КР Өкмөтүнүн 1998 жыдын 1-декабрындагы № 779, 2002-жылдын 16-январындагы № 27, 2003-жылдын 11-марты № 113, 2003-жылдын 19-августунун № 530, 2004-жылдын 28-майындагы № 404, 2005-жылдын 16-июлундагы № 296 , 2005-жылдын 29-сентябрындагы № 460, 2005-жылдын 9-декабрындагы № 568, 2005-жылдын 21-декабрындагы № 599, 2006-жылдын20-январы № 32, 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 219, 2008-жылдын 14-июлундагы N 376, 2010-жылдын 28-январы N 40, 2011-жылдын 4-ноябры N 700, 2015-жылдын 23-марты № 136, 2016-жылдын 30-июну № 369, 2016-жылдын 15-августу № 442, 2017- жылдын 6-сентябры №547 токтомдорунун редакциясына ылайык)
21. «Аскер кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо жѳнүндѳгү» Кыргыз Республикасынын кабыл алынган Мыйзамына байланыштуу пенсия укугуна ээ болгон аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарына жана аларды үй-бүлѳсүнүн мүчѳлѳрүнѳ пенсия ушул Мыйзам күчүнѳ кирген күндѳн гана чектелери аныкталсын.
22.(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июну № 369 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
| Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасы, катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлѳсүнѳ иштеген жылдарын эсептѳөнүн, пенсия пособие дайындоонун жана тѳлѳѳнүн тартиби жѳнүндѳ Жобого № 1 ТИРКЕМЕ |
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 572, 2004-жылдын 28-майындагы № 404 токтомунун редакциясына ылайык)
Мурдагы СССРдин, бир айлык кызмат — эки айлык кызмат катары жеңилдетилген шартта эсептелчү алыскы жерлери:
Куриль аралдарында жана Беринг деңизинин аралдарында — 1945 -ж. 14-сентябрынан баштап;
Охот деңизинин аралдарында жана Моржовец аралында—1949-ж. 25-июнунан баштап;
Тундүк Муз океанынын аралдарында — 1954-ж. 30-августунан баштап;
Архангельск областында Ненец автономиялуу округунун Тундүк алкактан түндүгүрѳѳк жактарында — 1949-ж. 25-июнунан баштап;
мурдагы Коми АССРинде Түндүк алкактан түндүгүрѳѳк жактарында — 1949-ж. 25-июнунан баштап;
Тюмень областында Ямалы-Ненец автономиялуу округунун Түндүк алкактан түндүгүрѳѳк жактарында; Салехард шаарынын Салехард ш. эл депутаттар Кеңешинин администрациялык карамагындагы аймактары менен кошо — 1949-ж. 25-июнунан баштап;
Красноярск крайында Таймырь (Долган-Ненец) автономиялуу округунда; Эвенкия автономиялуу округунун жана Турухан районунун Түндүк алкактан түндүгүрѳѳк жактарында — 1949-ж. 25-июнунан баштап;
Магадан областында Чукот автономиялуу округунда жана Түндүк-Эвенк районунун мурда Камчатка областынын Коряк автономиялуу округуна кирген аймактарында — 1945-ж. 14-сентябрынан, ал эми Магадан областынын калган аймактарында — 1949-ж. 25-июнунан баштап;
Камчатка областында — 1945-ж. 14-сентябрынан баштап; Хабаровск крайынын Охотск, Аяно-Майск жана Тугур-Чумикан районунда — 1949-ж. 25-июнунан баштап.
