Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 11-августу № 324-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-майындагы № 277 "2014-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруу концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2014-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруу концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруу боюнча ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2 .Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- 2014-жылдын 25-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагында турган мамлекеттик ЖОЖдордун тарамын оптималдаштыруу боюнча тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кароосуна киргизсин;
- 2015-жылдын 25-майына чейин Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун карамагында турган мамлекеттик ЖОЖдордун, мамлекеттер аралык макулдашуулардын алкагында түзүлгөн ЖОЖдордун, ошондой эле мамлекеттик эмес ЖОЖдордун тарамын оптималдаштыруу боюнча тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- бардык кызыкдар тараптардын катышуусунда ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу процессинин ачык-айкындыгын камсыз кылсын;
- 2014-жылдын 25-декабрына чейин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагында турган мамлекеттик ЖОЖдордун тарамын оптималдаштыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- 2015-жылдын 25-июнуна чейин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун карамагында турган мамлекеттик ЖОЖдордун, мамлекеттер аралык макулдашуулардын алкагында түзүлгөн ЖОЖдордун, ошондой эле мамлекеттик эмес ЖОЖдордун тарамын оптималдаштыруу боюнча тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын адистерин жана коз карандысыз эксперттерди ишке тартууга уруксат берилсин.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11 августундагы№ 324-б буйругуна тиркеме |
Садыков Канат Жалилович
| - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри. ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Муратов Абдиманнап Аттокурович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Ишекеев Назаркул Ишекеевич
| - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Каденова Зууракан Ажимаматовна
| - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
Казымбеков Мирбек Рыскулбекович
| - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын начальниги; |
Исраилов Азисбек Асымканович
| - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын начальниги; |
Бийбосунов Адыл Качкынбаевич
| - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиевич Алиев атындагы академиясынын начальнигинин орун басары; |
Кутманова Айнура Сагынбаевна
| - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын кесиптик билим берүү секторунун башчысы; |
Алиева Жылдыз Эркинбековна
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландоо башкармалыгынын билим берүү жана илим бөлүмүнүн башкы адиси; |
Абдыкадыров Эрлан Шаршенкулович
| - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси; |
Мамытова Назира Туратбековна
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кадрлар бөл\'мүнүн биринчи катчысы. |