Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 4-февралы № 25-б
2014-жылдын I кварталынын жыйынтыктары боюнча орто мөөнөттүү мезгилге жана келерки жылга Кыргыз Республикасынын макулдашылган макроэкономикалык болжолун даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 94-б буйругу менен түзүлгөн Финансылык программалоо боюнча техникалык топ 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык сценарийлерин (үчтөн кем эмес) белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун даярдоо боюнча:
- Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү болжолун түзүү үчүн базалык макроэкономикалык сценарийди тандоонун жана макулдашуунун тиешелүү негиздемеси менен 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык сценарийлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш тарабынан жактырылган базалык сценарийдин максаттуу орто мөөнөттүү макроэкономикалык параметрлеринин негизинде кызыкдар министрликтер жана администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолун түзүүгө киришсин;
- 2014-жылдын 20-февралынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомунун долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун даярдоо боюнча:
- 2014-жылдын I кварталынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыктарынын негизинде кызыкдар министрликтер жана администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте үч жылдык мезгилге Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жаңыланган болжолун, анын ичинде 2015-жылга карата Кыргыз Республикасынын бюджетинин болжолун түзүү үчүн келерки жылга болжолду түзүүгө киришсин;
- 2014-жылдын 1-июнунан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө" токтомунун долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- тармактык министрликтерге жана администрациялык ведомстволорго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына болжолдуу көрсөткүчтөрдү түзүү маселелеринде методологиялык колдоо көрсөтсүн.
3. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибинде каралган сунуштарга, бөлүмдөрдүн түзүмдөрүнө, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн тиркелген формаларына жана тизмесине ылайык зарыл болгон эсептөөлөр жана негиздемелери менен өнүктүрүүнүн тармактык программаларына негизделген болжолдуу экономикалык көрсөткүчтөрдү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине төмөнкү мөөнөттөрдө киргизсин:
- 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун даярдоо боюнча-2014-жылдын 1-февралынан кечиктирбестен;
- 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун даярдоо боюнча 2014-жылдын I кварталынын жыйынтыктарынын натыйжалары жөнүндө такталган/түзөтүлген керсөткүчтөрдү - 2014-жылдын 10-майынан кечиктирбестен.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11 -февралындагы № 32-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |