Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 16-майы № 161-б
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 54-б буйругунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында:
1. Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча Координациялык комитетти түзүү тууралуу меморандумунун долбоору 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Бишкек шаарында 2013-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча Координациялык комитеттин кыргыз бөлүгүнүн курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрине жогоруда аталган Меморандумга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
4. Координациялык комитеттин кыргыз бөлүгүнө төмөнкү укуктар берилсин:
- белгиленген тартипте министрликтердин, административдик ведомстволордун кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга;
- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды сурап алууга.
5. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет, ал эми 2 жана 4-пункттары жогоруда аталган Меморандумга кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу, Биринчи вице-премьер-министр |
Т.Сарпашев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-майындагы № 161-б буйругуна 2-тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 54-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Координациялык комитеттин кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Координациялык комитеттин кыргыз бөлүгүнүн төрагасынын орун басары.
Координациялык комитеттин кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары.".