Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 4-августу № 374
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.З.Ормонов, Б.У.Сыдыков, Э.Р.Сатыбалдиев, А.Т.Тумонбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 374 тескемеси менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.З.Ормонов, Б.У.Сыдыков, Э.Р.Сатыбалдиев, А.Т.Тумонбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.З.Ормонов, Б.У.Сыдыков, Э.Р.Сатыбалдиев, А.Т.Тумонбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Мыйзам долбоору бардык коомдук жайларда, анын ичинде адамдардын чектелбеген чөйрөсү үчүн жеткиликтүү же жамааттык пайдалануу үчүн арналган ачык коомдук жайларда тамеки чегүүгө толук тыюу салууну карайт, бирок ошол эле учурда айрым коомдук жана жумуш орундарында имараттардын ичинде тамеки чегүүгө уруксат берүү сунуш кылынат. Ошол эле учурда Мыйзам долбооруна ылайык тамеки тартуу үчүн атайын жайларда жабык коомдук жана жумуш орундарында же коомдук болуп саналбаган жерлерде тамеки тартууга уруксат берилет. Белгилей кетсек, колдонуудагы "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы балансталган мамилени белгилейт жана имараттардын жана жайлардын ичиндеги коомдук жерлерде, ошондой эле айрым аймактарда жарандардын, биринчи кезекте балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын ден соолугун коргоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен 100 пайыз түтүнсүз чөйрөнү камсыз кылат. Мындай мамиле биринчи кезекте, тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) кыйла күчтүү таасирине жайларда болгон адамдардын туш болушу менен шартталган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 49-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ар бир адам өмүрү жана ден соолугу үчүн жагымдуу экологиялык чөйрөгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 53-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык коомдук жүрүм-турум эрежелерин жана ченемдерин сактоо, коомдун кызыкчылыктарына сый мамиле кылуу ар бир адамдын милдети, адамдын өз укуктары менен эркиндиктерин жүзөгө ашырышы башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин бузбашы керек.
Бардык ачык коомдук жайларда (ачык абада) тамеки чегүүгө тоталдык тыюу салууну киргизүү жана ошол эле учурда айрым жумушчу жайлардын жана коомдук жайлардын ичинде тамеки чегүүгө мүмкүнчүлүк берүү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча Алкактык Конвенциясынын 8-беренесине, ошондой эле адамдарды курчап турган тамеки түтүнүнүн таасиринен коргоо боюнча чараларды киргизүүнүн дүйнөлүк практикасына карама-каршы келет.
Мыйзам долбоорунун 2-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 85-беренесин жаңы 4-бөлүк менен толуктоо жана он алты жашка чыга элек балдардын тамеки буюмдарын саткандыгы үчүн административдик жоопкерчилигин белгилөө сунушталат. Ошентип, 16 жаштан 18 жашка чейинки балдардын тамеки буюмдарын сатуусу иш жүзүндө легалдаштырылат, азыркы учурда "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык буга тыюу салынган, анткени бул үчүн административдик жоопкерчилик белгиленген эмес.
Мыйзам долбоорунун 2-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Кодекстин 85-беренесин төмөнкүдөй ченемди белгилеген 4-бөлүк менен толуктоо сунушталат: 16 жашка чыга элек балдардын тамеки буюмдарын сатуусу, - жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет. Сунуш кылынган чечмелөө негиздеме-маалымкатта баяндалган негизги ойду чагылдырбагандыктан, атап айтканда 16 жашка чыга элек балдардын иш менен камсыз болушуна жол берген жеке жана юридикалык жактарга айып салуу, ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 3-пунктунун 2-пунктчасын чечмелөөнү кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунда он алты жашка чыга элек балдарга тамеки буюмдарын сатууга байланышкан укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү кайсы мамлекеттик орган жүргүзө тургандыгы каралбагандыгын белгилейбиз. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 2-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толуктоону сунуштайбыз:
"3) 456-беренеде "3-бөлүгү" деген сөздөр "3 жана 4-бөлүктөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын".
Мыйзам долбоору менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалардын жана коомдук жайлардын жетекчилерин жана ээлерин тамеки тартуу үчүн атайын жайларды бөлүп берүүгө милдеттендирет, алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен санитардык-гигиеналык, өрткө каршы эрежелерге ылайык жабдылууга тийиш. Жеке менчиктин субъекттери мындай иштерди жеке финансылык каражаттарынын эсебинен жүргүзүүгө милдеттүү болот. Ушуга байланыштуу аталган Мыйзам долбоорунун жөнгө салуу таасирине талдоо жүргүзүү талап кылынат.
Мурда "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоонун алкагында жөнгө салуучу таасирин талдоо коомдук жана жумуш орундарында имараттардын жана жайлардын ичинде тамеки чегүүгө толук тыюу салуу ишкерлердин бюджети үчүн бирден-бир натыйжалуу жана чыгашасыз метод, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлеринин, ошондой эле келүүчүлөрдүн ден соолугун тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен 100 пайыз коргоону камсыз кылуучу ыкма болуп саналарын көрсөттү.
Мыйзам долбоорунун 3-беренесинде бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирерин белгилөө сунушталат. Бирок "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 28 жана 30-беренелерине ылайык ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналат. Мында ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилет. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 3-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.".
Ошондой эле Мыйзам долбоорун тариздөөнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 38 жана 82-пункттарынын талаптарына ылайык келтирүү зарыл экендигин белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда баяндалган сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.