РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 111-б (Ибраимов Жумабек Ибраимовичтин туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүшү боюнча) буйругу

Редакция28.03.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 28-марты № 111-б

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Ибраимов Жумабек Ибраимовичтин туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү максатында:

1. Ибраимов Жумабек Ибраимовичтин туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитети эки жумалык мөөнөттө эскерүү иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыгып, бекитсин жана аны ишке ашырууну камсыз кылсын.

3. Эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө байланышкан чыгымдар тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.

4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдына башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Биринчи вице-премьер-министрдин,

милдетин аткаруучу

Премьер-министрдин

милдети аткаруучу

 

 

 

Дж.К. Оторбаев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 111-б буйругуна тиркеме

Ибраимов Жумабек Ибраимовичтин туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларын  даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ

 

Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Раев Султан Акимович

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

 

 

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Исаков Эсенгул Байдалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Сакебаев Эркин Абдышевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Лаврова Ольга Владимировна

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин милдетин аткаруучу;

Сариев Темир Аргембаевич

-

Кыргыз Республикасынын экономика министринин милдетин аткаруучу;

Абдылдаев Эрлан Бекешович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу;

Садыков Канат Жалилович

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу;

Айдаралиев Талантбек Алимбекович

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу;

Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович

-

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу;

Омуралиев Талайбек Барктабасович

-

Кыргыз Республикасынын коргоо министринин милдетин аткаруучу;

Кулматов Кубанычбек Кеңешович

-

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Разаков Жениш Парпиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Жээнбеков Сооронбай Шарипович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Джээнбеков Жусупжан Амражанович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Каптагаев Эмилбек Саламатович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Курманалиева Койсун Аблабековна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кайыпов Аманбай

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Исаев Канатбек Кедейканович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Супатаев Тынарбек Усубалиевич

-

Чүй облусунун Кемин районунун администрация башчысы-аким;

Эркебаев Абдыганы Эркебаевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;

Султанов Семетей Алымбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Оторбаев Кубат Табылдиевич

-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Саалаев Жедигер Ибраимович

-

"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору-башкы редактор;

Слащева Тамара Михайловна

-

"Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору-башкы редактор;

Осмонов Манас Орозбаевич

-

"Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору;

Ибраимов Нурдин Жумабекович

-

Ж.И.Ибраимовдун уулу (макулдашуу боюнча);

Раматов Курманбек Раматович

-

шакирти (макулдашуу боюнча).