Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 18-февралы № 132
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 18-б буйругун аткаруунун жүрүшү жөнүндө маселени иликтөө максатында, ошондой эле Ош облусунун жерлерин берүү жана трансформациялоо менен байланышкан кырдаалга талдоо жүргүзүү үчүн:
1. Тиркемеге ылайык курамда комиссия түзүлсүн.
2. 2011-жылдын 18-22-февралында комиссия мүчөлөрү Ош шаарына жана Ош облусуна командировкага жиберилсин.
3. Комиссияга зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин ишке тартууга укук берилсин.
4. Комиссия 2011-жылдын 25-февралына чейинки мөөнөттө жасалган иштер жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигине берсин.
5. Командировка менен байланышкан чыгымдар командировкага жиберүүчү уюмдардын каражаттарынын эсебинен төлөнсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ш.Е.Атахановго жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| А.Атамбаев |
Тиркеме
Атаханов Ш.Е. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри комиссиянын төрагасы. |
Комиссия мүчөлөрү | ||
Бекенов М.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн башчысы; |
Молдошев З.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Токобаев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн инспектору; |
Калыбаев М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн эксперти; |
Айтбаев У.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруучулук-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Урманбетов Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруучулук-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Бусурманкулов Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруучулук-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Жакыпов Ж.Э. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Чоткараев Д.О. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары; |
Байзаков Ш.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Жунусов Б.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Турсунбаев Б. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги; |
Ташкараев У.К. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Укушев К.У. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы штабынын начальнигинин орун басары; |
Рахманов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматы башкармалыгынын начальниги; |
Адиев Т.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы жер кадастры жана жер жайгаштыруу башкармалыгынын начальниги; |
Арбаев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачысы. |