РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-июлундагы № 259-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-майындагы № 163-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу

Редакция11.07.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 11-июлу № 259-б

Кыргыз Республикасында 2014-жылдын 8-14-сентябрында "Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалын өткөрүүгө байланыштуу иш-чараларды өз убагында даярдоо максатында:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-майындагы № 163-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 8-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"8-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Чолпон-Ата шаарындагы (Ысык-Көл облусу) ат майданда оңдоо-калыбына келтирүү жана даярдоо жумуштарын жүргүзүү максатында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жана спорттук шаймандарды алууну бир булактан алуу ыкмасы менен ишке ашырсын.".

 

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министринин милдетин аткаруучу

 

Т.Сарпашев