Мурдагы СССРдин, бир айлык кызмат — бир жарым айлык кызмат катары жеңилдетилген шартта эсептелчү алыскы жерлери:
Мурманск областында — 1949-ж. 25-июнунан, ал эми Мурманск шаарында — 1951-ж. 30-апрелинен баштап;
мурдагы Карель АССРинин Беломор, Калевала, Кемский, Костомукша (1), Лоух, Медвежьегорский, Муезерский, Сегежск жана Суояров районунда — 1989-ж. 1-январынан баштап;
Архангельск областында Виноградовский, Лещуконский, Мезенский, Новодвинский (2), Пинежский, Онежский, Плесецкий, Приморский, Соловецкий (2) жана Холмогар райондорунда, Архангельск жана Онега, Северодвинск шаарларында Северодвинск шаардык эл депутаттар Кеңешинин администрациялык карамагындагы аймакта, Ненец автономиялуу округунда Түндүк алкактан түштүгурѳѳк жактарда — 1988-ж. 1-январынан баштап;
мурдагы Калмык АССРинде Октябрь районунда — 1988-ж. 1-январынан баштап;
мурдагы Коми АССРинде (ушул тизменин 1-бѳлүмүндѳ кѳрсѳтүлгѳндѳн башка жерлерде) — 1988-ж. 1-январынан баштап;
Тюмень областында Ямала-Ненец автономиялуу округунда (ушул тизменин 1-белүмүндѳ кѳрсѳтүлгѳндѳн башка жерлерде) 1969-ж. 7-авгусутунан баштап; ал эми Ханты-Мансы автономиялуу округунуда — 1988-ж. 1-январынан баштап;
Алтай Крайында мурдагы Тоолуу-Алтай автономиялуу областынын Онгудай, Усть-Канский, Усть-Коксинский, Ула-дан жана Шебалинский райондорунда — 1988-ж. 1-январынан баштап;
Томск областында Александровский, Бакчарский, Верхнекестский, Каргасокский, Колпашевский, Кривошеинский, Молчановский, Парабельский, Тугельдетский жана Чаинский райондорунда, Колпашево Стрежевой шаарларында, Томск районундагы Итатка кыштагында — 1988-ж. 1-январынан баштап;
Красноярск крайында Эвенк автономиялуу округунун жана Турухан районунун Түндук алкактан түштүгүрѳѳк жактарычда Тундүк-Енисей районунда — 1969-ж. 7-августунан баштап, ал эми Богучанский, Енисей, Кежем жана Мотыгин-кий райондорунда, Енисейск жана Лесосибирск шаарла-рында Лесосибирск шаардык эл депутаттар Кеңешинин администрациялык карамагындагы аймакта — 1988-ж. 1-январынан баштап;
мурдагы Тува АССРинде — 1988-ж. 1-январынан баштап; '
Иркутск областында Катанг районунда — 1969-ж.7-августунан баштап, ал эми областтын калган жерлеринде — 1985-ж.. 1-январынан баштап;
мурдагы Якут АССРинде (ушул тизменин 1-бѳлүмүндѳ кѳрсѳтүлгѳндѳн башка жерлерде) — 1969-ж. 7-августунан баштап;
мурдагы Бурят АССРинде, Чита жана Амур областтарын-да — 1985-ж. 1-январынан баштап;
Приморье крайында Терней районунун Самарга дарыясы-нан түндүктөгү жактарында — 1949-ж. 25-июнунан, ал эми крайдын калган жерлеринде — 1985-ж. 1-январынан баштап;
Хабаровск крайында Ванин, Николаев, Советтик Гавань жана Ульинский райондорунда, Николаевск-на-Амуре жана Советтик Гавань шаарларында — 1949-ж. 25-июнунан баштап, ал эми крайдын калган жерлеринде — 1985-ж. 1-январынан баштап;
Сахалин областында Сахалин аралында — 1945-ж. 14-сентябрынан, ал эми Монерон аралында — 1980-ж. 1-ноябрынан баштап;
мурдагы Абхаз АССРинде Гульрипеш районунун Абанагдар кыштагында — 1988-ж. 1-январынан баштап;
мурдагы Азербайжан ССРинин мурдагы Нахичеван АССРинин Апшерон районундагы Гюздек, Перекишкүл жана Ситалчай кыштактарында, Астар шаарында жана Астар районунун Тангеруд кыштагында, Жалилабад районунун Пришиб шаарында, Кубатлы районунун Хандык кыштагында, Кюрдамир районунун Кюрдамир шаарында, Масаллы шаарында, .Масаллы районунун Кызылагадзе кыштагында, Нефтечалинск районунун Банк кыштагында, Физули районун Физули ш.—1988-ж. 1-январынан -баштап;
мурдагы Казак ССРинин Ленинск шаарында — Ленинск шаардык эл депутаттар Кеңешинин администрациялык карамагындагы аймакта—1988-ж. 1-январынан баштап;
Актѳбѳ областында Байганин жана Мугоджар райондорунда — 1988-ж. 1-январынан баштап;
Алма-Ата областында Жамбыл, Иле, Кеген, Нарынкол, Талгар, Уйгур жана Энбскши Казак райондорунда— 1985-ж, 1-январынан тартып, ал эми калган аймактарында (Алма-Ата ш. тышкары) 1988-ж. 1-январынан баштап;
Чыгыш-Казакстан областында Зайсан, Катон-Карагай, Курчум, Маркакол жана Тарбагатай райондорунда—1985-ж. 1-январынан баштап;
Гурьев областынын Махамбет районунда (3) — ,1985-ж. 1-январынан, ал эми областтын калган аймактарында — 1988-ж. 1-январынан баштап;
Жамбыл областында Курдай -(4), Моюнкум райондорунда жана Жанатас шаарында — 1985-ж. 1-январынан, ал эми Талас, Свердловск жана Чүй райондорунда 1988-ж. 1-январынан баштап;
Жезказган областында Агадыр, Жездин райондорунда, Каражал шаарында жана эл депутаттарынын Жезказган шаардык Кеңешинин Жайрем кыштагында — 1985-ж. 1-январына, ал эми областтын калган аймактарында — 1988-ж. 1-январынан баштап;
Караганды областында Мичурин жана Каркарали (5) райондорунда — 1985-ж. 1-январынан. ал эми Егиндибулак жана Нурин райондорунда—1988-ж. 1-январынан баштап;
Кызыл-Ордо областында Чийли районунда — 1985-ж. 1-январынан, ал эми областтын калган райондорунда — 1988-ж. 1-январынан тартып;
Кѳкчөтоо областында Володар районунда — 1985-ж. 1-январынан баштап;
Мангистау областында Ералиев районунда, Новый Узгень, Форт-Шевченко жана Шевченко (6) шаарларында — 1985-ж. 1-январынан, ал эми Бейнеу жана Мангистау райондорунда — 1988-ж. 1-январынан баштап;
Павлодарь областынын Май районунда — 1988-ж. 1-январынан баштап;
Семей областынын Аксуат, Аягуз, Жармин, Маканчин, Чубартау райондорунда жана Аягуз шаарында — 1985-ж. 1-январынан, ал эми Аба, Бескарагай, Жанасемей (Семипалатинск ш. кошулбайт) жана Таскескен райондорунда — 1988-ж. 1-январынан баштап;
Талды-Курган областында Алакѳл, Андреев, Бурлутѳбѳ, Гвардия (7), Капал, Киров, Сарканды, Талды-Коргон (Талды-Коргон ш. кошулбайт), Панфилов райондорунда жана Текели шаарында — 1985-ж. 1-январынан баштап;
Тургай ооластында Державин жана Жаксын райондорунда (8) — 1985-ж. 1-январынан, ал эми Аркалык (9) шаарында (9) — 1988-ж. 1-январынан баштап;
Урал областында Жангалы, Тайпак жана Урдин райондорунда — 1988-ж. 1-январынан баштап;
Целиноград областында Селетин жана Вишневский райондорунда — 1985-ж. 1-январынан, ал эми Кургальжин (10) жана Целиноград районунда (Целиноград ш. кошулбайт) — 1988-ж. 1-январынан баштап;
Чимкент областында Сузак, Сарыагач районунда жана Түркстан шаарында — 1985-ж. 1-январынан, ал эми Сарыагач шаарында — 1988-ж. 1-январынан баштап;
мурдагы Кыргыз ССРинде Ысык-Кѳл областынын Ак-Суу жана Жети-Ѳгүз райондорунда, Нарын областынын Ат-Башы районунда, Ош областынын Алай жана Совет райондорунда — 1985-ж. 1-январынан, ал эми Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунда (11), Чүй областынын Москва жана Панфилов райондорунда — 1988-ж. 1-январынан баштап;
