РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-июнундагы № 212-б (Уюштуруу комитети түзүлүшү боюнча) буйругу

Редакция11.06.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 11-июну № 212-б

"Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин туулган күнүнүн 95 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкметү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Уюштуруу комитета тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитети 2014-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгып, бекитсин жана аны ишке ашырууну камсыздасын.

3. Мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.

4.Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жана билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын "11" июнундагы № 212-б буйругуна тиркеме

 

"Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын  эн жогорку артыкчылык даражасынын ээси, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин туулган күнүнүн  95 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды даярдоо жана  өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы

 

Сарпашев Тайырбек Дүйшөкеевич - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Ирсалиев Дүйшон Исмаилович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Талиева Камила Абдыразаковна - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин терагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Турсунбеков Чыныбай Акунович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Ниязалиева Дамира Абаскановна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Иманалиев Каныбек Капашович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Самаков Карганбек Садыкович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Бактыгулов Кадаңбай Бактыгулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары;

Эргешов Алтынбек Калдарович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;

Муратов Абдиманнап Аттокурович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;

Садыков Канат Жалилович - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Каптагаев Эмилбек Саламатович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Жээнбеков Сооронбай Шарипович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Джээнбеков Жусупжан Амражанович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Курманалиева Койсун Аблабековна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Разаков Жениш Парпиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулү;

Кайыпов Аманбай Кайыпович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Исаев Канатбек Кедейканович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кулматов Кубанычбек Кеңешович - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич - Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Шералиев Жылдызбек Кыдырмаевич - Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;

Оторбаев Кубат Табылдиевич - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Саалаев Жедигер Ибраимович - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору-башкы редактор;

Слащева Татьяна Михайловна - "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору-башкы редактор;

Бакашова Жылдыз Кемеловна - Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору;

Салымбеков Аскар Мааткабылович - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Исаков Марат Абдымажимович  - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Алымжанов Айбек Орозбекович - "Жандос" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).