РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 5-б («Жашыл жума - 2014» эл аралык көргөзмөсүнө айыл чарбалык жана кайра иштетилген экспорттук продукциялардын үлгүлөрүн даярдоону жана алдыга жылдырууну камсыздоо боюнча уюштуруу комитетинин бекитүү боюнча) буйругу

Редакция10.01.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 10-январы № 5-б

Берлин шаарында (Германия Федеративдүү Республикасы) 2014-жылдын 17-26-январында болуучу "Жашыл жума - 2014" жыл сайын өтүүчү эл аралык көргөзмөгө даярдануу жана айыл чарбалык продукцияларды өндүрүүчүлөрдүн ага катышуусун камсыздоо, ошондой эле кыргыз продукциясын дүйнөлүк рынокторго жылдыруу максатында:

1. "Жашыл жума - 2014" эл аралык көргөзмөсүнө айыл чарбалык жана кайра иштетилген экспорттук продукциялардын үлгүлөрүн даярдоону жана алдыга жылдырууну камсыздоо боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары - уюштуруу комитети) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Уюштуруу комитети:

- "Жашыл жума - 2014" көргөзмөсүнө катышуучу Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин курамын жана көргөзмөгө коюу үчүн алардын чыгарган товарларын логистикалоо үчүн сумманы аныктасын;

- "Жашыл жума - 2014" көргөзмөсүн уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн финансылык каражаттарды тартуу жөнүндө маселени эл аралык финансылык институттары жана бизнес-коомдоштуктары менен биргеликте иштеп чыксын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөргө көмөк көрсөтсүн:

- дипломатиялык каналдар боюнча "Жашыл жума - 2014" көргөзмөсүнө жиберилген товарларды тариздөөдөгү бажы жол-жоболорун жүргүзүүдө;

- Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги менен бирдикте "Жашыл жума - 2014" көргөзмөсүнүн катышуучуларын жайгаштырууда;

- "Жашыл жума - 2014" көргөзмөсүнө катышуучу Кыргыз Республикасынын ишкерлери үчүн визаларды тариздөөдө.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Жашыл жума - 2014" көргөзмөсүнө коюу үчүн экспорттук айыл чарбалык жана кайра иштетилген продукциялардын үлгүлөрүн - жүктү бажы чек арасында тариздөөдө ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен бирдикте аталган көргөзмөгө коюу үчүн чыгарылган продукциялардын, коштоочу техникалык документтеринин тариздөөдө жана берүүдө көмөк көрсөтсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен бирдикте аталган көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин катышуусу боюнча иштерди координациялоону камсыздасын.

7. Жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргыз Республикасынын айыл чарбалык жана кайра иштетилген продукцияларды өндүрүүчүлөрдүн "Жашыл жума - 2014" көргөзмөсүнө даярдык көрүүсүнүн жана катышуусунун жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын.

8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 5-б буйругуна тиркеме

"Жашыл жума - 2014" көргөзмөсүнө экспорттук айыл чарбалык жана кайра иштетилген  продукциялардын үлгүлөрүн даярдоону жана алдыга жылдырууну камсыздоо боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ

 

Узакбаев Чынгысбек Макишович

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Мүсүралиев Нурлан Жолдошбекович

-

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын кеңешинин төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча).

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Керималиев Жаныбек Калканович

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;

Исраилов Азысбек Асымканович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;

Нургазиев Рысбек Зарылбекович

-

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору (макулдашуу боюнча);

Шамкеев Бакытбек Абылкасымович

-

Кыргыз Республикасынын Соода өнөр-жай палатасынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Франк Эбингер

-

Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомдоштугунун Туруктуу экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү программасынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Узагалиева Асел Замирбековна

-

Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомдоштугунун "Туруктуу экономикалык. өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча);

Турдукулова Асел Бакаевна

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Америка департаментинин атташеси;

Кожоев Талантбек Көкүлбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин административдик колдоо башкармалыгынын начальниги;

Асылбеков Жумабек Асылбекович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг башкармалыгынын начальниги;

Беккулиева Анара Токтонбековна

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш өндүрүмдөрүнүн сапаты бөлүмүнүн башчысы;

Орозбеков Алымбек Асылбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестиция башкармалыгынын донордук жардамдарды координациялоо бөлүмүнүн башчысы;

Кудабаев Тынчтыкбек Зарылбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

Абдыкасым уулу Бегаалы

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик . бажы кызматынын Бажы. иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын бажылык контролдоо жана тариздөө башкармалыгынын бажылык контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору.