Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 4-апрели № 125
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-июнундагы № 374 "Чоң-Кемин" улуттук мамлекеттик жаратылыш паркынын чек араларын өзгөртүү жөнүндө" токтомун жокко чыгаруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 93 токтомун жараксыз деп эсептее жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн берилген доо арыз Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Атаджанов Сабир Садыкжановичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Т. Беков |