мурдагы Тажик ССРинин Тоолуу-Бадахшан автономиялуу областында, Куляб областынын Дангари, Ленинград Москва жана Пархар райондорунда (12), Курган-Тѳбѳ областынын Жиликѳл, Кабоднен, Кумсангир, Шаартуз жана Ява райондорунда (12), Ленинабад областынын Чкалов шаардык эл депутаттар Кеңешинин Табошар кыштагында, Нуруек шаардык эл депутаттар Кеңешинин Пастакон кыштагында — 1985-ж. 1-январынан, ал эми республиканын калган айма-гында (Дүйшѳмбү ш. кошулбайт) — 1988-ж. 1-январынан баштап;
мурдагы Түркмѳн ССРинин Мары областында, Керки жана Чаршанги райондорунда, Керки шаарында жана Чарджоу областынын Чарджоу шаардык эл депутаттар Кеңешннин Нефтезаводск кыштагында, Ашхабад, Бахарден, Геок-Тепин, Каахки, Казанжик, Кызыл-Арват, Кызыл-Атрек, Красноводск, Серах жана Теджен райондорунда (13), Кызыл-Арбат, Красноводск, Небит-Даге, Теджен жана Челекен Щаарларында — 1985-ж. 1-январынан, ал эми республиканын калган аймагында (Ашхабат ш. кошулбайт) — 1988-ж. 1-январынан баштап;
мурдагы Ѳзбек ССРинин Бухара областындагы Каган районунун Кароолбазар шаарында, Кашкадарыя областынын Мубарек шаарында. Самаркан областынын Каттакурган жана Советабад райондорунда, Бухара областынын Зарафшан жана Үчкудук шарларында, Бухара областынын Үчку-дук шаардык эл депутаттар Кеңешинин Көкпатас кыштагында жана Зарафшан шаардык эл депутаттар Кеңешинин Бесапан кыштагында, Сурхандырая областындагы Ангор, Гагарин, Жаркоргон, Термез жана Шерабад райондорунда, Термез шаарында 1985-ж. 1-январынан, ал эми республиканын калган аймагында (Ташкен ш. кошулбайт) — 1988-ж. 1-январынан баштан;
мурдагы Казак ССРинин, Түркмѳн ССРиннн жана Азербайжан ССРинин администрациялык карамактарында болушкан Арал деңизинин жана Каспий деңизинин аралдарында — 1988-ж. 1-январынан баштап.
1) Костомукш району Калевала районунун курамынан бѳлүнгѳн.
2) Новодвинский жана Соловецкий райондору Приморье районунун курамынан бѳлүнүшкөн.
3) Мурдагы Балыкшы району Махамбет районунун курамына кирет.
4) Мурдагы Краногорский району Курдай районунун ку-рамына кирет.-
5) Каркаралы районунун Карагайлы кыштагы мурдагы Талды районунун курамында болчу.
6) Ералиев району, Новый Узень, Форт-Шевченко жана Шевченко шаарлары мурдагы Мангышлак областынын, курамында болушкан.
7) Гвардейский районунун курамына мурдагы Кербулак районунун аймагы кирет.
8) Державин жана Жаксын райондору да Целиноград областынын курамында болушчу.
9) Аркалык шаары да Кустанай областынын курамында болгон.
10) Караганды областындагы Тенгиз районунун аймагынын бир бѳлүгү мурда Кургальжин районунун курамында болчу.
11) Ысык-Көл областынын Ат-Башы району жана Ош областынын Тогуз-Торо району мурда Нарын областынын карамагында болушкан.
12) Куляб областынын Дангари, Ленинград, Москва жана Пархар райондору, Коргон-Тѳбѳ областынын Жиликѳл, Кабоднен, Кумсаңгир, Пянджа, Шаартуз жана Ява райондору мурдагы Хатлен областынын курамында болушчу.
13) Ашхабад району (мурдагы Гяур районунун аймагы менен кошо), Бахарден, Геок-Тепин, Каахки, Серах жана Теджен райондору мурда мурдагы Ашхабад областынын курамында болушкан, Казанжик, Красноводск райондору, Кызыл-Арват (мурдагы Кара-Кали районунун аймагы менен кошо) району жана Кызыл-Атрек району (мурдагы Гасан-Кулий районунун аймагы менен кошо), мурда мурдагы Красноводск областынын курамында болушкан, ал эми мурдагы Достдук району — Чарджоу областынын курамында болгон.
14) Зарафшан, Үчкудук шаарлары мурда мурдагы Навои областынын, ал эми кийин — Самаркан областынын курамында болушкан.
