Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-январы № 14-б
Кыргыз Республикасынын коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Аялдар, тынчтык, коопсуздук жөнүндө резолюциясынын талаптарына шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 78 "Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү тууралуу" токтомун көңүлгө жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1325-резолюциясынын талаптарына шайкеш келүүсүнө экспертиза жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга;
- министрликтерден, администрациялык ведомстволордон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн жана башка мамлекеттик органдардан зарыл болгон дайындарды жана маалыматтык материалдарды сурап алууга.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Аялдар, тынчтык жана коопсуздук жөнүндө 1325-резолюциясынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына эки айлык мөөнөттө экспертиза жүргүзсүн жана белгиленген тартипте зарыл документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-январындагы № 14-б буйругуна тиркеме |
Куйкеев Эрик Асанович | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Асанов Курсан Сатарович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Абдырахманов Кубанычбек Садыкович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башкы инспектору; |
Балтиева Виктория Геннадьевна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана илимий-техникалык маалымат башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Бейшеева Назгүл Дүйшөнбековна | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Быкын уулу Рысбек | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекетгик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги; |
Елиференко Александра Борисовна | - | Улуттук кеңештин мүчөсү, Кризистик борборлор ассоциациясынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Ешходжаева Анара Сагынбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Калмырзаева Чолпон Сарыкуевна | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин социалдык саясатты иштеп чыгуу боюнча иштерди талдоо жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Молдокулова Айнура Токторовна | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин укук камсыздоо башкармалыгынын бөлүмүнүн башкы адиси; |
Ниязова Анара Натуевна | - | көз карандысыз гендердик эксперт, "Инновациялык чечим" КБнын директоратынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Нарынбаева Гүлзия Таштанбековна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укук колдоо башкармалыгынын башкы адиси; |
Өмүралиева Рахат Курманбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин укук экспертиза бөлүмүнүн начальниги; |
Рыскулов Асхат Токтобекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл-аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин эл-аралык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы; |
Рыскулова Бүбүсара Рахматовна | - | "Сезим" кризистик борборунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Эшбаев Азамат Мамыралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү боюнча башкармалыктын адиси. |