Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 8-октябры № 300
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык:
1. 2009-жылдын 12-20-октябрында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) болуучу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кезектеги пленардык заседаниесине жана эксперттик топтордун жумушчу жолугушуусуна катышуу үчүн кыргыз делегациясы, анын ичинде тартылган адамдар тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | И. Чудинов |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2009-жылдын 8-октябрындагы
№ 300 буйругуна
тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын
ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча
Биргелешкен комиссиянын 2009-жылдын 12-20-октябрында
Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) болуучу
кезектеги пленардык заседаниесине жана эксперттик
топтордун жумушчу жолугушуусуна катышуу
үчүн кыргыз бөлүгүнүн
КУРАМЫ
Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору, делегациянын жетекчисинин орун басары;
Абдрахманов А.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн референти;
Асаналиев Е.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;
Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти;
Камбаралиев К.Б. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Башкы штабынын Башкы оперативдүү башкармалыгынын чек араны коргоо жана күзөтүү бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери;
Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргыз мамлекеттик "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун директорунун биринчи орун басары;
Катанаев А.Г. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары;
Мандычев Н.И. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын комплекстүү геодезиялык экспедициясынын начальниги;
Осипов С.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажы күзөтү башкармалыгынын башкы инспектору;
Чернявский В.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын комплекстүү геодезиялык экспедициясынын башкы инженери.