Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 25-октябры № 655-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 50 "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугунун улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугунун улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери:
- Иш-чаралар планын өз убагында жана кынтыксыз аткарууну камсыз кылсын;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча ишти жалпы координациялоону жүргүзсүн;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Бул тескемени ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте жана жергиликтүү бюджетте тийиштүү түрдө каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруудан түшкөн каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугунун улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү жыйынтыктар | Жооптуу аткаруучулар, кошо аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
1-бөлүм. Жол коопсуздугун башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу | ||||||
1 | ЖКК тобокелдиктерине талдоо жүргүзүүнүн ведомстволор аралык методологиясын бекитүү | 1.1. ЖКК тобокелдиктерин талдоо үчүн жумушчу топ түзүү | 2024-жылдын I кв. | ЖКК тобокелдиктерине талдоо жүргүзүүнүн ведомстволор аралык методологиясы бекитилди | ИИМ, ТКМ, ССМ, ӨКМ, БИМ ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
1.2. ЖКК тобокелдиктерин талдоо методологиясын, ошоңдой эле жол кыймылынын коопсуздугунун тобокелдиктерин талдоонун натыйжаларын алмашуу жана пайдалануу регламентин иштеп чыгуу жана биргелешкен буйрук менен бекитүү | 2024-жылдын IV кв. | |||||
2 | ЖККны камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелерге ылайык келтирүү максатында улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2.1. ЖКК чөйрөсүндөгү мыйзамдардын эл аралык милдеттенмелерге шайкештигине инвентаризациялоо жүргүзүү үчүн жумушчу топту түзүү (ИИМдин жана ЭКМдин жетекчилигинде), ошондой эле КР ЧУАга зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2024-жылдын IV кв. | КР ЧУА эл аралык милдеттенмелерге шайкеш келтирилди | ИИМ, ЭКМ, ТКМ,СӨМ, ССМ, ӨКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
2.2. ЖКК аудитинин укуктук механизмин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жылдын I кв. | ЖТКнын мүмкүн болгон себептерин аныктоо жана алдын ала четтетүү үчүн шарттар түзүлдү | ТКМ, ИИМ | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен | ||
3 | ЖКЭ бузгандыгы үчүн жазанын сөзсүз болуу принцибин ишке ашырууну камсыз кылуу | 3.1. Жазанын сөзсүз болуу принцибин ишке ашыруудагы кемчиликтерди табуу үчүн укук колдонуу практикасына талдоо жүргүзүү | 2024-жылдын IV кв. | Жазанын сөзсүз болуу принцибин ишке ашыруу үчүн укуктук жана уюштуруучулук шарттар түзүлдү | ИИМ, ТКМ, ССМ, ӨКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
3.2. ЖКЭ бузгандыгы үчүн жазанын сөзсүз болуу принцибин кепилденген ишке ашырууну камсыз кылуу максатында талдоо жүргүзүү жана анын жыйынтыктарынын негизинде КР ЧУАга зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү | ||||||
3.3. Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө билдирүүлөр боюнча укук колдонуу практикасына мониторинг жүргүзүүгө коомчулуктун катышуусуна өбөлгө түзүүчү жагымдуу шарттарды түзүү | ||||||
4 | Жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоону уюштуруунун ачык механизмдерин иштеп чыгуу | 4.1. Жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоонун жол-жоболоруна жана механизмдерине талдоо жүргүзүү (менчигинин түрүнө карабастан) жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2024-жылдын I кв. | Жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоону уюштурууда ачыктык принциби ишке ашырылды жана коррупциялык тобокелдиктер азайтылды | ИИМ, ССМ, ТКМ, ӨКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруудан түшкөн жана КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
4.2. Жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоону уюштурууда коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча ишти маалыматтык колдоону камсыз кылуу | ||||||
5 | ЖКК камсыз кылуу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн категориясына кирген учурда ИИМдин компетенциясына кирген сервистик кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир функцияларын жана реестрин бекитүү | 5.1. ИИМдин функцияларын жана ЖКК камсыз кылуу боюнча калкка көрсөтүлүүчү сервистик кызматтардын тизмегин аныктоо боюнча иш-чараларды өткөрүү | 2024-жылдын IV кв. | ИИМдин функциялары жана сервистик кызмат көрсөтүүлөрүнүн реестри актуалдаштырылды | ИИМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруудан түшкөн жана КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