Эскертүү: Тизмеде кѳрсѳтүлгѳн тийиштүү райондордун аймагында жайгашып, областтык же республикалык баш ийүүдѳгү шаарларда кызмат ѳтѳгѳн аскер кызматкерлери пенсия чектѳе үчүн иштеген жылдарын эсептѳѳдѳ жалпы негиздеги жеңилдиктен пайдаланууга укуктуу (тизмеде каралгандан башка учурларда).
| Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасы, катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлѳсүнө иштеген жылдарын эсептѳөнүн, пенсия пособие дайындоонун жана тѳлѳѳнүН тартиби жѳнүндө Жобого 2 ТИРКЕМЕ |
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 572, 2004-жылдын 28-майындагы № 404 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Мурдагы СССРдин мамлекеттик чек арасынын Түндүк алкактан түндүгүрѳѳктѳ, мурдагы Түркмѳн ССРинде, Япон деңизинин жээгинде Находка ш. түндүктү карай Татар кысыгынын жана Охот деңизинин жээги боюнча, Чукот автономиялуу округунда, Камчатка жана Сахалин областтында, ошондой эле мурдагы СССРдин мурдагы Грузин ССРинин, Армян ССРинин, Азербайжан ССРинин, Тажик ССРинин, Кыргыз ССРинин, Казак ССРинин, Бурят АССРинин, Тува АССРинин, Тоолуу-Алай автономияулу областынын жана областынын деңиз деңгээлинен 1500 метр жана андан бийигирээк тоолуу райондордогу Мамлекеттик чек арасындаты заставалары, комендатуралары жана чек ара аскеринин аларга теңдештирилген бѳлүктѳрү (чек аралык посттор, техникалык байкоо посттору, кѳзѳмѳлдѳѳчү радиостанциялар жана кѳзѳмѳлдѳп — ѳткѳрүүчү пункттар).
Баренцев, Япон, Охот, Беринг деңиздеринде жана Тынч океанда кызмат кылган чек аралык кемелер жана катерлер.
Эскертүү: Эгер кѳрсѳтүлгѳн жерлердин айрымдарында 1945-ж. 14-сентябрынан кийин кызматты эсептѳѳнүн жеңилирээк шарттары аныкталса, ал жерлердеги чек аралык кызмат ошол жеңилирээк шарттарда эсептелет.
| Аскер кызматкерлерипе, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасы, катардагы адамдарга, алардын үй-бүлѳсүнѳ иштеген жылдарын эсептѳөнүн. пенсия, пособие дайындоонун жана төлѳөнүн тартиби жөнүндө Жобого № 3 ТИРКЕМЕ |
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 572, 2004-жылдын 28-майындагы № 404, 2005-жылдын 9-декабрындагы № 568 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. 1970-ж. 1-январына чйинки ѳтѳгѳн кызматтын бир айлык кызмат — эки айлык кызмат катары жеңилдетилген шартта эсептелчү жерлер жана мекемелер:
-Камчатка областы, Магадан областынын Түндүк-Эвенск районунун мурда Камчатка областынын Коряк автономиялуу округунун курамына кирген аймагы, Магадан областынын Чукотка автономиялуу округу, Курил аралдары жана Берингов деңизинин аралдары — 1945-ж. 14-сентяб-рындан баштап;
-Түндүк Муз океанында Чукотка жарым аралынан Канин жарым аралына чейин Түндүк алкак боюнча түштүк чек арага чейин, Тюмень областынын Ямала-Ненец автономиялуу округунун Салехард шаары жана Салехард шаардык эл депутаттар Кеңешинин карамагындагы аймак, Хабаровск крайынын Охот, Яян-Майск жана Тугур-Чумикан райондору жана Моржовец аралы — 1949-ж. 25-июнунан баштап (милициядан башкалар үчүн).
