Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 11-июлу № 259-б
Кыргыз Республикасында 2014-жылдын 8-14-сентябрында "Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалын өткөрүүгө байланыштуу иш-чараларды өз убагында даярдоо максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-майындагы № 163-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 8-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"8-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Чолпон-Ата шаарындагы (Ысык-Көл облусу) ат майданда оңдоо-калыбына келтирүү жана даярдоо жумуштарын жүргүзүү максатында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жана спорттук шаймандарды алууну бир булактан алуу ыкмасы менен ишке ашырсын.".
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| Т.Сарпашев |