Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 7-октябры № 430
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-февралындагы № 110 токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылга иш-чаралар планынын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" бөлүмүнүн 2.1-пунктун ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмүн өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2014-жылдын 20-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмүн өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, аны толуктап иштеп чыгуу, макулдашуу жана андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү үчүн берсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев. |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 7-октябрындагы № 430 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Мейкиндик маалыматтарынын улуттук
инфратүзүмүн өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу
боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Убалиев Эльдияр Маматжанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Исабеков Нарынбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Темиралиев Таалайбек Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы; |
Рыскулов Уланбек Дуулатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Обозова Тамара Жумабековна | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо, өнүктүрүү жана мониторинг башкармалыгынын начальниги; |
Сакыев Даурбек Джоомартович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын уюштуруу жана аналитикалык иштер башкармалыгынын начальниги; |
Каракозуев Изатбек Маметжумаевич | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы оперативдүү башкармалыгынын аскердик-топографиялык кызмат бөлүмүнүн начальниги; |
Айтбаев Данияр Сагымбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну финансылык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги; |
Бакыбаева Марта Жоконовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаментинин камералык иштер бөлүмүнүн начальниги; |
Эшимбетов Кубанычбек Балташович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин дыйканчылык секторунун башчысынын милдетин аткаруучу; |
Муканов Канат Аскерович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин байланыш жана маалыматташтыруу башкармалыгынын маалыматташтыруу секторунун башчысы; |
Адылканова Эльмира Адылкановна | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин экономикалык талдоо жана маалымат жыйноо секторунун башчысы; |
Атаев Жаныбек Алтымышбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин эксперти; |
Савин Вячеслав Валерьевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын башкы инженери; |
Таштемиров Адам | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын башкы инженери; |
Элгондиев Нурлан Токтобекович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо башкармалыгынын башкы адиси; |
Амираев Максат Абдирасулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин турак жай-коммуналдык чарбасын өнүктүрүү жана мониторинг башкармалыгынын турак жай маселелери боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучу; |
Ходжаева Асель Кыдырмаевна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Казакбаев Бакыт Шайлобекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын байланыш жана автоматташтыруу башкармалыгынын офицер-программисти; |
Джусупбеков Бакытбек Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Геомаалыматтык системалар борборунун жетекчиси; |
Алымкулов Майрамбек Сиядинович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтык технологиялар боюнча консультанты; |
Карыпов Азамат Асанкарыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Геомаалыматтык системалар борборунун кадастрдык картография жана геомаалыматтык система боюнча башкы адиси; |
Молдобеков Болот Дуйшеналиевич | - | Жерди колдонмо изилдөөлөр Борбордук-Азия институтунун тең директору (макулдашуу боюнча); |
Талыпов Кубатбек Кемелович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физикалык-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун алдындагы Жерди байкоо борборунун "Санариптик Жер" лабораториясынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Чымыров Акылбек Уркалыйевич | - | Н.Исанов атындагы Курулуш, транспорт жана архитектура кыргыз мамлекеттик университетинин колдонмо геодезия жана геоинформатика кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Шаршеев Эрмек Сабырович | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин геодезия жана картография кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча). |