Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ
БУЙРУК
(КР Президетинин Аппаратынын Жетекчисинин 2012-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 26 буйругунун редакциясына ылайык)
2011-жылдын 14-февралы № 49
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктуна ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө Жобо;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндөгү Туруктуу өкүлү жөнүндө Жобо;
- коргоо жана коопсуздук бөлүмү жөнүндө Жобо;
- мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш боюнча бөлүм жөнүндө Жобо;
- этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмү жөнүндө Жобо;
- жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүм жөнүндө Жобо;
- (КР Президетинин Аппаратынын Жетекчисинин 2012-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 26 буйругу менен кγчγн жоготту)
- сот органдары бөлүмү жөнүндө Жобо;
- укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү жөнүндө Жобо;
- басма сөз-кызматы жөнүндө Жобо;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин канцеляриясы жөнүндө Жобо;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын катчылыгы жөнүндө Жобо;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссиянын катчылыгы жөнүндө Жобо;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын катчылыгы жөнүндө Жобо;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчиси жөнүндө Жобо.
2. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген жоболордон келип чыккан, анын ичинде ар бир кызматкердин функциялык милдеттерин аныктоо боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2009-жылдын 12-декабрындагы N 279 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2010-жылдын 25-октябрындагы N 295 буйругу.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарына жүктөлсүн.
5. Бул буйрук кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси: |
Э.Каптагаев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2011-жылдын 14-февралындагы № 49 буйругу менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Президенттин Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн функциялары
3. Президенттин Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укуктары
4. Кызматкерлер
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) таламдарын көздөйт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде (мындан ары - Жогорку Кеңеш) анын конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт.
2. Ыйгарым укуктуу өкүл өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Президенттин Аппараты жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Ыйгарым укуктуу өкүл Жогорку Кеңештин жыйналыштарына Президентинин атайын уруксатысыз эле катышат.
4. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери болуп Президент менен Жогорку Кеңешинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу саналат.
5. Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүл Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
6. Ыйгарым укуктуу өкүл төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) белгиленген тартипте Жогорку Кеңешинин жыйналыштарына, анын ичинде жабык жыйналыштарга, анын комитеттеринин, убактылуу комиссияларынын, депутаттык фракциялардын ишине катышат;
2) Президентинин ыйгарым укуктарына тиешелүү мыйзам долбоорлору боюнча Президенттин позициясын билдирет;
3) Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарга карата Президентинин каршы пикирлерин Президенттин тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин жыйналыштарына сунуш кылат;
4) Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорун кабыл алууда Президенттин позициясын билдирет;
5) Жогорку Кеңештеги мыйзам чыгаруу ишинин абалы жана анда каралып жаткан маселелер жөнүндө Президентине туруктуу, ал эми зарыл болгон учурда дароо маалымдайт;
6) шайлоо, бошотуу, макулдук берүү үчүн Президент киргизген талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуш кылат;
7) айрым жерлерге өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө; Кыргыз Республикасына баскынчылык кылуу же түздөн-түз кол салуу коркунучу пайда болгон учурда согуш абалын жарыялоо, аскердик абалды киргизүү жөнүндө Президенттин жарлыктарын Президенттин тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин кароосуна сунуш кылат;
8) Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйналышын чакыруу жөнүндө Президенттин сунуштарын, ошондой эле анда карала турган маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
9) зарыл болгон учурда Жогорку Кеңештин, комитеттердин жана фракциялардын жетекчилери менен консультацияларды жүргүзөт;
10) Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибине сунуштарды иштеп чыгууга катышат;
11) Жогорку Кеңеште кароо үчүн Президент тарабынан киргизилген докладдарды жана башка материалдарды даярдоого катышат;
12) комитеттердин, убактылуу комиссиялардын, депутаттык фракциялардын жана Жогорку Кеңештин жетекчилери менен Президенттин өз ара аракеттенүүсүн чыңдоого, жолугушууларын уюштурууга көмөк көрсөтөт;
13) Президент менен Жогорку Кеңештин өз ара мамилесине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна талдоо жасайт, зарыл болгон учурда тийиштүү сунуштарды киргизет;
14) Президенттин Жогорку Кеңештеги таламдарын билдирүүгө байланышкан башка функцияларды аткарат.
3. Президенттин Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым
укуктуу өкүлүнүн укуктары
7. Ыйгарым укуктуу өкүл өз функцияларын аткарууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Президент кайра кайтарган мыйзамдар боюнча каршы пикирлер менен тийиштүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) Президент четке каккан мыйзамдардын ченемдеринин макулдашылган редакциясын иштеп чыгуу процессине катышууга;
3) өз ишинин айрым багыттары боюнча эксперттик жана жумушчу топторду түзүүгө, ошондой эле өз функцияларын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн Президенттин Аппаратынын, башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын, ошондой эле мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуучуларды, илимпоздорду жана эксперттерди тартууга;
4) Президенттин Аппаратынын бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик органдардан белгиленген тартипте зарыл корутундуларды, материалдарды жана маалыматтарды суратууга жана алууга;
5) өз ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды алуу үчүн комитеттерге, убактылуу комиссияларга, депутаттык фракцияларга жана Жогорку Кеңештин Аппаратына кайрылууга;
6) Жогорку Кеңеште, Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө таркатылган зарыл материалдарды жана маалыматтарды алууга;
7) белгиленген тартипте маалыматтар банкынан, анын ичинде өкмөттүк маалыматтар банкынан, Президенттин, Өкмөттүн Аппаратынын, жана башка мамлекеттик органдарынын байланыш жана коммуникациялык системасынан, башка техникалык каражаттарынан пайдаланууга.
4. Кызматкерлер
8. Ыйгарым укуктуу өкүлдөгү эксперт-консультант жана эксперт ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
9. Эксперт-консультант:
1) ыйгарым укуктуу өкүл жок болгон учурда аны алмаштырат;
2) Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдар боюнча сунуштарды даярдайт;
3) ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин комитеттеринин, убактылуу комиссиялардын, депутаттык фракциялардын ишине катышат;
4) ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча Президент четке каккан мыйзамдардын ченемдеринин макулдашылган редакциясын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу комиссиясынын ишине катышат;
5) Президент, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары карай турган маселелерди даярдоого катышуу үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча зарыл болгон учурда алардын кызматкерлерин тартат;
6) ыйгарым укуктуу өкүл жок болгон учурда ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон кеңешмелерге катышат;
7) ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин чечимдеринин, докладдардын жана башка материалдардын долбоорлорун министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын өз убагында сунуш кылышын контролдойт;
8) мыйзамга ылайык жашыруундуулук режимин сактоону камсыз кылат.
10. Эксперт ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат, тапшырмаларды аткаруу, документтерди сапаттуу жана өз убагында даярдоо үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
11. Эксперт:
1) Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдар боюнча сунуштарды даярдайт;
2) ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин комитеттеринин, убактылуу комиссиялардын, депутаттык фракциялардын ишине катышат;
3) ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча Президент четке каккан мыйзамдардын ченемдеринин макулдашылган редакциясын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу комиссиясынын ишине катышат;
4) Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдерин жана башка материалдардын долбоорлорун иштеп чыгат жана даярдоого катышат.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2011-жылдын 14-февралындагы № 49 буйругу менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Туруктуу өкүлдүн функциялары
3. Туруктуу өкүлдүн ыйгарым укуктары
4. Туруктуу өкүлдүн ишин камсыз кылуу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө туруктуу өкүлү (мындан ары - туруктуу өкүл) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) менен өз ара тыгыз аракеттенүүсүн камсыз кылат жана анын конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт.
2. Туруктуу өкүл өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Президенттин Аппараты жөнүндө Жобону, Кыргыз Республикасынын башка актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Туруктуу өкүл Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
4. Туруктуу өкүл өз ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка органдар менен өз ара тыгыз аракетте Туруктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жүзөгө ашырат.
2. Туруктуу өкүлдүн функциялары
5. Туруктуу өкүл Президенттин атынан төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Президенттин Өкмөт менен натыйжалуу жана оперативдүү өз ара тыгыз аракеттенүүсүн камсыз кылат;
2) Президенттин сунуштарын, анын ичинде Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун Өкмөттүн жыйналыштарында киргизет;
3) Президентти Өкмөттө каралып жаткан маселелер жөнүндө үзгүлтүксүз маалымдайт;
4) Өкмөттүн жыйналыштарында каралып жаткан долбоорлор жана кабыл алынган чечимдер боюнча Президенттин негизделген ой-пикирин сунуштайт;
5) Өкмөттүн координациялык жана жумушчу органдарынын ишине катышат;
6) Президенттин тапшырмасы боюнча Өкмөт карап жаткан маселелер боюнча Президенттин позициясы жөнүндө Өкмөткө маалымдайт;
7) Өкмөттүн иш планы боюнча сунуштарды киргизет;
8) Президенттин Өкмөттөгү анын таламдарына өкүлчүлүк менен байланышкан башка тапшырмаларын аткарат.
3. Туруктуу өкүлдүн ыйгарым укуктары
6. Туруктуу өкүл ага жүктөлгөн функцияларды аткарууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Өкмөттүн жыйналыштарында, анын ичинде жабык жыйналыштарында, Өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине катышууга;
2) Президентке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган мыйзамдарга кол коюу же аларга карата каршы пикирди даярдоо боюнча сунуштарды даярдоого катышууга;
3) Президенттин Аппаратынын жана Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө таркатылган зарыл материалдарды жана маалыматтарды алууга;
4) өз ишинин айрым багыттары боюнча эксперттик жана жумушчу топторду түзүүгө, ошондой эле өз функцияларын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн илимпоздорду жана эксперттерди тартууга;
5) Президенттин Аппаратынын, Өкмөттүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу башка органдарынын маалыматтык банктары менен белгиленген тартипте пайдаланууга.
4. Туруктуу өкүлдүн ишин камсыз кылуу
7. Туруктуу Өкүлдүн иши эксперт-консультант тарабынан камсыз кылынат.
8. Туруктуу өкүлдүн сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалган жана кызмат ордунан бошотулган анын бир эксперт-консультанты бар.
Эксперт-консультант туруктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча анын карамагына кирген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат, тапшырмалардын аткарылышы, документтердин сапаты жана аларды өз убагында аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
9. Туруктуу өкүл жана эксперт-консультант мамлекеттик кызматчынын этика Кодексин сактоого, чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголгон сырларды сактоого милдеттүү.
10. Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Өкмөттүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары Туруктуу өкүлдүн суроо-талабы боюнча Президенттин иши жөнүндө, ошондой эле Өкмөт тарабынан каралып жаткан маселелер боюнча зарыл маалыматтарды жана материалдарды берет.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2011-жылдын 14-февралындагы № 49 буйругу менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын коргоо жана коопсуздук бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишмердигин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Президенттин Аппараты жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өз ишин бөлүмдүн компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен тыгыз өзара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча Президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу;
2) Президент үчүн коргоо жана улуттук коопсуздук маселелери, өзгөчө же аскердик абалды киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы катары чараларды, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча мыйзамда каралган башка чараларды көрүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу;
3) коргоо жана коопсуздук камсыз кылуу боюнча укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын ишин координациялоо боюнча Президент үчүн сунуштарды иштеп чыгуу;
4) Президент тарабынан аныкталган аскердик курулуш Концепциясынын чегинде укук коргоо органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ишин өркүндөтүү.
5. Бөлүм милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана коопсуздугун чыңдоо, мыйзамдуулукту сактоо жагында Президенттин саясатын аткаруу боюнча сунуштарды даярдоо, уюштуруу-практикалык чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;
2) Башкы прокуратура, Коргоо министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, УКМКнын Чек ара аскерлери менен талаптагыдай өз ара аракеттенүүнү жана ишин координациялоону камсыз кылат;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, башка аткаруу бийлик органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын долбоорлорун даярдайт;
4) жогорку аскердик жана атайын наамдарды, ардактуу наамдарды берүү, ошондой эле аскер кызматчыларын жана республиканын укук коргоо органдарынын, коргоо жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуш киргизет;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон Президентке, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине даректелген каттарды жана башка кайрылууларды карайт;
6) бөлүмгө жүктөлгөн функциялар жана милдеттер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;
7) коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу маселелерине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча корутундуларды даярдоого катышат;
8) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарлары кароодо зарыл болгон талдоо, аныктама жана башка материалдарды даярдоо.
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
6. Бөлүм алдыга коюлган милдеттерди жана функциялардын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) бөлүмдүн иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан жана башка юридикалык жактардан суратууга жана алууга;
2) жумушту топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык комиссиялардын ишине катышууга;
3) Президенттин Аппаратында документтер менен иштөөнүн Регламентин бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актылардын жана башка материалдардын долбоорлорун жеткире иштеп чыгуу жана тийиштүү органдар менен макулдашуу үчүн белгиленген тартипте министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго кайра кайтарууга.
7. Бөлүм:
1) коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча министрликтер, мамлекеттик комитеттер, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;
2) коопсуздук маселелери боюнча эл аралык уюмдардын уставдык органдары менен өз ара аракеттенет.
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
8. Бөлүмдүн кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.
Бөлүмгө башчы жетекчилик кылат, ал кызмат ордуна Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан дайындалат жана бошотулат.
Бөлүм башчынын орун басары болот, ал бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна тарабынан дайындалат жана бошотулат.
Сектор башчы бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна тарабынан дайындалат жана бошотулат.
Инспекторлор бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна тарабынан дайындалат жана бошотулат.
9. Бөлүмдүн кызматкерлери бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын билүүгө, мамлекеттик кызматчынын этикасын сактоого, кызматтык сырды жана жашыруундуулук режимин сактоого милдеттүү.
10. Бөлүм башчы бөлүмдүн ишине жалпы жетекчилик кылат, бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн жекече жоопкерчилик тартат. Бөлүм башчы:
1) бөлүмдүн кызматкерлеринин функциялык милдеттерин жана аткаруу үчүн келип түшкөн документтерди бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда бөлүштүрөт, зарыл болгон учурда шашылыш тартипте өзгөртүүлөрдү киргизет, талаптагыдай кызматтык тартипти камсыз кылат;
2) Президент, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары тапшырган маселелерди тез арада чечүү үчүн зарыл болсо укук коргоо жана күч органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерин чакыртат;
3) Президент, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары карай турган маселелерди даярдоого катышуу үчүн укук коргоо жана күч органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана башка органдардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча зарыл болгон учурда алардын кызматкерлерин тартат;
4) коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана укук коргоо органдардын ишин тескеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри менен өз ара аракеттенет;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентте, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон кеңешмелерге катышат;
6) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин ченемдик укуктук актыларын министрликтердин, мамлекеттик комитеттер менен администрациялык ведомстволордун аткарышына контролдукту камсыз кылат;
7) бөлүмдүн кароосуна түшкөн ченемдик укуктук актылардын, башка документтердин долбоорлоруна виза коет;
8) өз компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коет;
9) белгиленген тартипте бөлүмдүн кызматкерлерин сыйлыкка көрсөтөт, тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунуш киргизет;
10) бөлүмдүн компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
11. Бөлүм башчы бөлүмдө жашыруундуулук режимин камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ачыкка чыгарылбай турган маалыматтын ачыкка чыгып кетишине жол бербөө боюнча чараларды көрөт.
12. Бөлүм башчынын орун басары:
- бөлүм башчы жок учурда аны алмаштырат;
- тапшырмаларды аткаруу, бөлүм тарабынан документтердин сапаттуу жана өз убагында даярдоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча Президенттин жарлыктарынын жана буйруктарынын долбоорлорун киргизүүдө Президенттин Аппаратында документтер менен иштөө Регламентинин талаптарын сактоого контролдук кылат;
- бөлүмдө иш кагаздарын ишенимдүү жүргүзүүнү жана эмгек тартибин камсыз кылат;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын кароосуна келген ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбооруна экспертиза жүргүзөт;
- бөлүм башчы менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча бөлүмгө түшкөн материалдарды кызматкерлердин ортосунда бөлүштүрөт;
- бөлүм башчы жок учурда бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон кеңешмелерге катышат;
- бөлүм башчынын тапшырмасы боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды жана талдоо маалымкаттарын иштеп чыгат;
- жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенет.
13. Сектор башчы:
- сектордун ишине жетекчилик кылат, анын ишин уюштурат, анын алдына коюлган милдеттерге ылайык анын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
- сектордун иш чөйрөсүнө тиешелүү бөлүгүндө бөлүмдүн жалпы саясатын жана стратегиясын аныктоого жана жүзөгө ашырууга катышат;
- сектордун иш чөйрөсүнө кирген документтердин, башкаруу чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгууга жетекчилик кылат (иштеп чыгууга катышат);
- сектордун ишинин предмети болуп саналган маселелер боюнча мамлекеттик башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;
- сектордун ишин өркүндөтүү боюнча бөлүмдүн жетекчилигине сунуш киргизет;
- өзүнө баш ийгендерге буйрук берет жана алардын аткарылышын контролдойт.
14. Бөлүмдүн инспектору бөлүм башчынын, анын орун басарынын тапшырмасы боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген ыйгарым укуктарды жүргүзөт, тапшырмаларды аткаруу үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
Бөлүмдүн инспектору:
- тескеген багытына ылайык коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча талдоо материалдарын даярдайт;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин актыларын, ошондой эле Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларын министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун аткарышын контролдойт;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча докладдардын жана башка материалдардын долбоорлорун министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор өз убагында беришине контролдук жүргүзөт;
- бөлүмдүн жетекчилигинин тапшырмасы боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жыйналыштарга жана кеңешмелерге катышат;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл маалыматтарды, документтерди жана материалдарды мамлекеттик жана башка органдардан, мекемелерден, уюмдардан, кызмат адамдарынан суратат;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, даярдоого катышат;
- бөлүм тескеген мамлекеттик органдарга жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын карайт жана жоопторду даярдайт.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2011-жылдын 14-февралындагы № 49 буйругу менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш боюнча бөлүм (мындан ары бөлүм) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик кызмат жана кадр иши жагында бирдиктүү саясатты жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу менен байланышкан уюштуруу маселелерин чечүү маселелери боюнча ишмердигин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Президенттин Аппараты жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өз ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик башкаруунун сапатына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү, ошондой эле мамлекеттик кызматты жана кадр ишин бүтүндөй өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылуу;
2) жергиликтүү жамааттардын потенциалын күчөтүү жана жарандык коомдун институттарын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылуу:
3) республиканын региондорундагы социалдык-экономикалык абалды, коомдук-саясый кырдаалды иликтөө, жалпылоо жана кечиктирилгис чараларды кабыл алуу үчүн маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Президентине өз убагында жеткирүү:
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын жана тапшырмаларын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын буйруктарын жана тапшырмаларын аткарууну камсыз кылуу.
5. Бөлүм алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) мамлекеттик башкаруунун сапатына мониторинг жүргүзүү жана баа берүүнү жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине жана анын орун басарларына тийиштүү сунуштарды киргизет;
2) өлкөдө мамлекеттик башкаруу жана кадр саясатынын абалын, Президенттин Аппаратынын кызматчыларынын даярдык деңгээлин талдайт;
3) кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотууда материалдарды тариздейт, мамлекет башчысы тарабынан дайындалган жана макулдашылган кызмат адамдарынын мамлекеттик кызмат өтөшү менен байланышкан башка маселелерди чечет, алардын өздүк иштерин алып барат;
4) Президенттин Аппаратынын кызматчыларын даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат, алардын этикалык ченемдерди сакташы боюнча иш жүргүзөт;
5) жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү жана аларды таркатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылат;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин учурдагы, анын ичинде бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча анын келечектеги жана учурдагы иш пландарын даярдоо боюнча ишмердигин уюштурат;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин региондорду кыдыруусу боюнча даярдоо иштерин жүргүзөт;
8) жергиликтүү жамааттардын ролун жана ишмердигин талдайт жана алардын потенциалын күчөтүү жана жарандык коом институттарын андан ары өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине тийиштүү сунуштарды киргизет;
9) республикалык жана жергиликтүү бюджеттен күтүлгөн министрликтердин, ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдар менен мекемелердин ишине коомдук контролдуктун абалын талдайт;
10) өлкөнүн региондорундагы иштин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентин маалымат менен камсыз кылат;
11) өлкөнүн региондорундагы учурдагы коомдук-саясый кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентин маалымат менен камсыз кылат;
12) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын чечимдери менен тапшырмаларынын аткарылышынын сапатына контролдукту камсыз кылат;
13) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен жетекчи курамдагы жана жооптуу кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө окутуу, стажировкадан өткөрүү маселелери боюнча өз ара аракеттенет;
14) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы менен өз ара аракеттенет;
15) мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кадр ишинин тажрыйбаларын иликтейт, аларга иштиктүү жана усулдук жардам көрсөтөт.
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
6. Бөлүм ага жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын чечимдери менен тапшырмаларын аткаруунун жүрүшү жөнүндө белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат суратууга;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын чечимдери менен тапшырмаларын аткаруу боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына тийиштүү тапшырмаларды берүүгө;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин тапшырмалары боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүүгө;
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматтарын угууга;
5) бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелерди чечүүгө катышууга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларын, ошондой эле мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте тартууга;
6) министрликтердин, ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине жарандык сектор тараптан коомдук контролдукту күчөтүү максатында түзүлгөн коомдук байкоочу кеңештердин ишине мониторинг жүргүзүүгө.
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
7. Бөлүмгө башчы жетекчилик кылат, ал Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
8. Бөлүм башчынын орун басары болот, ал бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
9. Бөлүмдө кадрлар сектору бар, ага бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу сектор башчы жетекчилик кылат.
10. Бөлүмдүн эксперт-консультанттары, инспекторлор жана эксперттер бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
11. Бөлүмдүн кызматкерлери бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын билүүгө, мамлекеттик кызматчылардын этикасын сактоого, кызматтык сырды жана жашыруундуулук режимин сактоого милдеттүү.
12. Бөлүм башчы:
1) бөлүмдүн ишин уюштурат жана пландаштырат;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтер, ведомстволор, борбордук жана башка аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бөлүмдүн өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
3) Кыргыз Республикасынын Президенти жана Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары койгон тапшырмаларды жана милдеттерди аткарууну камсыз кылат;
4) ушул Жободо каралган бөлүмдүн милдеттерин жана функцияларын аткарууну камсыз кылат;
5) бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт, алардын ишин талаптагыдай уюштурууну жана алардын кызматтык тартипти сакташын камсыз кылат;
6) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын чечимдерин аткарууга контролдукту уюштурат;
7) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинде, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон жыйналыштарга жана кеңештерге катышат;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин тапшырмаларын аткаруу боюнча Президенттин Аппаратынын жооптуу кызматкерлерин республиканын региондоруна иш сапарга жиберүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
9) бөлүмдүн ишмердигине тиешелүү жана Кыргыз Республикасынын Президенти карай турган маселелерди даярдоого катышуу үчүн зарыл болсо министрликтердин, ведомстволордун, борбордук жана башка аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлерин, менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жактарды, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүн тартат;
10) бөлүмгө келип түшкөн кайрылууларды карайт, алардын аткарылышын контролдойт, кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинде, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана орун басарларында болгон оперативдүү кеңешмелер жөнүндө маалымдайт;
11) бөлүмдүн кызматкерлеринин ишмердигин уюштуруу ишинин маселелерин жана проблемаларын иликтөөгө жана жалпылоого багыттайт, өлкөдөгү саясый, экономикалык жана социалдык чөйрөдө болуп жаткан процесстерди талдайт.
13. Бөлүм башчынын орун басары:
1) бөлүм башчы жок болгон учурда аны алмаштырат;
2) бөлүм башчы менен бирдикте бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди жана аткаруу үчүн келген документтерди бөлүштүрөт;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын аткарылышына контролдукту уюштурат;
4) бөлүм башчы жок болгон учурда бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинде, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана орун басарларында болгон жыйналыштарга жана кеңешмелерге катышат;
5) бөлүм башчы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары карай турган бөлүмдүн ишмердигине тиешелүү маселелерди даярдоого катышуу үчүн мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын жооптуу адистерин тартат;
6) бөлүмдүн кызматкерлеринин ишмердигин уюштуруу ишинин маселелерин жана проблемаларын иликтөөгө жана жалпылоого багыттайт, өлкөдөгү саясый, экономикалык жана социалдык чөйрөдө болуп жаткан процесстерди талдайт;
7) бөлүм башчы менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрөт.
