Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 12-августу № 257
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 «Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык:
1. 2009-жылдын 24-августунан 2-сентябрына чейин (Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда) Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйыны жана кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын чыгыш бөлүгүндө чек аралык белгилердин так орнотулушун текшерүү өткөрүлсүн.
2. Аталган жолугушууга катышуу үчүн тартылган адамдарды кошкондо, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Аталган жыйынды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек араны делимитациялоого жана демаркациялоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы бул жолугушууну уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2009-жылдын 12-августундагы № 257
буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда 2009-жылдын 24-августунан
2-сентябрына чейин өткөрүлүүчү кезектеги жыйынга катышуу үчүн
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда
мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен
комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн
курамы
Аламанов С.К.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси; |
Цурков В.Е.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору, делегациянын жетекчисинин орунбасары; |
Абдрахманов А.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн референти; |
Алышбаев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчиорун басары;
|
Дисковский В.Л.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттиккартографиялык-геодезиялык кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Камбаралиев К.Б.
| - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Башкы штабынын Башкы оперативдүү башкармалыгынын чек араны күзөтүү жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери; |
Касымов Ч.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун биринчи орун басары; |
Мандычев Н.И.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын экспедиция начальниги; |
Миңбаев А.А.
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы.
|