Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 5-сентябры № 255
Кыргыз Республикасынын сот органдарында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы № 99 Декретин жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 130 Декретинин 4-пунктун жараксыз деп табуу жөнүндө "О.К.К.В." жоопкерчилиги чектелген коомдун, СЛ. Калимованын, Б.Л. Байгобыловдун, В.В. Баевдин жана башкалардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө каршы берген доо арызы каралгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекигилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун директорунун милдетин аткаруучу Осмоналиев Айбек Шермамбетовичке бардык соттук инстанциялардагы соттук жыйындарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өткөрүп берүү укугу менен ишеним кат берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин-министрдин милдетин аткаруучу |
Т. Беков |