14. Кадрлар секторунун башчысы:
1) кадр ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
2) Кыргыз Республикасынын Президенти дайындай, сунуш кыла жана беките турган кызмат орундарынын Тизмесине (мындан ары - Тизме) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды даярдайт;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында иштөөгө жана Тизмеге кирген жетекчи кызмат орундарына сунуш кылынган талапкерлердин ишкердик сапаттарын иликтейт;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн жана анын Аппаратынан, министрликтерден, администрациялык ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан кадрлар менен иштөөгө тиешелүү маалыматтарды, кадрлар боюнча статистикалык маалыматтарды жана мамлекеттик кызматчылар боюнча башка материалдарды суратууга укуктуу;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында кадрлар менен иштөө Тартибин иштеп чыгат жана бекитүүгө киргизет;
6) Тизмеге кирген кызмат ордуна дайындоого каралып жаткан талапкерлер менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында аңгемелешүүлөрдү өткөрүүнү уюштурат;
7) Тизмеге кирген жетекчи кызмат ордунда бар бош орун жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында бар болгон бош орундар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчилигине маалымдайт;
8) кадрлар маселелери боюнча тийиштүү чечимдерди сапаттуу жана өз убагында даярдоо үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
9) кадр маселелерин чечүү үчүн зарыл башка функцияларды жүзөгө ашырат.
15. Бөлүмдүн эксперт-консультанттары:
1) маалыматтык-талдоо жана эксперттик иш жүргүзөт;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларын өз убагында жана сапаттуу аткарышына контролдук кылат;
3) бөлүмдүн ишине кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана экспертизалоо боюнча ишти жүргүзөт;
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелерди Президент, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары кароодо зарыл болгон талдоо, маалыматтык жана башка материалдарды даярдайт;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маалыматтарды өз убагында беришине контролдук жүргүзөт;
6) мамлекеттик кызматты уюштуруу, мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча талдоо жүргүзөт;
7) бөлүмдүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маселелер боюнча бөлүм башчынын тапшырмасын аткарат;
8) бөлүмдүн милдеттерин чечүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
16. Бөлүмдүн инспекторлору:
1) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларын жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштурат жана координациялайт;
2) мамлекеттик органдардын ишин усулдук жактан өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
3) региондордогу иштин абалын туруктуу талдайт, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин кароосуна киргизүү үчүн иликтенген маселелер боюнча маалымкаттарды жана отчетторду даярдайт;
4) аларга жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткаруу, ченемдик укуктук актылардын жана бөлүмдүн компетенциясына кирген жетекчиликтин башка тапшырмаларын сапаттуу жана өз убагында даярдоо үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
5) бөлүмдүн жетекчилигинин тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткарат.
17. Мамлекеттик жана аймактык башкаруу маселелери жана кадр иши боюнча бөлүмдүн инспекторлору жер-жерлердеги иштин абалын билип, аймактардын келечектүү өнүгүшү жөнүндө зарыл оперативдүү маалыматтарга жана билдирүүлөргө, ошондой эле жергиликтүү кадрлар жөнүндө маалыматтарга ээ болушу керек.
18. Кадрлар секторунун эксперти:
1) Президент тарабынан дайындалуучу, бекитилүүчү, сунуш кылынуучу жана бошотулуучу кызмат орундарынын Тизмесине кирген кызматкерлердин өздүк иштерин түзүү боюнча ишти алып барат;
2) кызмат орду Тизмеге кирген кызматкерлерди дайындоого, бекитүүгө жана бошотууга Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, буйруктарынын долбоорлорун, класстык чендерди берүү боюнча документтерди, кызматкерлерди дайындоо, бошотуу, ошондой эле кызматкерлерге эмгектик өргүү берүү боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын даярдайт;
3) кадрлар менен иштөө маселелерине тиешелүү Президенттин жарлыктарын, буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын аткарууну уюштурууну жана контролдоону жүзөгө ашырат;
4) Президенттин Аппаратынын кызматкерлеринин, Тизмеге кирген мамлекеттик жана башка органдардын жетекчилеринин сапаттык курамын түзөт, кадрлардын курамы жана алмашуусу жөнүндө ар жылдык статистикалык отчетту жалпылайт;
5) Тизмеге кирген жетекчи кызмат орундарына сунуштарды жалпылайт жана кадрлар резервин түзөт, алардын жеке эсебин жүргүзөт;
6) Президенттин Аппаратынын кызматкерлеринин ар жылдык өргүүлөрүнүн графигин түзөт;
7) жумуш убактысын эсепке алуу табелин жүргүзөт жана ай сайын аны бухгалтерияга берип турат;
8) анын ишмердигине тиешелүү жарандардын даттанууларын, арыздарын жана кайрылууларын кароого катышат;
9) эмгек китепчелерин сактайт жана толтурат, кадрлар боюнча белгиленген документтерди жүргүзөт;
10) кесиптик бирлик комитети менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматкерлерине пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди даярдайт, аларды тийиштүү органдарга сунуш кылат;
11) Президенттин Аппаратынын кызматкерлеринин эмгекке жараксыздык баракчаларын толтурат;
12) архивге тапшыруу үчүн документтерди даярдайт;
13) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматкерлеринин эмгектик иши жөнүндө маалымкаттарды берет.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2011-жылдын 14-февралындагы № 49 буйругу менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишмердигин бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Президенттин Аппараты жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өз ишин анын компетенциясына таандык маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, башка мамлекеттик органдар, ошондой эле этностук жамааттар жана алардын бирикмелери, диний уюмдар жана башка коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин чыңдоо, сактоо, этностор аралык жана жарандык сабырдуулукту өнүктүрүү боюнча Президенттин ишмердигин уюштуруу;
2) өлкөдөгү этностор аралык мамилелер жана диний кырдаал жагында Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин маалыматтык-талдоо жагынан камсыз кылуу;
3) этностук, этностор аралык мамиле жана дин жагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу;
4) Президенттин жарандык жана эл аралык жамааттар, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
5. Бөлүм негизги милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин чыңдоо жана сактоо, этностор аралык жана жарандык сабырдуулукту өнүктүрүү маселелери боюнча Президенттин иш-чараларын уюштуруу;
2) этностук жана этностор аралык мамиле, диний саясат жана жарандык коом жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү жагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу;
3) бөлүмдүн компетенциясына берилген жактарда мониторинг жүргүзүү, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында стратегиялык багыттарды жана оперативдүү саясат чараларын иштеп чыгуу;
4) конструктивдүү кызматташтыкты жана диалогду орнотуу максатында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстандын калкы Ассамблеясы, этностук жамааттар жана алардын бирикмелери, диний уюмдар, башка коомдук, эл аралык уюмдар менен иштөөсүн жолго коюу;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин жана башка документтердин долбоорлоруна карата корутундуларды даярдоо;
6) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын долбоорлорун даярдоо;
7) бөлүмгө берилген ыйгарым укуктардын чегинде анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын аткарылышына контролдук кылуу;
8) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентке, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине багышталган каттарды жана башка кайрылууларды кароо.
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
6. Бөлүм негизги милдеттерди чечүү жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкү укуктарга ээ:
1) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча стратегиялык жана концепциялык мүнөздөгү документтерди иштеп чыгууга демилге көтөрүүгө;
2) бөлүмдүн иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка юридикалык жактардан белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
3) жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык комиссиялардын ишине катышууга:
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча кол коюу үчүн Президентке келип түшкөн мыйзамдарга экспертиза жүргүзүүгө жана корутунду берүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун жеткире иштеп чыгуу үчүн белгиленген тартипте министрликтерге, администрациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга кайра кайтарууга;
6) бөлүмгө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарды жүргүзүүгө.
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
7. Бөлүм башчы бөлүмдүн ишине жалпы жетекчилик кылат, ал Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
8. Бөлүм башчынын орун басары болот, ал бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
9. Эксперттер бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
10. Бөлүмдүн кызматкерлери мамлекеттик кызматчынын этика Кодексин сактоого, чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү.
11. Бөлүм башчы:
1) бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда функциялык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт, талаптагыдай кызматтык тартипти камсыз кылат;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча бөлүмдүн кызматкерлери менен кеңешме өткөрөт;
3) зарыл болсо Президент, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары тапшырган маселелерди тез арада чечүү үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырат;
4) Президент, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары карай турган маселелерди даярдоого катышуу үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча зарыл болгон учурда алардын кызматкерлерин тартат;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелерди кароодо Президентте, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон кеңешмелерге катышат:
6) Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлоруна жана бөлүмдүн кароосуна түшкөн башка документтерге виза коет:
7) өз компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коет;
8) Президенттин Аппаратынын Жетекчисине бөлүмдүн түзүмү жана штаттык саны жөнүндө, бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу боюнча сунуш киргизет;
9) бөлүмдүн кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлоого көрсөтөт, аларга карата жаза колдонуу жөнүндө сунуш киргизет;
10) бөлүмдө жашыруундуулук режимин камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ачыкка чыгарылбай турган маалыматтардын ачыкка чыгып кетишине жол бербөө боюнча чараларды көрөт;
11) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
12) бөлүмдүн компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
12. Бөлүм башчынын орун басары:
1) бөлүм башчы жок болгон мезгилде аны алмаштырат;
2) кызматкерлердин өздөрүнүн функциялык милдеттерин талаптагыдай аткарышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
3) бөлүмдө иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү жана эмгек тартибин камсыз кылат;
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын кароосуна келген ченемдик укуктук актыларга жана башка документтерге экспертиза жүргүзөт;
5) бөлүм башчы жок болгон мезгилде бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентте, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон кеңешмелерге катышат;
6) бөлүмдүн башчысынын тапшырмасы боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды жана илимий-талдоо маалымкаттарын иштеп чыгат.
13. Бөлүмдүн эксперти:
1) кол коюу үчүн Президентке келип түшкөн мыйзамдарга жана Президенттин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлоруна карата корутундуларды даярдайт;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдерин, тапшырмаларын даярдоого катышат;
3) өзүнүн функциялык милдеттеринин талаптагыдай аткарылышы, ченемдик документтердин сапаты жана өз убагында даярдалышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларын өз убагында аткарышына контролдук жүргүзөт;
5) этностук, этностор аралык мамиле жана өлкөдөгү диний кырдаал жагында мамлекеттик саясатты жүргүзүү менен байланышкан стратегиялык документтерге талдоо жасайт жана иштеп чыгат;
6) бөлүм башчынын тапшырмасы боюнча анын функциялык милдеттеринде каралган маселелер боюнча жыйналыштарга жана кеңешмелерге катышат;
7) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары катышкан иш-чараларды пландаштыруу жана уюштуруу жагында иш жүргүзөт;
8) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди талдоону жүргүзөт, жарандык жамааттардын, чыгармачыл жана кесиптик бирликтердин кайрылууларына жооп кылат жана алар менен өз ара аракеттенет;
9) бөлүмдүн компетенциясына берилген иш-аракеттерди ийгиликтүү жүргүзүүгө багытталган мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон кызматташтыкты орнотуу жана чыңдоо максатында эл аралык уюмдардын жана донорлордун колдо бар программаларына жана долбоорлоруна талдоо жүргүзөт;
10) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча стратегиялык жана утурумдук мүнөздөгү концепцияларды жана башка документтерди иштеп чыгуу максатында түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтор жана комиссиялар менен өз ара аракеттенүүнү координациялайт;
11) этностук жамааттардын, анын ичинде Кыргызстандын калкы Ассамблеясынын ишин талдайт, жана алар менен өз ара аракеттенүүнү уюштурат:
12) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, ошондой эле диний уюмдар менен кыймылдардын ишин талдайт;
13) жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын ишин талдайт.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2011-жылдын 14-февралындагы № 49 буйругу менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси), анын орун басарларынын жана Президенттин Аппаратынын ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өз ишин анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, башка органдар менен өз ара тыгыз аракетте жүзөгө ашырат.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Президентке, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине, анын орун басарларына жана Президенттин Аппаратына келип түшкөн жарандардын кайрылууларын кароону камсыз кылуу;
2) Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын жарандарды жеке кабыл алуусун уюштуруу;
3) Президенттин Коомдук кабылдамасында (мындан ары - Коомдук кабылдама) жарандарды кабыл алууну, зарыл болсо Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен уюштуруу;
4) Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары боюнча Коомдук кабылдаманын ишин координациялоо.
5. Бөлүм негизги милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) Президенттин, Президенттин Аппаратынын даректерине келип түшкөн жарандардын, анын ичинде белгиленген тартипте газеталардын, журналдардын, телекөрсөтүүлөрдүн, радионун жана башка жалпыга маалымдоо каражаттардын редакцияларынан тикелей телефон байланыш тилкеси боюнча келип түшкөн жарандардын кайрылууларын кабыл алат, каттайт, эсепке алат жана карайт;
2) Президенттин Аппаратынын Коомдук кабылдамасында жарандарды кабыл алууну уюштуруу жана Коомдук кабылдамага кайрылган жарандарга көтөрүлгөн маселелерди чечүүдө мүмкүн болушунча көмөк көрсөтөт, түшүндүрмөлөрдү жана сунуштарды берет;
3) Президентке, Президенттин Аппаратына келип түшкөн жарандардын кайрылууларын системалаштыруу, талдоо жана Президенттин Аппаратынын Жетекчилигинин кароосуна киргизүү үчүн отчетторду даярдайт;
4) Президенттин Аппаратынын кызматкерлерине жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча окутууну өткөрөт;
5) калк арасында түшүндүрүү иштер, зарыл болсо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин тартуу менен жүзөгө ашырат;
6) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кароосуна чечүүсү алардын компетенциясына кирген жарандардын кайрылууларын жөнөтөт;
7) Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары боюнча Коомдук кабылдаманын ишин координациялайт.
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
6. Бөлүм ушул Жободо каралган негизги милдеттерди жүзөгө ашыруу жана өз функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жарандардын келип түшкөн кайрылууларын тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна жөнөтүүгө;
2) мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына жарандардын кайрылуулары боюнча Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин, анын орун басарларынын тапшырмаларын жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берүүгө;
3) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн керек болгон маалыматты мамлекеттик органдардан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суратууга жана алууга, ошондой эле аларга жөнөтүлгөн кайрылууларды карап чыгуунун натыйжалары жөнүндө жазуу жүзүндөгү маалыматтарды белгиленген мөөнөттөрдө берүүнү талап кылууга;
4) жарандардын кайрылуулары боюнча колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын бузуу менен аткарылган жоопторду аларды жеткире иштеп чыгуу үчүн министрликтерге, администрациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте кайтарып берүүгө;
5) жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык жумушчу топтордун, комиссиялардын ишине катышууга;
6) Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин, анын орун басарларынын тапшырмалары боюнча мамлекеттик органдарында, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча иштердин абалын текшерүүгө;
7) жарандардын кайрылууларын кароо тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын бузган кызмат адамдарын тартип жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
8) кайрылууларда коюлган маселелерди чечүү максатында жер-жерлерге баруу менен жарандардын кайрылууларын кароо боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
9) бөлүмгө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
7. Бөлүм башчы бөлүмдүн ишин жетектейт, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
8. Бөлүм башчысынын орун басары болот, ал бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
9. Эксперттер жана референттер бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
10. Бөлүмдүн кызматкерлери мамлекеттик кызматчынын этика Кодексин сактоого, чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзамдар менен корголуучу сырларды сактоого милдеттүү.
11. Бөлүм башчы:
1) бөлүмдө талаптагыдай кызматтык тартипти камсыз кылат;
2) бөлүмгө коюлган милдеттердин жана функциялардын тиешелүү түрдө аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
3) бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда функциялык милдеттерди бөлүштүрөт;
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентте, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында өткөрүлгөн кеңешмелерге катышат;
5) Президент, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары менен жарандарды жеке кабыл алууну уюштурууну координациялайт;
6) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү башкаруу органдары жарандардын кайрылууларын карап чыгуу боюнча Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмаларынын аткарылышына контролдук кылат;
7) бөлүмдүн келечектеги жана учурдагы иш пландарынын аткарылышына контролдук кылат;
8) Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин, анын орун басарларынын тапшырмаларына ылайык компетенциясына жарандардын кайрылууларында коюлган маселелерди чечүү кирген мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына жарандардын кайрылууларын жөнөтөт;
9) компетенциясына жарандардын кайрылууларында коюлган маселелерди чечүү кирген тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлгөн коштоочу каттарга кол коет;
10) Президентти жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигин жарандардын кайрылуулары менен иштөө абалы тууралу маалымдайт;
11) кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу, бөлүмдүн кызматкерлерин сыйлоо, ошондой эле аларга тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды берет;
12) бөлүмдө жашыруундук режимин сактоону жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматты ачыкка чыгарылышына жол берилбешин камсыз кылат;
13) Президентке жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисине кайрылууларда коюлган маселелерди контролдоо, чечүү максатында жер-жерлерге чыгуу менен айрым арыздарды текшерүүсү жөнүндө сунуштарды киргизет.
14) жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарына карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет.
12. Бөлүмдүн башчысынын орун басары:
1) бөлүм башчысы жок болгон учурда аны алмаштырат;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген ыйгарым укуктарды аткарат, жарандардын кайрылууларын сапаттуу жана өз убагында кароо жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмаларын аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) компетенциясына жарандардын кайрылууларында коюлган маселелерди чечүү кирген тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлгөн коштоочу каттарга кол коет;
4) бөлүм башчысы жок болгон учурда бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентте, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинде өткөрүлгөн кеңешмелерге катышат.
13. Бөлүмдүн эксперттери жана референттери:
1) бөлүмдүн компетенциясына кирген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат, жарандардын кайрылууларын сапаттуу жана өз убагында кароо жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмаларын аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) бөлүм башчысынын же анын орун басарынын тапшырмаларына ылайык жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары менен иш алып барат, жарандардын кайрылууларын кароо үчүн зарыл кошумча материалдарды менен документтерди чогултат, жарандардын кайрылууларына суроо-талаптардын жана жооптордун долбоорлорун даярдайт;
3) Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмаларынын долбоорлорун даярдайт;
4) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менен жарандардын кайрылуулары боюнча Президенттин, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмаларын өз убагында аткарылышына контролдук кылат;
5) Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын жарандарды жеке кабыл алуусун уюштурат;
6) Коомдук кабылдамада жарандардын кабыл алуусун, керек болгон учурларда Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусу менен жүргүзөт;
7) кайрылган жарандардын маселелерин чечүүдө мүмкүн болушунча көмөк көрсөтөт, көтөрүлүп жаткан маселелердин маңызы боюнча керектүү түшүндүрмөлөрү менен сунуштарды берет;
8) Президентке, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине, анын орун басарларына жана Президенттин Аппаратына келип түшкөн жарандардын кайрылууларын системалаштырат жана талдайт;
9) мамлекеттик органдардын ишин талдайт, тиешелүү тыянактардын жана сунуштардын, корутундулардын жана отчеттордун долбоорлорун даярдайт жана аларды Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин кароосуна киргизет;
10) бөлүмдүн ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
11) бөлүмдүн компетенциясына кирген башка функцияларды ишке ашырат.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2011-жылдын 14-февралындагы № 49 буйругу менен бекитилген |
(КР Президетинин Аппаратынын Жетекчисинин 2012-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 26 буйругу менен кγчγн жоготту)
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2011-жылдын 14-февралындагы № 49 буйругу менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын сот органдары бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишмердигин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Президенттин Аппараты жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өз ишин Президенттин Аппаратынын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, Кыргыз Республикасынын соттору, Судьялар кеңеши, Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жана Сот департаменти, ошондой эле анын карамагына берилген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдар менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) сот органдарына карата Президенттин конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча анын ишмердигин камсыз кылуу;
2) сот адилеттик системасын өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери боюнча Президенттин ишмердигин маалыматтык-талдоо жагынан камсыз кылуу;
3) сот органдарында мамлекеттик кадр саясатын камсыз кылууга катышуу;
5. Бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн ал төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) бөлүмдүн карамагындагы маселелер боюнча Президенттин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин актыларынын долбоорлорун даярдайт;
2) бөлүмдүн карамагындагы маселелер боюнча мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун экспертизалоону жүргүзөт;
3) бөлүмдүн карамагындагы маселелер боюнча ата-мекендик жана чет өлкөлүк практиканы жана тажрыйбаны иликтейт;
4) судьяларга, соттордун аппараттарынын жана Сот департаментинин кызматкерлерине квалификациялык класстарды, класстык чендерди жана ардактуу наамдарды берүү, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө келип түшкөн сунуштарга корутунду даярдайт;
5) судьяларга, соттордун жана Сот департаментинин кызматкерлерине карата келип түшкөн даттанууларды, арыздарды Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде текшерет, бөлүмдүн карамагындагы маселелер боюнча жарандарды кабыл алат;
6) судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, соттордун бюджеттерин түзүү жана аткаруу, судьяларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу маселелери боюнча судьялар Кеңеши менен макулдашылган ишти камсыз кылат;
7) сот системасынын кадрдык резервин түзүү маселеси боюнча судьялар Кеңеши менен макулдашылган ишти камсыз кылат;
8) Жогорку соттун, Конституциялык палатанын жана жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу жөнүндө маселени кароодо Судьялар кеңеши менен макулдашылган ишти камсыз кылат;
9) Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди тандоонун чегинде, аларды шайлоо үчүн сунуш кылууда Судьяларды тандоо боюнча кеңеш менен макулдашылган ишти камсыз кылат;
10) Сот департаментинде кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Сот департаменти менен ишти камсыз кылат;
11) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды жүзөгө ашырат.
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
6. Бөлүм ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) сот органдарынан жана мамлекеттик жана башка органдардан, ошондой эле башка юридикалык жактардан бөлүмдүн иши үчүн зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
2) Президенттин Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте Президенттин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин тапшырмаларынын аткарылышына контролдук кылууга жана мониторинг жүргүзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын, ошондой эле бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын аткаруу жөнүндө мамлекеттик органдардын жетекчилеринен жана кызмат адамдарынан маалымат суратууга;
4) мамлекеттик жана башка органдардын жыйналыштарына (кеңешмелерине) белгиленген тартипте катышууга;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык комиссиялардын ишине катышууга;
6) судьяларга жана Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин, алардын органдары менен мекемелеринин кызматкерлерине карата Президенттин Аппаратына келип түшкөн даттанууларды, арыздарды белгиленген тартипте текшерүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын сотторунун судьяларына карата материалдарды кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине жиберүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтото туруу жөнүндө, четтетүү же мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө белгиленген тартипте сунуш киргизүүгө;
9) Президенттин Аппараты жөнүндө Жободо же Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан бөлүмгө жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
7. Бөлүмгө бөлүм башчы түздөн-түз жетекчилик кылат, ал Президент жана Президенттин Аппаратынын Жетекчиси, бардык мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдары жана кызмат адамдары менен мамиледе анын атынан иш алып барат, бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн жекече жооп берет.
8. Бөлүм башчы кызмат ордуна Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан дайындалат жана бошотулат.
9. Эксперт-консультанттар, эксперттер бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
10. Бөлүмдүн кызматкерлери Мамлекеттик кызматчынын этика кодексин сактоого, чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголуучу сырларды сактоого милдеттүү.
11. Бөлүм башчы:
1) бөлүмдүн ишин пландаштырат жана уюштурат, бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткарууну камсыз кылат;
2) бөлүмдүн кызматкерлеринин функциялык милдеттерин жана аткаруу үчүн келип түшкөн документтерди бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда бөлүштүрөт жана талаптагыдай кызматтык тартипти камсыз кылат;
3) мамлекеттик жана башка органдардан зарыл маалыматтарды жана башка материалдарды суратууга жана алууга укуктуу;
4) Президент жана Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тапшырган маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон учурда мамлекеттик жана башка органдардын жетекчилерин чакыртат;
5) Президент, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары карай турган маселелерди даярдоого катышуу үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча зарыл болгон учурда алардын кызматкерлерин тартат;
6) Президенттин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү жана Президенттин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндөгү Туруктуу өкүлү менен бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенет;
7) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентте, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон кеңешмелерге катышат;
8) Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлоруна жана бөлүмдүн кароосуна түшкөн башка документтерге виза коет;
9) бөлүмдүн кызматкерлеринде турган документтердин талаптагыдай аткарылышына контролдукту камсыз кылат;
10) өз компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коет;
11) бөлүмдө жашыруундуулук режимин камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ачыкка чыгарылбай турган маалыматтын ачыкка чыгып кетишине жол бербөө боюнча чараларды көрөт;
12) Президенттин Аппаратынын Жетекчисине бөлүмдүн түзүмү жана штаттык саны жөнүндө, бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу боюнча сунуш киргизет;
13) бөлүмдүн кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлоого көрсөтөт, аларга карата жаза колдонуу жөнүндө сунуш киргизет;
14) бөлүмдүн компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
12. Бөлүмдүн кызматкерлери (эксперт-консультант, эксперттер) Президенттин Аппараты жөнүндө Жобо, ушул Жобо, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмалары менен аныкталган компетенциянын чегинде бардык мамлекеттик органдар жана уюмдар, ошондой эле жарандар менен мамилелерде Президенттин Аппаратынын өкүлдөрү болуп саналат.
13. Бөлүмдүн кызматкери:
1) бөлүмдүн карамагындагы маселелер боюнча Президенттин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин актыларынын долбоорлорун даярдайт;
2) бөлүмдүн карамагындагы маселелер боюнча мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;
3) Кыргыз Республикасындагы сот системасын өнүктүрүү маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен иштөөнү камсыз кылат;
4) сот-укуктук реформа боюнча сунуштарды жалпылайт, талдайт жана даярдайт;
5) жогорку сот органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча алардын ишине мониторинг жүргүзүү боюнча материалдарды талдайт;
6) судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, соттордун бюджеттерин түзүүгө жана аткарууга контролдук кылуу, судьяларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу маселелери боюнча Судьялар кеңеши менен макулдашылган ишти камсыз кылат;
7) сот системасынын кадрлар резервин түзүү маселелери боюнча Судьялар кеңеши менен макулдашылган ишти камсыз кылат;
8) төмөнкү маселелерди кароодо Судьялар кеңеши менен макулдашылган ишти камсыз кылат:
- Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьяларын тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө;
- Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьяларын кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу жөнүндө;
- Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьяларын сот тартибинде салынган жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө;
9) Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди тандоонун, аларды шайлоо үчүн сунуш кылуунун чегинде Судьяларды тандоо боюнча кеңеш менен макулдашылган ишти камсыз кылат;
10) Кыргыз Республикасынын Сот департаменти менен иштөөнү камсыз кылат;
11) Жогорку соттун, Конституциялык палатанын ишмердигинин маселелерине тиешелүү жарандардан жана юридикалык жактардан келип түшкөн даттануулар, кайрылуулар боюнча жооптордун жана корутундулардын долбоорлорун карайт жана даярдайт, зарыл болгон учурда Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин же анын орун басарларынын, бөлүм башчынын тапшырмаларынын долбоорлорун даярдайт;
12) зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Сот департаментине карата Президенттин Аппаратына келип түшкөн даттанууларды, арыздарды кароого катышат.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2011-жылдын 14-февралындагы № 49 буйругу менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишмердигин укуктук жактан камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Президенттин Аппараты жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм укуктук маселелер боюнча өз ишин Президенттин Аппаратынын, Өкмөттүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка органдар менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча анын ишин укуктук жактан камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишмердигин укуктук жактан камсыз кылуу;
2) укуктук талдоо жүргүзүү жана Президент, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси кабыл алып жаткан чечимдердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдар) ылайык келишин камсыз кылуу;
3) Президенттин кол коюусуна келген мыйзамдарды экспертизалоону камсыз кылуу.
5. Бөлүм милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) кол коюу үчүн Президентке келген мыйзамдарды укуктук экспертизалоону камсыз кылуу;
2) Президенттин жарлыктарынын, буйруктарынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын жана бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
3) Президенттин жарлыктарынын, буйруктарынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын жана башка укуктук документтердин долбоорлорун укуктук экспертизалоону жүргүзүү;
4) эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун укуктук экспертизалоону жүргүзүү;
5) жогорку аскердик наамдарды жана башка атайын наамдарды берүү жөнүндө келип түшкөн сунуштарга корутунду берүү;
6) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын долбоорлорун даярдоо;
7) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын кароосуна маселе коюуда зарыл болгон талдоо, маалыматтык жана башка материалдарды даярдоо;
8) Президенттин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү жана Президенттин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндөгү Туруктуу өкүлү менен бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;
9) доо арыздары боюнча соттордо Президенттин таламдарын көздөө үчүн ыйгарым укуктуу адамдарга ишеним каттарын тариздөө;
10) мыйзамдардын, Президенттин жарлыктары менен буйруктарынын жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарынын контролдук нускаларын системага салуу жана жүргүзүү;
11) мыйзамдардын тармактык жалпы укуктук классификаторун жүргүзүү;
12) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө укуктук консультацияларды берүү;
13) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентке, Президенттин Аппаратына, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине даректелген каттарды жана башка кайрылууларды кароо.
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
6. Алдыга коюлган милдеттердин жана функциялардын чегинде бөлүм төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан жана башка юридикалык жактардан бөлүмдүн иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомство аралык комиссиялардын ишине катышууга;
3) Президенттин Аппаратында документтер менен иштөө Регламентин бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун белгиленген тартипте кайра кайтарууга;
4) бөлүмгө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
7. Бөлүм башчы бөлүмгө жалпы жетекчилик кылат, ал Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
8. Бөлүм башчынын орун басары болот, ал бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
9. Эксперттер бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
10. Бөлүмдүн кызматкерлери мамлекеттик кызматчынын этикалык Кодексин сактоого, чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголуучу сырды сактоого милдеттүү.
11. Бөлүм башчы:
1) бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда функциялык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт жана талаптагыдай кызматтык тартипти камсыз кылат;
2) бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан тапшырмалардын аткарылышы, документтердин сапаты жана өз убагында даярдалышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
3) Президенттин кол коюусуна келип түшкөн мыйзамдарды Президенттин Аппаратынын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга макулдашууга жөнөтөт;
4) Президент, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары тапшырган маселелерди тезарада чечүү үчүн зарылчылыгына жараша министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакыртат;
5) Президент, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары карай турган маселелерди даярдоого катышуу үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча зарыл болгон учурда алардын кызматкерлерин тартат;
6) Президенттин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү жана Президенттин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндөгү Туруктуу өкүлү менен бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенет;
7) бөлүмдүн кызматкерлеринде турган документтердин аткарылышына контролдукту жана бөлүмдөгү иш кагаздарын ойдогудай жүргүзүүнү камсыз кылат;
8) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентте, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон кеңешмелерге катышат;
9) Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлоруна жана бөлүмдүн кароосуна түшкөн башка документтерге виза коет;
10) өз компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коет;
11) бөлүмдө жашыруундуулук режимин камсыз кылат жана мыйзамга ылайык ачыкка чыгарылбай турган маалыматтын ачыкка чыгып кетишине жол бербөө боюнча чараларды көрөт;
12) Президенттин Аппаратынын Жетекчисине бөлүмдүн түзүмү жана штаттык саны жөнүндө, бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу боюнча сунуш киргизет;
13) бөлүмдүн кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлоого көрсөтөт, аларга карата жаза колдонуу жөнүндө сунуш киргизет;
14) бөлүмдүн компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
12. Бөлүм башчынын орун басары:
1) бөлүм башчы жок болгон мезгилде аны алмаштырат;
2) кол коюу үчүн Президентке келген мыйзамдарга укуктук экспертиза жүргүзөт, мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбеген учурларда Президенттин каршы пикирлеринин долбоорун даярдайт;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү жана Президенттин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндөгү Туруктуу өкүлү менен өз ара аракеттенет;
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин чечимдеринин жана Президенттин жана Президенттин Аппаратынын кароосуна келген башка документтердин долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзөт;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын Президенттин чечимдеринин, докладдардын жана башка материалдардын долбоорлорун өз убагында беришине контролдук кылат;
6) Президенттин Аппаратынын кызматкерлери менен мыйзамдарды түшүндүрүү жана колдонуу боюнча консультациялык ишти уюштурат;
7) юридикалык корутунду берүү үчүн бөлүмгө келген документтерди бөлүм башчы менен макулдашуу боюнча кызматкерлердин ортосунда бөлүштүрөт;
8) бөлүм башчы жок болгон мезгилде бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентте, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон кеңешмелерге катышат;
9) бөлүм башчынын тапшырмасы боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана укуктук маселелер боюнча талдоого алуу маалымкаттарын түзөт;
10) Президенттин ченем чыгаруу ишине талдоо жасайт жана бөлүм башчыга билдирет;
11) мыйзамдарды системага салууну жана кодификациялоону камсыз кылат.
13. Бөлүмдүн эксперти бөлүм башчынын, анын орун басарынын тапшырмасы боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген ыйгарым укуктарды жүргүзөт, тапшырмалардын аткарылышы, ченемдик документтердин сапаты жана өз убагында даярдалышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
14. Бөлүмдүн эксперти:
1) кол коюу үчүн Президентке келген мыйзамдарга укуктук экспертиза жүргүзөт жана мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбеген учурларда Президенттин каршы пикирлеринин долбоорун даярдайт;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү жана Президенттин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндөгү Туруктуу өкүлү менен өз ара аракеттенет;
3) Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин жана укуктук мүнөздөгү башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат жана даярдоого катышат, алар боюнча корутунду даярдайт;
4) анын функциялык милдеттеринде каралган маселелер боюнча министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын Президенттин жарлыктары менен буйруктарынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын, башка документтердин долбоорлорун өз убагында беришине контролдук кылат;
5) анын функциялык милдеттеринде каралган маселелер боюнча бөлүм башчынын тапшырмасы менен Президентте, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында өткөрүлгөн кеңешмелерге катышат;
6) Президенттин Аппаратынын кызматкерлерине мыйзамдарды колдонуу боюнча консультациялык иш жүргүзөт;
7) кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды иликтейт жана алар боюнча жалпылоо жана талдоо жүргүзөт;
8) мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын системага салат жана контролдук нускаларын жүргүзөт;
9) мыйзамдардын тармактык жалпы укуктук классификаторун алып барат.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2011-жылдын 14-февралындагы № 49 буйругу менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Басма сөз-кызматынын милдеттери жана функциялары
3. Басма сөз-кызматынын ыйгарым укуктары
4. Басма сөз-кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-кызматы (мындан ары - басма сөз-кызматы) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишмердигин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Басма сөз-кызматы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Президенттин Аппараты жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Басма сөз-кызматы өз ишин анын карамагына берилген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Өкмөттүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
2. Басма сөз-кызматынын милдеттери жана функциялары
4. Басма сөз-кызматынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республиканын жарандарын жана эл аралык шериктештикти Президенттин ишмердиги жөнүндө маалымдар кылуу;
2) Президенттин жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) менен байланышын камсыз кылуу.
5. Басма сөз-кызматы негизги милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) жалпыга маалымдоо каражаттарына Президенттин ишмердиги, мамлекет башчысынын жарлыктары, буйруктары, сүйлөгөн сөздөрү жана ал катышкан башка иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды берүү;
2) Президенттин расмий сапарларын, жумушчу кыдырууларын, жолугушууларын, чыгып сүйлөгөн сөздөрүн, ошондой эле республикада жана чет өлкөлөрдө мамлекет башчысы катышкан башка иш-чараларды маалымат жагынан камсыз кылуу;
3) Президенттин ишмердигин толук жана объективдүү чагылдыруу максатында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналисттер менен өз ара аракеттенүүнү жолго коюу;
4) аткаруу бийлик органдарынын маалымат саясатынын концепцияларын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышуу;
5) Президенттин дурус кадыр-баркын калыптандырууга жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомдук жакшы пикирди түзүүгө багытталган иш-чараларга демилгечи болуу жана өткөрүү;
6) Президенттин ишмердиги жөнүндө ЖМКлардын позициясы жөнүндө Президентке дароо маалымдоо;
7) Президенттин ишмердигинин маанилүү маселелери жана көйгөйлөрдү чечүү боюнча кабыл алган чаралар боюнча калк менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана ЖМК аркылуу өткөрүү;
8) Президенттин ЖМКнын өкүлдөрү менен пресс-конференцияларды, брифингдерди, интервьюларды жана башка жолугушууларын уюштуруу жана өткөрүү;
9) Президенттин ишмердиги менен байланышкан пресс-релиздерди, маалыматтык бюллетендерди, маалымдама материалдарды, башка маалыматтарды, ошондой эле видео-, фото- жана аудиоматериалдарды даярдоо жана ЖМКга таркатуу;
10) Президент катышкан иш-чараларды келечектүү жана оперативдүү пландаштырууга катышуу;
11) басма сөз-кызматынын компетенциясына кирген маселелер боюнча өткөрүлгөн жыйналыштарга, кеңешмелерге, конференцияларга жана башка иш-чараларга катышуу;
12) Президент үчүн ЖМКдагы макалалардын жана билдирүүлөрдүн баяндамасын, ошондой эле маалымкаттарды жана талдоо материалдарын даярдоо;
13) Президенттин веб-сайтын колдоо, аны өркүндөтүү жана маалымат жагынан туруктуу камсыз кылуу;
14) Президенттин ишмердигинин негизги багыттары боюнча маалыматтык жана башка материалдардын системага салынган фондун, анын ичинде фото-, видео- жана аудиоархивдерди түзүү;
15) ЖМКнын өкүлдөрүн жана басмалардын кызматкерлерин сыйлоо жана кубаттоо жөнүндө сунуштарды киргизүү.
3. Басма сөз-кызматынын ыйгарым укуктары
16. Басма сөз-кызматы өз функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан жана башка юридикалык жактардан басма сөз-кызматынын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
2) Президенттин Аппаратынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнөн ЖМКга жайгаштырууга арналган материалдарды тез арада берүүнү талап кылууга;
3) ЖМКга чыгууларды, башка маалымат материалдарды жана талдоо маалымкаттарын даярдоо үчүн Президенттин Аппаратынын кызматкерлерин жана адистерин белгиленген тартипте тартууга;
4) ЖМКда Президенттин ишмердигин чагылдыруу үчүн мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин тартууга;
5) ЖМКда Президенттин ишмердиги жөнүндө сындап чыгууларга тез арада жооп кылууга;
6) ЖМКнын өкүлдөрү үчүн окутуу семинарларын, тренингдерди, стажировкаларды уюштурууга;
7) белгиленген тартипте журналисттерди аккредитациялоодон өткөрүүгө.
4. Басма сөз-кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлери
7. Басма сөз-кызматынын жетекчиси - Президенттин басма сөз-катчысы басма сөз-кызматына жалпы жетекчилик кылат, ал Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
8. Басма сөз-кызматынын жетекчисинин - Президенттин басма сөз-катчысынын орун басары болот, ал басма сөз-кызматынын жетекчисинин - Президенттин басма сөз-катчысынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
9. Басма сөз-кызматынын эксперттери жана референттери басма сөз-кызматынын жетекчисинин - Президенттин басма сөз-катчысынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
10. Басма сөз-кызматынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчынын этика Кодексин сактоого, чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголуучу сырларды сактоого милдеттүү.
11. Басма сөз-кызматынын жетекчиси - Президенттин басма сөз-катчысы:
1) орун басар менен басма сөз-кызматынын кызматкерлеринин ортосунда функциялык милдеттерди бөлүштүрөт, алардын кызматтык нускамаларын бекитет жана талаптагыдай кызматтык тартипти камсыз кылат;
2) басма сөз-кызматынын кызматкерлеринин тапшырмаларды аткарышы, документтерди сапаттуу жана өз убагында даярдашы үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
3) басма сөз-кызматында иш кагаздарын талаптагыдай алып барууну жана эмгек тартибин камсыз кылат;
4) басма сөз-кызматынын компетенциясына кирген маселелер боюнча басма сөз-кызматынын кызматкерлери менен кеңешме өткөрөт;
5) Президент тапшырган маселелерди тез арада чечүү, же Президент карай турган маселелерди даярдоодо министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалар менен уюмдардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча алардын кызматкерлерин белгиленген тартипте тартат;
6) басма сөз-кызматынын компетенциясына кирген маселелерди кароодо кеңешмелерге катышат;
7) басма сөз-кызматынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө, басма сөз-кызматынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчисине сунуш киргизет;
8) басма сөз-кызматынын кызматкерлерин сыйлоо жана аларга карата тартиптик жазалоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизет;
9) өз компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коет;
10) басма сөз-кызматында жашыруундуулук режимин камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ачыкка чыгарылбай турган маалыматтын ачыкка чыгып кетишине жол бербөө боюнча чараларды көрөт.
12. Басма сөз-кызматынын жетекчисинин орун басары:
1) жетекчи жок болгон учурда аны алмаштырат;
2) басма сөз-кызматынын жетекчиси менен макулдашуу боюнча аткаруу үчүн басма сөз-кызматына келип түшкөн документтерди кызматкерлердин ортосунда бөлүштүрөт;
3) басма сөз-кызматынын компетенциясына кирген маселелерди кароодо басма сөз-кызматынын жетекчисинин тапшырмасы боюнча кеңешмелерге катышат;
4) Президенттин ишмердиги, мамлекет башчысынын жарлыктары, буйруктары, сүйлөгөн сөздөрү, жолугушуулары жана ал катышкан башка иш-чаралар жөнүндө ЖМКларга маалыматтарды берет;
5) Президенттин расмий сапарларын, жумушчу кыдырууларын, жолугушууларын, сөз сүйлөшүн, ошондой эле республикада жана чет өлкөлөрдө мамлекет башчысы катышкан башка иш-чараларды маалымат жагынан камсыз кылат;
6) Президенттин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндөгү өкүлдөрү менен басма сөз-кызматынын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенет;
7) аткаруу бийлик органдарынын маалымат саясатынын концепциясын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;
8) Президенттин дурус кадыр-баркын калыптандырууга жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомдук жакшы пикирди түзүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүгө катышат;
9) басма сөз-кызматынын компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин чечимдеринин, докладдардын жана башка материалдардын долбоорлорун министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын өз убагында беришине контролдук жүргүзөт;
10) басма сөз-кызматынын жетекчисинин тапшырмасы боюнча басма сөз-кызматынын компетенциясына кирген маселелер боюнча талдоо маалымкаттарын иштеп чыгат;
11) басма сөз-кызматынын ар айлык иш планын түзөт.
13. Басма сөз-кызматынын эксперттери жана референттери басма сөз-кызматынын жетекчисинин, анын орун басарынын тапшырмасы боюнча басма сөз-кызматынын компетенциясына кирген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат, өздөрүнүн функциялык милдеттерин аткаруу үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
14. Басма сөз-кызматынын эксперттери жана референттери:
1) белгиленген тартипте маалыматтык-талдоо ишин, маалыматтар базасын түзүү жана өздөрү кураторлук кылган жаатында өркүндөтүү боюнча сунуш киргизет;
2) басма сөз-кызматынын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоо боюнча эксперттик иш жүргүзөт;
3) министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин, анын орун басарларынын тапшырмаларын аткарышына контролдук кылат;
4) министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын, алардын функциялык милдеттеринде каралган маселелер боюнча башка материалдардын долбоорлорун өз убагында беришине контролдук кылат;
5) ЖМКда жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзөт жана алар боюнча талдоо маалымкаттарын даярдайт;
6) алардын функциялык милдеттеринде каралган маселелер боюнча талдоо, маалымдама жана башка материалдарды даярдайт;
7) басма сөз-кызматынын жетекчисинин тапшырмасы боюнча алардын функциялык милдеттеринде каралган маселелер боюнча жыйналыштарга, кеңешмелерге катышат;
8) алардын функциялык милдеттеринде каралган маселелер боюнча пресс-релиздерди, маалыматтык бюллетендерди, маалымдама материалдарды, башка маалыматтарды, ошондой эле видео-, фото- жана аудиоматериалдарды даярдоону жана ЖМКда таркатууну уюштурат;
9) алардын функциялык милдеттеринде каралган маселелер боюнча эл аралык тажрыйбаны иликтейт;
10) басма сөз-кызматынын ишин өркүндөтүү боюнча сунуш киргизет.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2011-жылдын 14-февралындагы №49 буйругу менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Канцеляриянын негизги милдеттери жана функциялары
3. Канцеляриянын ыйгарым укуктары
4. Канцеляриянын жетекчилиги жана кызматкерлери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясы (мындан ары - канцелярия) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Канцелярия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Президенттин Аппараты жөнүндө Жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өз ишин бөлүмдүн компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, соттор жана башка мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.
2. Канцеляриянын негизги милдеттери жана функциялары
4. Канцеляриянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Президенттин Аппаратынын ишин документ жагынан камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын тариздөө, чыгаруу жана таркатуу, аларды мамлекеттик жана расмий тилдерге которууну камсыз кылуу;
3) актыларды жана Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин тапшырмаларынын Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн аткарышын контролдоону камсыз кылуу;
4) иш кагаздарын жүргүзүүнүн аяктаган документтеринин сакталышын камсыз кылуу, мамлекеттик архивге туруктуу сактоого документтерди өткөрүп берүү;
5) Президенттин Аппаратынын кызматкерлеринин документтер менен иштөөдө жашыруундуулук режимин камсыз кылуу.
5. Негизги милдеттерге ылайык канцелярия төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө иш кагаздарын жүргүзүүнүн жана иштин номенклатурасынын бирдиктүү системасын уюштуруу жана камсыз кылуу;
2) жарым жылдын жана календарлык жылдын жыйынтыгы боюнча Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө документ жүгүртүүгө талдоо жүргүзүү;
3) Президенттин катышуусу менен негизги иш-чаралардын ар айлык планын түзүү;
4) Президенттин жарлыктары менен буйруктарынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын, жыйналыштардын жана кеңешмелердин протоколдорунун, ошондой эле кат-кабарлардын жана Президент, Президенттин Аппаратынын жетекчилиги кол кое турган башка документтердин долбоорлорун редакциялоо;
5) Президенттин актыларын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын буйруктарын жана тапшырмаларын каттоо, чыгаруу жана таркатуу, кабыл алынган чечимдерди аткаруучуларга чейин тез арада жеткирүү;
6) келип түшкөн кат-кабарларды кабыл алуу, каттоо, эсепке алуу, аларды Президенттин, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин кароосуна жиберүү;
7) чыгуучу кат-кабарларды кабыл алуу, каттоо, эсепке алуу, көбөйтүү жана даректер боюнча жөнөтүү;
8) Президенттин, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин чечимдерин жана тапшырмаларын өз убагында аткарууга контролдук кылуу;
9) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, зарылчылык болсо мамлекеттик органдарга документтерди аткаруунун мөөнөттөрү жакындап калгандыгы жөнүндө эскертүүлөрдү жөнөтүү;
10) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө аткаруучулук тартибинин абалына талдоо жасоо;
11) Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин баштапкы материалдарын, башка документтерди комплектөөнү, аларды эсепке алууну, сактоону, даярдоону жана мамлекеттик архивге тапшырууну камсыз кылуу;
12) Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдерин, башка кызматтык документтерди мамлекеттик жана расмий тилдерге которууну жүзөгө ашыруу;
13) Президенттин катышуусу менен өткөрүлгөн иш-чараларды синхрондук которууну камсыз кылуу;
14) Президенттин Аппаратында иш кагаздарын жүргүзүү аяктаган документтерди кабыл алуу, эсепке алуу жана сактоо, архивдик документтерди мамлекеттик сактоого өткөрүп берүү;
15) Президенттин Аппаратынын кызматкерлерине иштиктүү жана усулдук жардам көрсөтүү, аларды иш кагаздарын жүргүзүү маселелери боюнча окутууну уюштуруу;
16) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүн зарыл бланктык продукция менен камсыз кылуу;
17) жашыруун документтерди жана кат-кабарларды кабыл алууну, эсепке алууну, сактоону, жөнөтүүнү жана жеткирүүнү камсыз кылуу;
18) Президенттин Аппаратында жашыруун документтер менен иштөөдө жашыруундуулук режимин камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
19) Президенттин Аппаратына жаңыдан кабыл алынган кызматкерлердин жашыруун документтерге жеткиликтүү болушу үчүн материалдарды тариздөө;
20) жашыруун документтердин архивин түзүү;
21) Президенттин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин факсимилесин, гербдүү жана тегерек мөөрлөрдү, Президенттин Аппаратынын штамптарын даярдоо жана сактоо;
22) жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү боюнча консультацияларды берүү;
23) "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жарчысы" маалыматтык бюллетенин даярдоо жана чыгаруу;
24) документтер менен иштөөнү техникалык жактан камсыз кылууну уюштуруу, көчүрүп-көбөйтүү ишин аткаруу.