5.2. ИИМдин компетенциясына кирген ЖКК камсыз кылуу боюнча айрым функцияларды зарылдыгына жараша сервистик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизүү | ||||||
5.3. ЖКК камсыз кылуу боюнча калкка кызмат көрсөтүүгө ведомстволук мониторинг жүргүзүү системасын түзүү | ||||||
6 | ЖКК камсыз кылуу боюнча кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти күчөтүү | 6.1. ЖКК камсыз кылуу боюнча кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүү | 2023-2027-жылдар | ЖКК камсыз кылуу боюнча кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун натыйжалуу процесси түзүлдү | ИИМ | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруудан түшкөн жана КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
6.2. ЖКК камсыз кылуу боюнча кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курстарынын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү системасын киргизүү | ||||||
7 | ЖКК чөйрөсүндө санариптештирүү системасын киргизүү | 7.1. ЖТК жөнүндө актуалдуу маалыматты чагылдыруучу интерактивдүү картаны түзүү | 2024-жылдын IV кв. | ЖКК башкаруу процесси автоматташтырылды | ИИМ, ТКМ, СӨМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруудан түшкөн жана КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
7.2. ЖКК боюнча маалымат базасын түзүү, ошондой эле аны ССМ, ИИМ, ӨКМ АМС менен интеграциялоо | ||||||
7.3. Жол кыймылынын катышуучуларына трафиктин абалы жөнүндө ыкчам маалымат берүү, ошондой эле жолдордогу көйгөйлөрдү картага түшүрүү үчүн "Joldor.Kg" мобилдик тиркемесин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | ||||||
7.4. ЖКК камсыз кылуу кызматкерлерин программалык камсыздоосу бар электрондук планшеттер менен камсыз кылуу, каржылоого жараша маалымат базаларына кирүү жана бузуу фактылары жөнүндө маалыматты серверге жөнөтүү мүмкүнчүлүгү | 2024-жылдын II кв. | |||||
7.5. ЖКК камсыз кылуу боюнча кызматтык автомашиналарды төмөнкү жабдуулар менен комплекттөө: - бузууларды фото жана видео фиксациялоо үчүн; - автомототранспорт каражаттарынын мамлекеттик номердик белгилери боюнча укук бузуучуларды аныктоо функциясы бар; - каржылоого жараша автомототранспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын маалымат базасына кирүүнү камсыз кылуу | 2025-жылдын IV кв. | |||||
8 | ЖКК саясатын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жана калктын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү | 8.1. ЖККны жогорулатууга багытталган социалдык роликтерди жана башка демонстрациялык долбоорлорду түзүү жана жайылтуу | 2024-жылдын III кв. | Коомго жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган тарбиялык жана маалыматтык таасир берүү боюнча натыйжалуу система түзүлдү | ИИМ | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруудан түшкөн жана КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
8.2. ЖКК маселелери боюнча коомчулук жана ЖМК менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугуна системалуу мониторинг жүргүзүү | ||||||
2-бөлүм. Жол инфраструктурасынын коопсуздугун жакшыртуу | ||||||
9 | Бардык катышуучулардын кызыкчылыктарын жана коопсуздугун эске алган коопсуз жол инфраструктураларын долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо боюнча эл аралык талаптарга ылайык келген улуттук стандарттарды киргизүү | 9.1. Улуттук стандарттарды иштеп чыгуу үчүн эксперттерди тартуу менен ТКМ тарабынан координациялануучу ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | 2024-2026-жылдар | Коопсуз жол инфраструктурасын долбоорлоо, куруу/реконструкциялоо боюнча жаңы киргизилген улуттук стандарттар жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылат | ТКМ, ИИМ | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
9.2. Эл аралык стандарттарга ылайык келген коопсуз жол инфраструктурасын долбоорлоо, куруу/реконструкциялоо боюнча улуттук стандарттарды инвентаризациялоо | ||||||
9.3. Коопсуз жол инфраструктураларын долбоорлоо, куруу/реконструкциялоо боюнча иштелип чыккан стандарттар боюнча милдеттүү мамлекеттик экспертизаларды жүргүзүүнү камсыз кылуу (анын ичинде ЖСТТ, укуктук, экологиялык, гендердик, коррупдияга каршы экспертизалар) | ||||||
9.4. Коопсуз жол инфраструктурасын долбоорлоо, куруу/реконструкциялоо боюнча стандарттарды бекитүү жөнүндө КР МК токтомун кабыл алуу | ||||||
10 | Жол инфраструктураларын модернизациялоо планын жана инвестициялардын стратегиясын иштеп чыгуу жана киргизүү | 10.1. Республиканын жол инфраструктурасына аудит жүргүзүү жана модернизациялоого тийиш жол инфраструктураларынын артыкчылыктуу объекттеринин тизмесин түзүү | 2023-2027-жылдар | Жол инфраструктурасын модернизациялоо планы жана инвестициялар стратегиясы киргизилди | ТКМ, ИИМ, УАИ | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
10.2. Республиканын бардык аймагында паспорттоштуруу менен көчө-жол тармагынын Бирдиктүү ачык маалыматтар базасын түзүү боюнча долбоорду ишке киргизүү | ||||||
10.3. Көчө-жол тармагын паспорттоштуруунун жана аудиттин жыйынтыктары боюнча жол инфраструктурасын модернизациялоо боюнча инвестициялык сунуштарды иштеп чыгуу жана КР МК сунуштоо | ||||||
10.4. КР жол инфраструктурасын модернизациялоо боюнча КР МК тарабынан жактырылган долбоорлор боюнча инвестициялык ишти активдештирүү (анын ичинде МЖӨ механизмин пайдалануу менен ушул пландын бардык пункттарын ишке ашыруу үчүн) | ||||||
10.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде жол инфраструктурасын модернизациялоо планын ишке ашыруу боюнча каржылоо механизмдерин жана булактарын аныктоо жана ишке киргизүү | ||||||
10.6. Автожолдорду куруу жана реабилитациялоо боюнча документтерди даярдоодо ЖККнын аудити боюнча адистерди ишке тартуу | ||||||
11 | Бишкек жана Ош шаарларында автомобилдердин парковкасы проблемасын чечүү механизмин киргизүү | 11.1. Бишкек жана Ош шаарларында парковкалардын проблемаларын чечүү механизмин түзүү, ал жерди пайдалануу коопсуздугунун параметрлерине тиешелүү техникалык регламенттерди иштеп чыгууну жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, жарнама такталарын, парковкаларды, жолдордун жүрүүчү бөлүгү менен арыктардын ортосундагы тосмолорду орнотууну камтыйт Коопсуздук талаптарына ылайык Бишкек жана Ош шаарларында тиешелүү парковка инфраструктурасын түзүү | 2025-жылдын II кв. | Автомашиналардын парковкасын жөнгө салуунун эсебинен ЖКК жогорулады | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
11.2. Бишкек жана Ош шаарларында парковка зоналарын, анын ичинде электромобилдер үчүн жана парковкалардын тарифтерин аныктоо менен райондоштуруу жүргүзүү (электромобилдер үчүн акысыз парковка) | ||||||
11.3. Бишкек жана Ош шаарларында ЖКК боюнча долбоорлорду каржылоонун булактарын жана көлөмүн аныктоо | ||||||
11.4. Ачык-айкындуулук принциптерине негизделген долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо схемасын иштеп чыгуу | ||||||
11.5. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга коомчулукту тартуу механизмин жана жол-жоболорун ишке ашыруу, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында шаардык коомдук транспортту уюштурууда коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн коомдук транспорттун жана ташуучулардын маршруттарына сынактарды өткөрүү | ||||||
11.6. Парковка маселелери боюнча эл аралык алдынкы тажрыйбаны үйрөнүү жана зарыл болгон учурда аларды ишке киргизүү | ||||||
3-бөлүм. Жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу | ||||||
12 | Жол кыймылынын катышуучуларынын ар кандай категорияларынын арасында ЖКК камсыз кылуу боюнча билим берүү жана профилактикалык чараларды киргизүү планын бекитүү | 12.1. Мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүү үчүн колдонуудагы окуу программасынын алкагында ЖКЭ негизделген модулдарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жылдын II кв. | Жол кыймылынын катышуучуларынын маалымдуулугу жана тартиптүүлүгү жогорулады | ИИМ, БИМ | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тийиштүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруудан түшкөн каражаттардын жана КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
12.2. Мамлекеттик теле-, радиоканалдарда жол-транспорт коопсуздугунун бузулушун системалуу түрдө алдын алуу максатында маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин ар жылдык планын жана коммуникациялык стратегияны бекитүү | ||||||
13 | Автомектептерде айдоочуларды даярдоонун жана айдоочулук күбөлүктөрдү алууга экзамендерди алуунун сапатын контролдоо механизмин күчөтүү | 13.1. ЖКЭ системалуу жана одоно бузган, даярдыгы жок айдоочулардын эң көп санынын чыгышын талдоонун негизинде автомектептердин рейтингин андан кийин ЖМК жарыялоо менен түзүү | 2024-жылдын IV кв. | Айдоочулар курамынын деңгээлин жакшыртуу жана айдоочулардын күнөөсү боюнча ЖТК деңгээлин төмөндөтүү. Билим берүү мекемелеринин (автомектептердин) ишине контролду күчөтүү | ИИМ, БИМ, ЭКМ | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тийиштүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруудан түшкөн каражаттардын жана КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
13.2. Автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча иш чөйрөсүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасына талдоо жүргүзүү жана изилдөө максатында ИИМ жана ЭКМ курамында ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү | ||||||
13.3. Мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген билим берүү мекемелеринин лицензияларын чакыртып алуу жол-жоболорун жана механизмдерин жөнөкөйлөтүү бөлүгүндө ЧУА өзгөртүүлөрдү киргизүү | ||||||
