ЖарлыкКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелинен» Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» ПУ №116 Указы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 95 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2001-жылдын 5-апрели ПУ № 116

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын андан ары өркүндөтүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөгү тиркелген Жобо жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун башкаруу схемасы бекитилсин.

2. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндөгү тиркелген Жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда төраганын эки орун басары, анын ичинде бир биринчи орун басары, төраганы жана анын орун басарларын кошуп алганда башкарманын жети мүчөсү боло тургандыгы белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы эки айлык мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароого киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 24-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөгү" Указы күчүн жоготту деп табылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Акаев