Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 7-майы № 148-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-июлундагы № 299-б буйругунун редакциясына ылайык)
1916-жылдагы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча алдын-ала иштерди жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 24-октябрындагы № 3523-V "1916-жылдагы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып:
1. 1916-жылдагы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча алдын-ала иштерди жүргүзүү үчүн уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети эки айлык мөөнөттө ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарыльппын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Дж.Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 148-буйругуна тиркеме |
1916-жылдагы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Сариев Темир Аргембаевич | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Маматалиев Абдырахман Мадакимович | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Иманалиев Каныбек Капашович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы, уюштуруу комитетинин торагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Ниязов Фарид Абилезимович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, уюштуруу комитетинин торагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Урманбетов Замир Кылычбекович | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, уюштуруу комитетинин торагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Зулпукаров Торобай Закирович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Абдырахманов Омурбек | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Рыспаев Кожобек Джайчыбекович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Азыранкулов Айбек Джаныбекович | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри; |
Боронов Кубатбек Айылчиевич | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Кудайбердиев Абибилла Алымович | - Кыргыз Республикасынын Коргоо министри; |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; |
Турганбаев Мелис Токтомамбетович | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; |
Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматович | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы; |
Карыбаева Мира Аскеровна
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Шаикова Алина Кавылбековна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; |
Эргешов Алтынбек Калдарович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарынын рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы; |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Разаков Жениш Парпиевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Эгамбердиева Жумагуль Шариповна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Каптагаев Эмилбек Саламатович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кайыпов Аманбай Кайыпович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джуманазаров Байышбек Токтомушевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Каримбеков Алик Жолдошмаматович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
Муратов Абдиманнап Аттокурович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; |
Рыскулова Айгуль Маратбековна | - Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Ахмедов Орунбай Козубаевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору; |
Эркебаев Абдыганы | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; |
Карыпбеков Илим Майрамбекович | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Айтиева Максуда Жанибековна | - Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" -мамлекеттик телерадиоберуү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Балбаков Эрнис Тиленбекович | - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Слащева Тамара Михайловна | - "Слово Кыргызстана" басма үйунүн директору - башкы редактор; |
Рыскулов Акбар | - Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Осмонов Оскон Жусупбекович | - тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (макулдашуу боюнча); |
Беделбаев Аскарбек | - тарых илимдеринин • кандидаты, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана аймак таануу факультетинин деканы (макулдашуу боюнча); |
Тынчтыкбек Чоротегин | - "Мурас" тарыхий жана маданий мурастар фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Максутов Бактыбек | - "Айкөл Манас баяны" фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Турсунбек Акун | - Борбордук Азия өлкөлөрүнүн адам укуктары боюнча Конгрессинин координатору (макулдашуу боюнча); |
Токтогазиев Темирбек | - "Манас жаңырыгы" телеканалынын директору (макулдашуу боюнча); |
Абдырасаков Бейшенбек | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Маманов Рустам | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Ибраев Байтемир | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Усенов Медербек | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Рысалиев Кылыч Сатарович | - "Кыргыз эл" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Абыкеев Чолпонбек | - коомдук ишмер, жазуучу (макулдашуу боюнча); |
Мукамбетов Сабыр | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Нусупов Доолотбек | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-июлундагы № 299-б буйругунун редакциясына ылайык)