-мурдагы СССРдин Ички иштер министрлигинин Дальнострой системасында 1945-ж. 29-октябрынан (Ванино булунунда — 1947-ж. 17-февралынан) жана 1953-ж. 18-мартына чейин, ал эми СССРдин мурдагы Түстүү металлургия министрлигинин тармагында кызмат ѳтѳөнү уланткан Дальстройдун катардагы жана жетекчи курамындагы адамдар үчүн — мурдагы СССРдин Ички иштер министрлигинин кадрлыгынан бошонгонго чейин, бирок 1954-ж. 31-декабрына чейин гана;
-Магадан областы (Чукотка автономиялуу округунан жана мурда Камчатка областынын Коряк автономиялуу округунун курамына кирген Түндүк-Эвенск районунан тышкары) — 1953-ж. 17-декабрынан баштап;
-Печорск кѳмүр бассейни жанна Ухтинск комбинаты 1945-ж. 30-декабрынаи баштап тѳмѳнкү мезгилдерге чейин: Четки Түндүктүн районуна кирген аймактар жана аларга теңдештирилген жерлер— 1970-ж. 1-яварына чейин (бул датадан кийинки мезгилде Түндүк алкактан түндүгүрѳѳк аймактар гана эсептелет);
Четки Түндүктүн районуна кирбеген жана ага теңдештирилген жерлер — жеңилдиктер алынып салынган күнгѳ чейин, бирок 1959-ж. 1-июлунан кийин эмес;
-Түндүк-Печора темир жол магистралынын курулушу— 1948-ж. 29-апрелинен баштап тѳмѳнкү мезгилдерге чейин: Четки-Түндүктүн районуна кирген аймактарда жана аларга тендештирилген жерлерде — жеңилдиктер алып салынган күнгѳ чейин, бирок 1970-ж. 1-январынан кийин эмес (бул датадан кийинки мезгилде Түндүк алкактан түндүгүрөөк аймактарда гана эсептелет); Четки Түндүктүн районуна кирбеген жана ага теңдештирилген жерлерде—жеңилдиктер алып салынган күнгѳ чейин, бирок 1959-ж. 1-июлунан кийин эмес;
-Норильск комбинаты — 1945-ж. 1-июнунан баштап;
-№ 501 курулуш жана ГУЛЖДСтин Түндүктѳгү Темир жол курулуш башкармасы — 1947-ж. 22-апрелинен 1953-ж. 18-мартына чейинки мезгилде, ал зми № 501 курулушта жана ГУЛДЖСтин Түндүктѳгү Темир жол курулуш башкармасында иштөөсүн уланткан жетекчи жана катардагы адамдар үчүн — мурдаты СССРдин Ички иштер министрлигинин кадрлыгынан бошонгонго чейин, бирок 1954-ж. 31-декабрынан кийин эмес;
-№ 503 курулушта 1948-ж. 14-апрелинен 1953-ж. 18-мартына чейинки мезгилде, ал эми № 503 курулушта иштѳѳсүн уланткан жетекчи жана катардагы курамдагы адамдар үчүн — мурдагы СССРдин Ички иштер министрлигинин кадрлыгынан бошонгонго чейин, бирок 1954-ж. 31-декабрынан кийин эмес;
2. 1970-ж. 1-январына чейинки ѳтөгѳн кызматтын бир айлык кызмат — эки айлык кызмат катары жеңилдетилген шартта эсептелчү жерлер:
-Сахалин аралы — 1945-ж. 14-сентябрынан баштап;
-Приморье крайында Терней районунун Самарга дарыясынан түндүк жактагы аймагы. Хабаровск крайынын Ванин, Николаев, Советтик Гавань жана Ульче райондору, Николаевск-на-Амуре жана Советтик Гавань шаарлары, Мурманск областы (аймактык милициядан башкалар үчүн) — 1949-ж. 25-июнунан баштап, ал эми Мурманск шаарында — 1951-ж. 30-апрелинен баштап.
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 572, 2004-жылдын 28-майындагы № 404, 2005-жылдын 9-декабрындагы № 568 токтомдорунун редакциясына ылайык)
№4 тиркеме
(ЖАРЫЯЛООГО ЖАТПАЙТ)
Ушул тиркемеге КР Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык өзгөртүүлөр киргизилет 2004-жылдын 19-июлунун N 535, 2005-жылдын 16-июлундагы № 296, 2006-жылдын20-январы № 32, 2007-жылдын 11-майындагы № 171, 2008-жылдын 14-июлундагы N 376, 2011-жылдын 13-июну N 305, 2018-жылдын 22-январындагы № 47