13.4. Берилүүчү билимдин сапатын бекемдөө максатында автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча иштин материалдык-техникалык базасынын стандарттарын белгилөө | ||||||
13.5. Эл аралык талаптарды эске алуу менен ТК айдоочуларын даярдоонун жана кайра даярдоонун билим берүү стандарттарын бекитүү | ||||||
14 | ЖКК атайын каражаттарынын (автомашиналарда балдар үчүн кресло, араба транспорту жана велосипеддер үчүн фаралар ж.б.) маанилүүлүгү жөнүндө калкка маалымдоо | Жол кыймылынын атайын каражаттарынын маанилүүлүгүн жана атайын каражаттарды пайдаланбагандыгы үчүн жоопкерчиликти түшүндүрүү боюнча туруктуу маалыматтык-медиа иштерин жүргүзүү | 2024-жылдын II кв. | Жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугу жогорулады | ИИМ, БИМ, ММСЖСМ | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тийиштүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруудан түшкөн каражаттардын жана КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
15 | Стратегиялык автомобиль жолдорунун бийик тоолуу участокторунда ЖКК камсыз кылуу боюнча контролду күчөтүү | Каржылоого жараша Суусамыр-Талас-Тараз (Өтмөк капчыгайы) автожолунун Талды-Булак участогунда ЖККны камсыздоо боюнча стационардык постторду түзүү | 2024-жылдын IV кв. | Стационардык пост түзүлдү | ИИМ, ТКМ, ӨКМ, ССМ | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тийиштүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруудан түшкөн каражаттардын жана КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
4-бөлүм. Авариядан кийинки чара көрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу | ||||||
16 | Авариядан кийинки комплекстүү чара көрүүнүн стандарттарын жана механизмдерин бекитүү | 16.1. ЖТК жана башка өзгөчө кырдаалдарда КР шашылыш кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүнүн регламентин бекитүү | 2025-жылдын II кв. | Авариядан кийинки комплекстүү чара көрүүнүн стандарты жана механизми бекитилди | ИИМ, ӨКМ, ССМ, ТКМ | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тийиштүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруудан түшкөн каражаттардын жана КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
16.2. Статистикалык көрсөткүчтөрдү жана авариядан кийинки чара көрүү проблемалары боюнча маалыматтарды талдоонун негизинде жол инфраструктураларынын коркунучтуу, өлүмгө алып келүүчү жана жогорку травмага алып келүүчү зоналарды картага түшүрүү | ||||||
16.3. Кызыкдар тараптарды тартуу менен авариядан кийинки чара көрүүнүн натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү | ||||||
17 | ЖКК камсыз кылуу чөйрөсүндө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө | 17.1. ТК айдоочуларында (ТК айдоочусуна талапкерлерде) ТК башкарууга медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн, медициналык көрсөтмөлөрдүн же медициналык чектөөлөрдүн болушу (жоктугу) жөнүндө берилген медициналык корутундулар жөнүндө маалыматтар менен алмашуу маселелери боюнча ИИМ менен ССМ ортосундагы ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү бекитүү | 2025-жылдын IV кв. | Авариядан кийинки чара көрүүнүн инфраструктурасы түзүлдү | ИИМ, ССМ, ӨКМ | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тийиштүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруудан түшкөн каражаттардын жана КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
17.2. Каржылоого жараша тобокелдиги көз карашынан алганда кооптуу ЖТК жана башка өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтүүнүн таяныч пункттарын (борборлорун) системасын түзүү | ||||||
18 | ЖТК жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча ТК айдоочуларынын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүнү камсыз кылуу | 18.1. ЖКК камсыз кылуу боюнча айдоочулар жана кызматкерлер үчүн авариядан кийинки кырдаалда шашылыш жардам көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарды бекитүү | 2025-жылдын IV кв. | Авариядан кийинки чара көрүүнү жакшыртуу жана ЖТКдан жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү көндүмдөрүнө ээ айдоочулардын санын көбөйтүү | ССМ, БИМ, ИИМ | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен |
18.2. ЖТК жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү ТК айдоочуларынын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча автомектептерде жана ЖККны камсыз кылуунун аймактык бөлүмдөрүндө практикалык сабактарды өткөрүү графиги бекитилди | ||||||
Кыскартуулардын тизмеси:
КР | - | Кыргыз Республикасы |
МК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акт |
ТК | - | транспорт каражаттары |
ЖТТ | - | жөнгө салуучу таасирди талдоо |
ЖКК | - | жол кыймылынын коопсуздугу |
ЖТК | - | жол-транспорт кырсыктары |
AMC | - | автоматташтырылган маалыматтык система |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |