Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 15-марты № 54-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2376-VI токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жана курамынын бекитилгенине байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-майындагы № 161-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча Координациялык комитеттин кыргыз бөлүгүнүн курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
"Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча Координациялык комитеттин кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Координациялык комитеттин кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Координациялык комитеттин кыргыз бөлүгүнүн төрагасынын орун басары.
Координациялык комитеттин кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары.".