Загрузка документа…
(КР Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 323-б буйругуна ылайык Күчүн Жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 19-марты № 94-б
Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү артыкчылыктарын аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясынын (мындан ары - Өнүктүрүү стратегиясы) долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин координациялоосу менен эки жумалык мөөнөттө:
Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү концептуалдык көрүнүшүн жарандык сектордун бардык кызыкдар болгон тараптары менен кеңири талкуулоо боюнча коммуникациялык иш-чаралар графигин иштеп чыксын;
эл аралык жана улуттук эксперттерди тартуу менен Өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуучулардын төмөнкү багыттар боюнча тематикалык топторун түзсүн: мамлекеттик башкаруу, экономика, улуттук коопсуздук жана коргоого жөндөмдүүлүк, социалдык өнүктүрүү, экология, региондук туруктуу өнүктүрүү, өнүктүрүүнүн секторлор аралык сегменттери;
- 2014-жылдын 1-ноябрына чейин Өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- Өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштурууну жана координациялоону камсыз кылсын;
- Өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу графигин, түзүмдүн долбоорун жана тиркемелердин форматтарын, ошондой эле Өнүктүрүү стратегиясынын долбоорунун бөлүмдөрүн даярдоого стандарттуу талаптарды даярдасын;
- мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, илимий жана бизнес-коомдоштуктарды, жарандык секторду жана донордук коомдоштукту кошкондо, бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен Өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу процессинин айкындуулугун камсыз кылсын;
- жергиликтүү коомдоштуктарды кошкондо региондордун деңгээлинде өлкөнү узак мөөнөттүү туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук консультацияларды өткөрүүнү камсыз кылсын;
- эл аралык донордук уюмдардын колдоосу менен Өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгууга көз каранды эмес улуттук эксперттерди тартсын;
- 2014-жылдын 10-декабрына чейин Өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун коомдук талкуулоону уюштурсун;
- 2015-жылдын 31-мартына чейин Өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун жеткире иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талаптары боюнча керектүү маалыматтарды берип турушсун, ведомстволор аралык жумушчу топтун жана тематикалык топтордун ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун түзүү үчүн материалдарды даярдоонун сапатына жеке жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 94-б буйругуна тиркеме |
Сариев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Муканбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Нуралиев М.А. | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
Ишекеев Н.И. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Абдылдаев Д.Р. | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Суюмбаева П.У. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Эшенкулова Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Дуйшеев Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы; |
Калиев А.Р. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Жусубалиев Б.Б. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары; |
Султанов Ш.Г. | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары; |
Мамидинова Ч.К. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы; |
Белекова Б.Б. | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Абдылдаев Н.Т. | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Адамкулова С.Э. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Мамбетсеитов А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары; |
Байжуманов Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кадыркулов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Абдыкаимов О.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Абжапаров Т.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары; |
Абдыбалы тегин С. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Тарбинский О.С. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Пирназаров М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Убалиев Э.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Исабаева З.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Тургунбеков К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары; |
Шыйкымбаев С.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары; |
Борубаев С.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Исмаилов З.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары; |
Рыскулов У.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Рустамов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Мотукеев Б.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Исаев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Халитов М.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Каракулов Р.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары; |
Шаршеналиев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Султанов Дж.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Сатымбаев А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Дженалиев Н.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Жуманазаров Б.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Абдырахманов С.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Абдыраимакунова Ч.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Махаммадов А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Джаныбеков А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Урманбетов З.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Байгазаков А.Т. | - | Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Исмаилов М.А. | - | Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Омурзаков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары; |
Турсунова С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору (макулдашуу боюнча); |
Борубаев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти; |
Давлеталиев А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын биринчи вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Ибраев К.Э. | - | Кыргыз тоо-кен ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Тологонов Ф.Т. | - | Кыргыз Республикасынын "Легпром" жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча); |
Жокунов Н.Д. | - | Кыргызстандын ишкерлер союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Юлдашева А.У. | - | Кыргызстандын "Жер Азыгы" агробизнесмендер ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча). |
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |