Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-майы № 277
2014-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруу Концепциясын бекитүү жөнүндө
Жогорку кесиптик билим берүү тутумун реформалоо, аны жаңы экономикалык шарттарга адаптациялоо, жогорку окуу жайларынын материалдык жана кадрдык дараметин пайдалануунун таасирдүүлүгүн жогорулатуу, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- 2014-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруу Концепциясы;
- 2014-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруу концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планы (мындан ары - Иш-чаралар планы).
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчет берсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-майындагы № 277 токтому менен бекитилген |
№ к/к | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Ишке ашыруунун түрү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
Биринчи этап: 2014-жылдын июнь-декабрь айлары |
| |||||
1 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагында турган жогорку окуу жайларды оптималдаштыруу критерийлеринин көрсөткүчтөрүн жана индикаторлорун аныктоо | 1.1. БИМ карамагында турган мамлекеттик жогорку окуу жайларды оптималдаштыруу үчүн ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү | 2014-жылдын июнь айы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | БИМ карамагында турган мамлекеттик жогорку окуу жайлардын тарамын оптималдаштыруу критерийлеринин көрсөткүчтөрү жана индикаторлору аныкталган | БИМ, ТИМ, ИИМ, КМ, ЭМЖМ, ММТМ, ФМ, ЭМ |
1.2. БИМ карамагында турган мамлекеттик жогорку окуу жайлардын тарамын оптималдаштыруу критерийлеринин көрсөткүчтөрүн жана индикаторлорун бекитүү | 2014-жылдын июль айы | Ведомстволор аралык жумушчу топтун чечими | БИМ, ведомстволор аралык жумушчу топ | |||
2 | БИМ карамагында турган мамлекеттик жогорку окуу жайларга мониторинг жүргүзүү | 2.1. БИМ карамагында турган ирилештирилген профилдик мамлекеттик жогорку окуу жайлардын тизмегин аныктоо | 2014-жылдын июль-август айлары |
| БИМ, ведомстволор аралык жумушчу топ | |
2.2. Ирилештирилген профилдик жогорку окуу жайлардын түзүмүнө киргизүү үчүн натыйжасыз иштеп жаткан жогорку окуу жайлардын (жогорку окуу жайлардын филиалдарынын) тизмегин аныктоо | 2014-жылдын июль-август айлары | Ведомстволор аралык жумушчу топтун чечими | БИМ, ведомстволор аралык жумушчу топ | |||
2.3. Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кайра уюштурулууга тийиш болгон жогорку окуу жайлардын тизмегин аныктоо | 2014-жылдын июль-август айлары | БИМ, ведомстволор аралык жумушчу топ | ||||
2.4. Өзүн-өзү каржылоого өтүүгө тийиш болгон жогорку окуу жайлардын тизмегин аныктоо | 2014-жылдын июль-август айлары |
| БИМ, ведомстволор аралык жумушчу топ | |||
3 | БИМ карамагында турган мамлекеттик жогорку окуу жайларды оптималдаштыруу боюнча ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу | 3.1. Иштелип чыгууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылардын тизмегин аныктоо, колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | 2014-жылдын сентябрь айы |
| Ченемдик укуктук база жана БИМ карамагында турган мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ишине мониторинг жүргүзүүнүн механизми түзүлгөн | БИМ, ведомстволор аралык жумушчу топ |
3.2. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо | 2014-жылдын ноябрь айы | Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору | БИМ, ведомстволор аралык жумушчу топ | |||
4 | БИМ карамагында турган мамлекеттик жогорку окуу жайлардын уюштуруу-башкаруучулук түзүмүн оптималдаштыруу | 4.1. Республикалык/региондук деңгээлдеги мамлекеттик жогорку окуу жайларды башкаруунун моделдерин баалоо үчүн критерийлерди бекитүү | 2014-жылдын ноябрь декабрь айлары | Ведомстволор аралык жумушчу топтун чечими | Республикалык/региондук деңгээлдеги мамлекеттик жогорку окуу жайларды башкаруунун натыйжалуу моделдери иштелип чыкты. БИМ карамагында турган мамлекеттик жогорку окуу жайлардын уюштуруу-башкаруу түзүмү кайра уюштурулду | БИМ, ведомстволор аралык жумушчу топ |
4.2. Ирилештирилген жогорку окуу жайлардын уюштуруу-башкаруу түзүмүн кайра уюштуруу | 2014-жылдын ноябрь-декабрь айлары | БИМ | ||||
5 | Жогорку билим берүү тутуму үчүн мамлекеттик тапшырыкты каржылоонун стандарттарынын түзүлүшүнө карата мамиленин өзгөрүшү | 5.1. Бир студентти даярдоого кеткен минималдуу чыгымдарды белгилөө (даярдоо багыттарынын топтору/адистиктер боюнча) | 2014-жылдын ноябрь-декабрь айлары | Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору | Жогорку билим берүү тутуму үчүн мамлекеттик тапшырыкты каржылоонун стандарттарынын түзүлүшүнө карата мамилелер өзгөрдү | БИМ ФМ |
5.2. Студенттерди гранттык колдоону жана жан башына каржылоого өтүүнү белгилөө | 2014-жылдын ноябрь-декабрь айлары | БИМ ФМ | ||||
Экинчи этап 2015-жылдын январь-май айлары | ||||||
1 | Кыргыз Республиканын министрликтеринин жана ведомстволорунун карамагында турган мамлекеттик жогорку окуу жайларга, мамлекеттер аралык макулдашуулардын алкагында түзүлгөн жогорку окуу жайларга, ошондой эле мамлекеттик эмес жогорку окуу жайларга мониторинг жүргүзүү | 1.1. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун карамагында турган жогорку окуу жайларга мониторинг жүргүзүү жана оптималдаштыруу | 2015-жылдын февраль айы | Ведомстволор аралык жумушчу топтун чечими | Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун карамагында турган мамлекеттик жогорку окуу жайлардын оптималдаштырылган тарамы түзүлдү. Мамлекеттер аралык макулдашуулардын алкагында түзүлгөн, ошондой эле мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлардын тарамын оптималдаштыруу боюнча сунуштамалар иштелип чыкты | БИМ, ведомстволор аралык жумушчу топ |
1.2. Мамлекеттер аралык макулдашууларга ылайык аталган макулдашуулардын алкагында түзүлгөн жогорку окуу жайларга мониторинг жүргүзүү | 2015-жылдын март айы | Ведомстволор аралык жумушчу топтун сунуштамалары | БИМ, ведомстволор аралык жумушчу топ | |||
1.3. Мамлекеттик эмес жогорку окуу жайларга мониторинг жүргүзүү | 2015-жылдын апрель-май айлары | БИМ, ведомстволор аралык жумушчу топ | ||||
2 | Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун карамагында турган мамлекеттик жогорку окуу жайларды оптималдаштыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 2.1. Ченемдик укуктук актылардын тизмегин аныктоо | 2015-жылдын март айы | Ведомстволор аралык жумушчу топтун чечими | Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун карамагында турган мамлекеттик жогорку окуу жайларды оптималдаштыруу боюнча ченемдик укуктук базасы түзүлгөн | БИМ, ведомстволор аралык жумушчу топ |
2.2. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо | 2015-жылдын апрель-май айлары | Ченемдик-укуктук актылардын долбоорлору | БИМ, ведомстволор аралык жумушчу топ | |||
3 | Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун карамагында турган мамлекеттик жогорку окуу жайлардын, мамлекеттер аралык макулдашуулардын алкагында түзүлгөн жогорку окуу жайлардын, ошондой эле мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлардын уюштуруу-башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу | 3.1. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун карамагында турган мамлекеттик жогорку окуу жайларды, мамлекеттер аралык макулдашуулардын алкагында түзүлгөн жогорку окуу жайларды жана мамлекеттик эмес жогорку окуу жайларды башкаруунун моделдерин баалоо үчүн критерийлерди иштеп чыгуу | 2015-жылдын январь-май айлары | Ведомстволор аралык жумушчу топтун чечими | Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун карамагында турган мамлекеттик жогорку окуу жайларды, мамлекеттер аралык макулдашуулардын алкагында түзүлгөн жогорку окуу жайларды, ошондой эле мамлекеттик эмес жогорку окуу жайларды башкаруунун натыйжалуу моделдери иштелип чыкты, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун карамагында турган мамлекеттик жогорку окуу жайлардын уюштуруу-башкаруу түзүмү кайра уюштурулду, мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлардын уюштуруу-башкаруучулук түзүмүн өркүндөтүү боюнча сунуштамалар иштелип чыкты | БИМ, ведомстволор аралык жумушчу топ |
3.2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун карамагында турган мамлекеттик жогорку окуу жайлардын уюштуруу-башкаруу түзүмүн кайра уюштуруу | 2015-жылдын апрель-май айлары |
| БИМ, ТИМ, ИИМ, КМ, ЭМЖМ, ММТМ | |||
3.3. Мамлекеттер аралык макулдашуулардын алкагында ушул макулдашууларга ылайык түзүлгөн мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жана мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлардын башкаруу түзүмүн өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу | 2015-жылдын апрель-май айлары | Ведомстволор аралык жумушчу топтун сунуштамалары | БИМ, ТИМ, ИИМ, КМ, ЭМЖМ, ММТМ | |||
Кыскартуулардын тизмеси:
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
КМ | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; |
ЭМЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |