Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 20-августу № 359
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-б буйругуна ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын кезектеги Биргелешкен жыйыны 2014-жылдын 26-27-августунда Бишкек шаарында өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Делегация мүчөлөрүнүн кезектеги Биргелешкен жыйынга катышууга байланышкан чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 20 августундагы №359 буйругуна тиркеме
|
Маматалиев Абдырахман Мадакимович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси; |
Искандаров Курбанбай Алибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын екүлү, делегациянын жетекчисинин орун басары; |
Бешимов Аскар Жолчубекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Муралиев Алтынбек Амангельдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Уезбаев Улан Калмурзаевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Асанов Курсан Сатарович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Алимбаев Абдикарим Карбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын торагасынын орун басары; |
Жолчиев Бакир Дыйканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Абдураимов Бекназар Элмуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча- атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Мурзаев Абдималик Мурзаевич
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары; |
Ботобаев Каныбек Калбаевич
| - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Жакыпов Байыш Мамбетович
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын бөлүмүнүн начальниги; |
Азыкова Жылдыз Медетбековна
| - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармасынын башкы адиси; |
Урманбетов Бакыт Джээналиевич
| - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин биринчи катчысы. |