3. Канцеляриянын ыйгарым укуктары
6. Канцелярия милдеттерди чечүү жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Президенттин Аппаратында документтер менен иштөө боюнча Регламенттин тийиштүү талаптарына ылайык келбеген материалдарды мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайра кайтарууга;
2) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, аткаруу бийлик органдарына төмөнкү маселелер боюнча сунуштарды берүүгө:
- Президенттин жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин чечимдеринин долбоорлорун даярдоо;
- Президенттин жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин чечимдеринин долбоорлорун, кат-кабарларды жана тапшырмаларды мамлекеттик жана расмий тилдерге которуу;
- ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун редакциялоо;
- жашыруун документтер менен иштөөдө жашыруундуулук режимин камсыз кылуу;
3) Президенттин Аппаратынын кызматкерлери менен иш кагаздарын жүргүзүү, жашыруундуулук режимин сактоо боюнча окууларды өткөрүү;
4) Президенттин Аппаратынын компетенциясына кирбеген чечимдердин жана башка материалдардын долбоорлорун мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайра кайтаруу;
5) канцелярияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл башка укуктар.
7. Канцелярия мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен анын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенет.
4. Канцеляриянын жетекчилиги жана кызматкерлери
8. Канцелярияга канцеляриянын башчысы жетекчилик кылат, аны Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
9. Канцеляриянын башчысынын орун басары болот, ал канцелярия башчысынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
10. Канцеляриянын сектор башчысы канцеляриянын башчысынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
11. Канцеляриянын эксперттери жана референттери канцеляриянын башчысынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
12. Канцеляриянын кызматкерлери чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарды жана ченемдик-укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен мамлекеттик кызматчынын этикасы Кодексин сактоого, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү.
13. Канцеляриянын башчысы:
1) функциялык милдеттерди бөлүштүрөт, зарыл болгон учурда аларга шашылыш түрдө өзгөртүүлөрдү киргизет, ошондой эле келип түшкөн документтерди кызматкерлердин ортосунда бөлүштүрөт, талаптагыдай тартипти камсыз кылат;
2) күн сайын Президенттин Аппаратына келип түшкөн кат-кабарларды карап чыгат, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин макулдашуусу боюнча аларды бөлүмдөр боюнча бөлүштүрөт, Президенттин почтасын түзөт жана Президенттин Аппаратынын Жетекчиси менен макулдашуу боюнча аны Кыргыз Республикасынын Президентине берет;
3) Президенттин Аппаратынын жетекчилиги тапшырган маселелерди шашылыш тартипте чечүү үчүн зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырат;
4) Президент карай турган маселелерди даярдоого катышуу үчүн зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалар менен уюмдардын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча алардын кызматкерлерин чакырат, канцеляриянын компетенциясына кирген маселелер боюнча алардын билдирүүлөрүн угат;
5) канцелярияда кадрларды тандоону жана жайгаштырууну жүргүзөт, Президенттин Аппаратынын жетекчилигине канцеляриянын кызматкерлерин кызмат орундарына дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;
6) Президенттин Аппаратында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускамаларды жана усулдук окуу куралдарын иштеп чыгууга катышат, анын кызматкерлерин окутууну уюштурат;
7) Президенттин Аппаратында документтердин өз убагында өтүшүнө контролдук кылат;
8) жашыруундуулук режимин сактоону камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ачыкка чыгарылбай турган маалыматтардын ачыкка чыгышына жол бербөө боюнча чараларды көрөт;
9) Президенттин жана Президенттин Аппаратынын компетенциясына кирбеген чечимдердин долбоорлорун жана башка материалдарды мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайра кайтарат;
10) Президентте, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинде болгон жыйналыштарга жана кеңешмелерге катышат;
11) өз компетенциясынын чегинде Президенттин жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин чечимдеринин долбоорлоруна, башка документтерге виза коет;
12) Президент жана Президенттин Аппараты карай турган маселелер боюнча иштөө үчүн мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынан, ишканалардан жана уюмдардан зарыл материалдарды суратат;
13) канцеляриянын компетенциясына таандык маселелер боюнча кызматкерлер менен кеңешме өткөрөт;
14) белгиленген тартипте кызматкерлерди сыйлыкка көрсөтөт, тартип жазасын колдонуу жөнүндө, ошондой эле аларды иш сапарларга жиберүү жөнүндө сунуш киргизет;
15) канцелярияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
16) канцеляриянын карамагына таандык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
14. Канцеляриянын башчысынын орун басары - иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо секторунун башчысы сектордун ишине жетекчилик кылат, секторго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат, ошондой эле:
1) канцеляриянын башчысы жок учурда аны алмаштырат;
2) бөлүмдөрдүн сунуштары боюнча Президент катышкан негизги иш-чаралардын ар айлык планын түзөт;
3) Президенттин кол коюусуна жарлыктардын, буйруктардын, ошондой эле Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын долбоорлорун, анын ичинде каралып жаткан маселелер боюнча материалдарды толук толуктоого: чечимдердин коррекцияланган долбоорун, ага тиркелүүчү маалымкаттарды, макулдашуу баракчаларын жана башка зарыл документтерди даярдоого контролдук кылат;
4) канцелярияда талаптагыдай тартипти камсыз кылат;
5) сектордун ишин пландаштырат, сектордун кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, кирген жана чыккан документтердин эсебин алууну жана каттоону уюштурат;
6) күн сайын Президенттин Аппаратына келип түшкөн кат-кабарларды карайт, ошондой эле Президенттин, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин кол коюусуна жана таанышуусуна келген документтерди толуктайт жана текшерет;
7) Кыргыз Республикасында башкарууну документтер менен камсыз кылуу (иш кагаздарын жүргүзүү) боюнча Типтүү нускамага ылайык Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө иш кагаздарын жүргүзүүнү контролдойт;
8) Президенттин Аппаратында жалпы иш кагаздарынын иш номенклатурасын иштеп чыгат;
9) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана мамлекеттик органдар тарабынан документтердин аткарылышын контролдоо боюнча иштерди уюштурат;
10) жарым жылдын жана жылдын жыйынтыктары боюнча Президенттин Аппаратында документтерди жүгүртүү жөнүндө маалымат берет жана аны талдайт;
11) иш кагаздарын жүргүзүү маселелери боюнча жаңы кабыл алынган кызматкерлерге инструктаж өткөрөт;
12) сектордун компетенциясына таандык башка милдеттерди аткарат.
15. Актыларды чыгаруу секторунун башчысы сектордун ишмердүүлүгүн жетектейт, секторго жүктөлгөн маселелердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат, ошондой эле:
1) сектордун ишин пландаштырат жана уюштурат, эксперттердин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
2) Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун, Президенттин Аппаратынын жетекчилигиндеги кеңешмелердин протоколдорун, Президенттин кол коюусуна жөнөтүлүүчү каттардын жана башка кат-кабарлардын мамлекеттик жана расмий тилдерде сапаттуу даярдоону, редакциялоону, алардын өз убагында чыгарылышын жана таркатылышын уюштурат;
3) Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин баштапкы материалдарын эсепке алуу, сактоо жана комплектөө, аларды даярдоо жана мамлекеттик архивге өткөрүп берүү үчүн жоопкерчилик тартат;
4) "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жарчысы" маалыматтык бюллетенин чыгарат, ага жазылуу кампаниясын өткөрүүнү камсыз кылат;
5) сектордун компетенциясына таандык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
16. Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо секторунун эксперттери жана референттери:
1) кирүүчү жана чыгуучу кызматтык кат-кабарларды күн сайын каттайт;
2) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, мамлекеттик органдарды контролдогу документтердин жакындап калган аткаруу мөөнөттөрү жөнүндө жума сайын маалымдайт;
3) Президенттин Аппаратында документтер менен иштөөнү, ошондой эле эсепке алуунун автоматташтырылган системасын жакшыртуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
4) аймактардын, мамлекеттик органдардын өңүтүндө кат-кабарларды, ошондой эле жарым жылдын жана жылдын жыйынтыктары боюнча Президенттин Аппаратында аткаруу тартибинин абалын сандык жана сапаттык талдоону жүргүзөт;
5) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен иш кагаздарын жүргүзүү маселелери боюнча окууну уюштурууга жана өткөрүүгө катышат;
6) канцелярия башчысынын, анын орун басарынын - сектордун башчысынын тапшырмаларын аткарат;
7) аларга жүктөлгөн милдеттердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
8) сектордун компетенциясына таандык башка милдеттерди аткарат.
17. Актыларды чыгаруу секторунун эксперттери:
1) Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун, Президенттин Аппаратынын жетекчилигиндеги кеңешмелердин протоколдорун, ошондой эле Президенттин, Президенттин Аппаратынын жетекчилигине кол коюуга бериле турган каттарды жана башка кат-кабарларды редакциялайт;
2) Президенттин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин кол тамгасы коюлган чечимдерин өз убагында каттоону жана ыкчам чыгарууну уюштурат;
3) Президенттин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун, Президенттин жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин докладдарын жана сүйлөгөн сөздөрүн расмий жана мамлекеттик тилге которууну, ошондой эле өкмөт аралык документтерди, каттарды жана башка кат-кабарларды которууну жүзөгө ашырат;
4) расмий терминдерди дайыма бир түргө келтирүү менен алектенет, бул максатта мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын терминологиялык комиссиясынын ишине катышат;
5) канцелярия башчысынын, анын орун басарынын жана сектордун башчысынын тапшырмаларын аткарат;
6) аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
7) сектордун компетенциясына таандык башка милдеттерди аткарат.
18. Биринчи сектордун эксперти:
1) Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жашыруун чечимдерин, ошондой эле башка жашыруун документтерди басып чыгарат, көбөйтөт жана таратат;
2) кирүүчү жашыруун кат-кабарларды алдын-ала бөлүштүрүүнү, аларды жетекчиликтин резолюцияларына ылайык кийин кайра бөлүштүрүүнү жүргүзөт жана алардын аткарылышына контролдук кылат;
3) Президенттин Аппаратындагы кирүүчү жана чыгуучу жашыруун кат-кабарларды талдайт;
4) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө жашыруун документтеринин бар экендигине жылдык салыштырып текшерүүнү өткөрөт;
5) баалуулугун жоготкон архив документтерин тандайт, аларды жок кылат, архивди түзөт;
6) шифротелеграммаларды тариздейт жана жөнөтөт;
7) Президенттин Аппаратынын жаңы кабыл алынган кызматкерлерине инструктаж өткөрөт;
8) ага жүктөлгөн кызматтык милдеттердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
9) Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Кызматтык нускамада аныкталган башка функцияларды аткарат.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2011-жылдын 14-февралындагы № 49 буйругу менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Катчылыктын негизги милдеттери жана функциялары
3. Катчылыктын ыйгарым укуктары
4. Жооптуу катчы жана эксперт
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын катчылыгы (мындан ары - катчылык) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Катчылык өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө Жобону, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссия жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Катчылык өз ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын атынан жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын төрагасына жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисине отчет берет.
2. Катчылыктын негизги милдеттери жана функциялары
4. Катчылыктын негизги милдеттери болуп мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча анын ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу саналат.
5. Негизги милдеттерге ылайык катчылыкка төмөнкү функциялар жүктөлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын ишин уюштуруу жана тейлөө;
2) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселелери боюнча мамлекеттик органдарга, уюмдарга жана мекемелерге консультациялык жана башка жардам көрсөтүү;
3) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссия өткөрүүчү жыйналыштарга материалдарды даярдоо;
4) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселелери боюнча Президенттин жарлыктарынын долбоорлорун даярдоо;
5) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселелери боюнча Президенттин жарлыктарынын өз убагында аткарылышына контролдук кылуу;
6) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселелери боюнча жарандардын каттарын, кайрылууларын жана арыздарын карап чыгуу;
7) мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынан келип чыккан башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
3. Катчылыктын ыйгарым укуктары
6. Катчылык ага жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Өкмөттүн Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик органдарынан жана мекемелерден жана уюмдардан катчылыкка жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл материалдарды жана маалыматтарды суратууга жана алууга;
2) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, тийиштүү мамлекеттик органдарга, мекемелерге жана уюмдарга белгиленген эрежелерди бузуу менен таризделген сыйлоо материалдарын жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарууга;
3) катчылыктын компетенциясына таандык маселелер боюнча кат алышууга;
4) катчылыкка жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл башка ыйгарым укуктарды аткарууга.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын дарегине келип түшкөн сыйлоо материалдарын тариздөөдө табылган кемчиликтерди жана бузууларды четтетүү боюнча катчылыктын көрсөтмөлөрү Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
4. Жооптуу катчы жана эксперт
8. Жооптуу катчы катчылыкка жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ал Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
9. Жооптуу катчы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын төрагасы, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси, мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар, алардын кызмат адамдары, ошондой эле жарандар менен мамилелерде катчылыктын атынан иш алып барат.
10. Эксперт жооптуу катчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
11. Катчылыктын кызматкерлери мамлекеттик кызматчынын этикасынын Кодексин сактоого, чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана ченемдик-укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу сырды сактоого милдеттүү.
12. Жооптуу катчы:
1) катчылыктын ишин пландаштырат жана уюштурат;
2) сыйлоо маселелери боюнча катчылыктын Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар менен байланышты жүзөгө ашырат;
3) катчылыкка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, Президенттин чечимдеринин өз убагында жана ойдогудай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
4) катчылыктагы эмгек тартиби жана иш кагаздарын ойдогудай жүргүзүүнү камсыз кылат;
5) катчылыктын компетенциясына таандык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
13. Эксперт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссия өткөрүүчү жыйналыштарды уюштуруу жагынан камсыз кылат;
2) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссия өткөрүүчү жыйналыштарга материалдарды даярдоого катышат;
3) Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун жана башка документтерди иштеп чыгууга жана даярдоого катышат.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2011-жылдын 14-февралындагы № 49 буйругу менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Катчылыктын милдеттери жана функциялары
3. Катчылыктын ыйгарым укуктары
4. Катчылыктын жетекчилиги жана кызматкерлери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссиянын катчылыгы (мындан ары - катчылык) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет.
2. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамды, Кыргыз Республикасында жарандык маселелерин кароо тартиби жөнүндө Жобону, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө Жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Катчылык өз ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Өкмөтүнүн Аппараты, Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
2. Катчылыктын милдеттери жана функциялары
4. Катчылыктын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жарандык маселелерин чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жүктөлгөн конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссиянын (мындан ары - Комиссия) ишин маалыматтык-талдоо, уюштуруу-усулдук, документтик жана укуктук жактан камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүү, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыздарды алдын ала кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине алар боюнча сунуштарды даярдоо.
5. Катчылыктын функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) министрликтерден, администрациялык ведомстволордон жана башка мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын Президентинин, Комиссиянын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын дарегине келип түшкөн катчылыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча каттарды жана кайрылууларды кароо;
2) жарандык маселелер боюнча эл аралык уюмдар менен өз ара тыгыз аракеттенүү;
3) жарандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, ошондой эле эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн материалдарды даярдоого катышуу;
4) Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча кеңешмелерге, конференцияларга жана башка иш-чараларга катышуу.
3. Катчылыктын ыйгарым укуктары
6. Катчылык белгиленген милдеттер менен функциялардын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан жана башка юридикалык жактардан катчылыктын иши үчүн зарыл маалыматты белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
2) жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык топтордун жана комиссиялардын ишине катышууга;
3) жарандык маселелер боюнча иш алып барган чет мамлекеттердин органдары, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара тыгыз аракеттенүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча кеңешмелерди, конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө мыйзамдарын бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актылардын жана башка материалдардын долбоорлорун белгиленген тартипте министрликтерге, администрациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга кайтарып берүүгө.
4. Катчылыктын жетекчилиги жана кызматкерлери
7. Катчылыкка жоопту катчы башчылык кылат, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
8. Жооптуу катчы:
1) катчылыктын ишин уюштурат жана пландаштырат;
2) катчылыктын ишине жалпы жетекчилик кылат жана катчылыкка жүктөлгөн милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) аткарууга келип түшкөн документтерди катчылыктын кызматкерлеринин ортосунда бөлүштүрөт;
4) катчылыктын ишинде талаптагыдай кызматтык тартипти камсыз кылат;
5) министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин зарыл болсо, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары тапшырган маселелерди тез арада чечүү үчүн чакырат;
6) министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин зарыл болсо, Комиссиянын, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жетекчиси жана анын орун басарлары карай турган маселелерди даярдоого катышуу үчүн тартат, алардан катчылыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алат;
7) Комиссиянын жыйналышында каралуучу документтерди даярдоону камсыз кылат;
8) катчылыктын компетенциясына кирген маселелерди кароодо Комиссиянын жыйналыштарына, Кыргыз Республикасынын Президентинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында өткөрүлгөн кеңешмелерге катышат;
9) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын катчылыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча тапшырмаларынын министрликтер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышына контролдук кылат;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катчылыкта жашыруундуулук режимин сактоону камсыз кылат жана ачыкка чыгарууга жатпаган маалыматтарды жарыялоону болтурбоо боюнча чараларды көрөт;
11) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын карайт жана аларга жооп даярдайт;
12) ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна, катчылыктын кароосуна келип түшкөн башка документтерге виза коет;
13) өз компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коет;
14) катчылыктын кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлоого сунуштайт, тартиптик жаза колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
15) катчылыктын компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
9. Катчылыктын эксперти жооптуу катчынын тапшырмасы боюнча катчылыктын компетенциясына кирген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат жана тапшырмалардын аткарылышы, аларды сапаттуу жана өз убагында даярдоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Катчылыктын эксперти жооптуу катчынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
10. Эксперт:
1) Комиссия өткөрүүчү жыйналыштарды уюштуруу жагынан камсыз кылат;
2) Комиссия өткөрүүчү жыйналыштарга материалдарды даярдоого катышат;
3) Жарандык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын контролдук нускамаларын системага салат жана алып барат.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2011-жылдын 14-февралындагы № 49 буйругу менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Катчылыктын милдеттери жана функциялары
3. Катчылыктын ыйгарым укуктары
4. Жооптуу катчы жана эксперт
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын катчылыгы (мындан ары - катчылык) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө Жобону, Кыргыз Республикасында ырайым кылууну жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө Жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Катчылык өз ишин Президенттин Аппаратынын атынан жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын төрагасына жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисине отчет берет.
2. Катчылыктын милдеттери жана функциялары
4. Катчылыктын негизги милдети болуп ырайым кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча анын ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу саналат.
5. Негизги милдетке ылайык катчылыкка төмөнкүдөй функциялар жүктөлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын ишин уюштуруу жана тейлөө;
2) ырайым кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга, мекемелерге консультациялык жана башка жардам берүү;
3) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссия өткөргөн жыйналыштарга материалдарды алдын-ала даярдоо;
4) ырайым кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президенттин жарлыктарынын долбоорлорун даярдоо;
5) ырайым кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президенттин жарлыктарынын өз убагында аткарылышын контролдоо;
6) ырайым кылуу маселелери боюнча жарандардын өтүнүчтөрүн жана арыздарын, каттарды кароо;
7) Ырайым кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынан келип чыккан башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
3. Катчылыктын ыйгарым укуктары
6. Катчылык ага жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, тийиштүү мамлекеттик органдардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл материалдарды жана маалыматтарды суратууга жана алууга, ошондой эле айрым маселелердин аныктыгын тактоо максатында тапшырмаларды берүүгө;
2) белгиленген эрежелерди бузуу менен таризделген ырайым кылуу жөнүндө материалдарды жеткире иштеп чыгуу үчүн Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, тийиштүү мамлекеттик органдарга кайра кайтарууга;
3) катчылыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча кат алышууга;
4) катчылыкка жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине келип түшкөн ырайым кылуу жөнүндө материалдарды тариздөөдө табылган кемчиликтерди жана бузууларды жоюу боюнча катчылыктын көрсөтмөлөрү Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана тийиштүү мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
4. Жооптуу катчы жана эксперт
8. Жооптуу катчы катчылыкка жалпы жетекчилик кылат, ал Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
9. Жооптуу катчы ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын төрагасы, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси, мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар, алардын кызмат адамдары, ошондой эле жарандар менен мамилелерде катчылыктын атынан иш алып барат.
10. Эксперт жооптуу катчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
11. Катчылыктын кызматкерлери мамлекеттик кызматчынын этика Кодексин сактоого, чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү.
12. Жооптуу катчы:
1) катчылыктын ишин пландаштырат жана уюштурат;
2) ырайым кылуу маселелери боюнча Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар, мекемелер менен катчылыктын байланышын ишке ашырат;
3) катчылыкка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, Президенттин чечимдеринин өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
4) катчылыктагы эмгектик тартипти жана иш кагаздарын ойдогудай жүргүзүүнү камсыз кылат;
5) катчылыктын компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
13. Эксперт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссия өткөрүүчү жыйналыштарды уюштуруу жагынан камсыз кылат;
2) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссия өткөргөн жыйналыштарга материалдарды алдын-ала даярдоого катышат;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун жана башка документтерди иштеп чыгат жана даярдоого катышат.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2011-жылдын 14-февралындагы № 49 буйругу менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Кеңешчинин милдеттери, функциялары жана укуктары
3. Кеңешчинин ишин уюштуруу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчиси (мындан ары - кеңешчи) түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине баш ийген, ага жүктөлгөн милдеттерди, функцияларды аткарган жана ушул Жобого ылайык ыйгарым укуктарга ээ Кыргыз Республикасынын кызмат адамы болуп саналат.
2. Кеңешчи өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын жана тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңешчи Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
2. Кеңешчинин милдеттери, функциялары жана укуктары
4. Кеңешчинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине мамлекеттик саясат маселелери боюнча консультация берүү;
2) мамлекеттик саясат маселелери боюнча стратегиялык жана программалык документтерди даярдоо.
5. Кеңешчи ага жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) мамлекеттик саясаттын ар кандай маселелери боюнча талдоо жүргүзөт;
2) мамлекеттик саясаттын актуалдуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине туруктуу маалымдайт, консультация жана маалыматтык-талдоо материалдарын берет;
3) мамлекеттик саясат маселелери боюнча стратегиялык жана программалык документтерди даярдоого катышат;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча төмөнкүлөргө катышат:
- мамлекеттик саясат маселелери боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды экспертизалоого;
- жарандарды кабыл алууга, жарандардын каттарын жана арыздарын кароого, ал кайрылуулар боюнча тапшырмалардын аткарылышына контролдук кылууга;
- эл аралык жана республикалык конференцияларга, форумдарга жана жолугушууларга катышууга;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин башка тапшырмаларын аткарат.
6. Ушул Жободо каралган милдеттерди чечүү жана функцияларды аткаруу үчүн кеңешчи төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан ар кандай маалыматты суратууга;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинде болгон кеңешмелерге катышууга;
3) ага жүктөлгөн тапшырмаларды жүзөгө ашыруу үчүн эксперттик жана жумушчу топторду, башка механизмдерди түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине сунуш киргизүүгө;
4) анын дарегине келип түшкөн кат-кабарларды, кызматтык документтерди, жарандардын кайрылууларын кароого, ошондой эле жарандарды кабыл алууну жүргүзүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, мамлекеттик башкаруу органдарынын маалыматтар банкынан белгиленген тартипте пайдаланууга;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин тапшырмасына ылайык башка укуктарга жана милдеттерге ээ болот.
3. Кеңешчинин ишин уюштуруу
7. Кеңешчи Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчилери менен тыгыз кызматташтыкта иштейт.
8. Кеңешчинин ишин документ жагынан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясы жүзөгө ашырат.