Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы N 609-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 13-январы № 8-б
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) бул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.".
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы бул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.;
- төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Ведомстволор аралык комиссиянын курамына коомдук уюмдардын жана бизнес-түзүмдөрдүн бешке чейинки өкүлдөрү, кеңеш берүүчү добуш укугундагы көз карандысыз эксперттер да кириши мүмкүн.
Аларды тандоо жана Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынына чакыруу тартиби каралуучу маселелердин тематикасына жараша Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан аныкталат.";
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системаланган реестрин (тизмесин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:
аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо";
1-пунктта:
биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары, бюджеттик мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды системалоо үчүн түзүлгөн консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет.";
2-пункттагы "Экономикалык жөнгө салуу" деген сөздөр "Экономика" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-пунктта:
экинчи абзацтагы "бирдиктүү системаланган тизмесин" деген сөздөр "бирдиктүү реестрин" деген сөздөргө алмаштырылсын, "бирдиктүү реестрин" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөтүүчү Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү системалоонун критерийлерин жана механизмдерин, ошондой эле аларды көрсөтүүнү жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;";
төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- жынысына, жаш курагына, ден соолугунун чектелгендигине, тилине, расасына, диний ишенимине, этностук таандыктыгына жана башка жагдайларга карабастан кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын тең укуктуулугунун, мүмкүнчүлүктөрүнүн жана жеткиликтүүлүгүнүн негизинде Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгууга көмөктөшүү.";
4-пунктта:
экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары, бюджеттик мекемелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын ведомстволук тизмелерин, алар Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине, Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине, ошондой эле акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча реестрине киргизилгенге чейин бул кызмат көрсөтүүлөрдүн пайдалуулугун жана коомго таңууланбагандыгын кароо;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү тиешелүү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине, ошондой эле акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлгөн муниципалдык кызматтардын кошумча реестрине киргизүү жөнүндө корутунду берүү;";
төртүнчү абзац "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жана муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын, "жана бюджеттик мекемелери" деген сөздөр ", бюджеттик мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары деген сөздөргө алмаштырылсын;";
бешинчи абзац "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жана муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын кароо жана жактыруу жөнүндө корутунду берүү.";
5-пунктта:
экинчи абзацтагы "жана бюджеттик мекемелеринен" деген сөздөр "бюджеттик мекемелеринен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча алынган материалдардын аныктыгын текшерүү максатында Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органына, бюджеттик мекемесине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына барууга демилге көтөрүүгө;";
төртүнчү абзацтагы "жана бюджеттик мекемелеринин" деген сөздөр "бюджеттик мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бешинчи абзацта "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жана муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын, "жана бюджеттик мекемелеринин" деген сөздөр "бюджеттик мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пункттун биринчи абзацындагы "анын орун басарларынын бири" деген сөздөр "анын орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"12. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү өздөрү өкүлдөрү болгон аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бул же тигил мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнө тиешелүү маселелерди кароодо добуш берүү укугуна ээ болбойт.";
13-пункт "органына" деген сөздөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына" деген сөздөр менен толукталсын;
14-пунктта:
биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"14. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги:";
экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзгөн жумушчу топторунун мүчөлөрүн методологиялык жетектөөнү, окутууну, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү маселелери боюнча, анын ичинде аларды стандартташтыруу маселелери боюнча нускамалык материалдарды иштеп чыгууну жана бекитүүнү уюштурат;";
үчүнчү абзацтагы "координациялайт" деген сөз "координациялашат" деген сөзгө алмаштырылсын, "органдарынын" деген сөздөн кийин "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзац "органдары" деген сөздөн кийин "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен толукталсын, "жүргүзөт" деген сөз "жүргүзүшөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук тизмелери боюнча корутундулардын долбоорлорун, Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизүү үчүн сунушталган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча корутундулардын долбоорлорун, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына карата корутундулардын долбоорлорун даярдашат жана Ведомстволор аралык комиссияга беришет;";
алтынчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмелеринин маалыматтык базасын түзүшөт жана жүргүзүшөт;";
жетинчи абзацтагы "жүргүзөт" деген сөз "жүргүзүшөт" деген сөзгө алмаштырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январдагы № 8-б буйругуна тиркеме |
Момуналиев Нурханбек Сакенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Шадыбеков Куванычбек Баймуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Новицкий Николай Иванович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Бакиров Жетиген Жокинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы; |
Курманова Айдай Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Кутманов Нурболот Осмонович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Халитов Михаил Гилфанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Тарбинский Олег Станиславович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча). |