Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ
БУЙРУК
2014-жыл 23-сентябры № 244
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2013-жылдын 1-февралындагы № 24 буйругуна толуктоо катары:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2013-жылдын 1-февралындагы № 24 буйругу менен түзүлгөн эксперттик жумушчу топтор өздөрү даярдаган мыйзамдардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кенешке берүү жана андан ары алардын жоболорун белгиленген тартипте түшүндүрүү максатында ишин улантсын.
2. Төмөндө көрсөтүлгөн эксперттик жумушчу топтор ушул буйруктун 1-3-тиркемелерине ылайык курамда түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Эреже бузуулар жөнүндө кодексинин долбоорлорун жана соттуулукту каттоо жана мунапыс берүүнүн негиздери бөлүгүндө аны жана башка процесстик мыйзамдарды коштогон мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча;
- пробация кылуу системасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин жаны редакциясынан келип чыккан мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча;
- сот адилеттигин жүргүзүүдө укуктун процесстик жана башка ченемдерин өркүндөтүүг багытталган мыйзам долбоорлорунун пакетин кабыл алууга байланыштуу финансылык-экономикалык эсептерди жүргүзүү жана мүмкүн болгон чыгымдарга баа берүү боюнча.
3. Эксперттик жумушчу топтордун жетекчилерине белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укук берилсин:
- эксперттик жумушчу топтордун учурдагы ишин пландоого жана уюштурууга, башка эксперттик жумушчу топтор менен биргелешкен ишти координациялоону ишке ашырууга;
- министрликтердин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга;
- мамлекеттик, коомдук уюмдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өз функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты суратууга;
- эксперттик жумушчу топтордун мүчөлөрүнүн күчү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңешке киргизилүүчү мыйзам долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүгө.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2013-жылдын 1-февралындагы № 24 буйругу менен түзүлгөн эксперттик жумушчу топтордун жетекчилерине жаныдан түзүлгөн эксперттик жумушчу топтордун ишине зарылдыгына жараша катышуу сунуш кылынсын.
5. Эл аралык уюмдардын эксперттик жумушчу топторго техникалык жана башка жагынан колдоо көрсөтүү жөнүндө сунуштары колдоого алынсын.
6. Эксперттик жумушчу топтор:
- мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын сот системасын реформалоонун негизи катары кабыл алынган сунуштарга негизденсин;
укуктун чектеш жактары боюнча мыйзамдардын долбоорлорунун негизги жоболорун башка эксперттик жумушчу топтор менен макулдашсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга жана финансылык-экономикалык эсептерди жүргүзүүгө жараша аларды мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин кароосуна берсин.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмунун башчысына, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин катчысына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратыны Жетекчиси | Д. И. Нарымбаев |
1-тиркеме
1. Сыдыкова Лейла Чынтургановна - Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин проректору, юридика илимдеринин доктору, профессор, топтун жетекчиси;
2. Гафуров Анвар Катибович - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгынын улук прокурору;
3. Дербишалиева Гулмира Телебековна - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам-маалымдама картотекасы башкармалыгынын зардалы - Маалыматтык-талдоо борборунун зардалынын орун басары;
4. Жоробеквва Арзыгул Мамаюнусевна - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын зардалынын илим боюнча орун басары, юридика илимдеринин доктору, профессор;
5. Летова Ирина Витальевна - ПРООНдун долбоорлорунун укуктук эксперти;
6. Мамышев Мыктыбек Солпуевич – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тарбиялоо, укуктук, психологиялык жана социалдык иштер бөлүмүнүн инспектору;
7. Сыдыков Асхат Шаршекввич - Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы;
8. Сманалиева Алтынай Каныбековна - Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин жазык укугу жана криминология кафедрасынын окутуучусу, ю.и.к.;
9. Сулайманова Назгул Назарбековна - Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин жазык укугу жана криминология кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, доцент.
2-тиркеме
1. Канульков Марат Эдильевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти, топтун жетекчиси;
2. Абышева Офелия - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн зардалы;
3. Ажибаев Фархад Бурханович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн адиси;
4. Асаналиев Азамат - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э. Алиев атындагы Академиясынын жазык-аткаруу иши кафедрасынын зардалы;
6. Жолдошев Нурлан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы штабынын улук инспектору;
7. Жумабаева Индира Тургунбаевна – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык секторунун башкы адиси;
8. Колопов Ильяс - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси;
9. Мусабаева Сабира Султановна - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык психологиялык борборунун директорунун орун басары;
10. Сапарбаев Батыр - БУУнун Баңги жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын көз карандысыз эксперти;
11. Сооронбаев Казым - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тарбиялоо, укуктук, психологиялык жана социалдык иштер бөлүмүнүн зардалы;
12. Шумская Наталья - "СПИД Чыгыш-Батыш" фондунун өлкөлүк директору.
3-тиркеме
1. Сатыбекова Айжан - ПРООНдун долбоорлорунун эксперти, топтун жетекчиси;
2. Амангельдиев Данияр Жодошевич - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик органдарды каржылоо башкармалыгынын начальниги;
3. Артыкбаев Эмил Осмонбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Стратегиялык пландаштыруу башкармалыгынын туруктуу өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башкы адиси;
4. Асаналиева Аида Азимжановна - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сет департаментинин ресурстар башкармалыгынын начальниги;
5. Бексултанов Чыңгыз - ПРООНдун долбоорлорунун эксперти;
6. Берубаева Гулира Рыскельдиевна - ПРООНдун долбоорлорунун эксперти;
7. Бурджубаев Темир - ПРООНдун долбоврлорунун эксперти;
8. Кожомбердиев Урмат Мелисович – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин директорунун милдетин аткаруучу;
9. Молдобаев Бакыт Садырович - Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн зардалы;
10. Сатыбеков Бакыт - ПРООНдун долбоорлорунун эксперти;
11.Султаналиев Нурлан Туруспекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жетекчисинин орун басары;
12.Темиров Адылжан - ПРООНдун долбоорлорунун эксперти;
13. Токтогулова Нуржан - ПРООНдун долбоорлорунун эксперти;
14. Турдумалиева Динара - ПРООНдун долбоорлорунун эксперти;
15. Ыбыкеева Айнур Асанкуловна – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын финансылык- чарбалык жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы.