Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 18-апрели № 124-б
Көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер, кинорежиссер, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 16-майындагы № 3070-V "Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдык юбилейи жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып:
1. Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө мааракеге арналган иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлсүн.
4. Мааракеге арналган иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттеринин чектеринде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги №124-б буйругуна тиркеме |
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Талиева Камила Абдыразаковна | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Садырбаева Гүласал Садырбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Кулматов Кубанычбек Кеңешевич | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Разаков Жеңиш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джеенбеков Жусупжан Амражанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кайыпов Аманбай Кайыпович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Курманалиева Койсун Аблабековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Каптагаев Эмилбек Саламатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Исаев Канатбек Кедейканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Осмонов Абдрахман Куватович | - | Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Эргешов Алтынбек Калдарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы; |
Жакиев Бексултан Жакиевич | - | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев Кубат Табылдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Бектеналиев Мукталы Абдыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директору; |
Садык Шер-Нияз | - | Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Садырбаев Кубаныч | - | "Дооронбек Садырбаев" коомдук кайрымдуулук фондунун директору (макулдашуу боюнча). |