Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 20-февралы № 78
токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-февралы № 110
2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны ишке ашырууга карата 2014-жылга чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 420, 2014-жылдын 1-декабры № 688, 2015-жылдын 15-январы № 10 токтомдорунун редакцияяларына ылайык)
2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген туруктуу өнүктүрүүнүн жаңы моделинин стратегиялык багыттарына жана артыкчылыктарына жетүүнү камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны аткаруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2264-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасыньш Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлер бекитилсин:
- 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны ишке ашырууга, карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылга иш-чараларынын планы 1 -тиркемеге ылайык;
- 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программанын 2014-жьшга инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу планы 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылга иш-чараларынын планын ишке ашыруу индикаторлору жана көрсөткүчтөрү 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- иш-чаралардын пландарын белгиленген меөнөттө аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн;
- ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен иш-чаралардын пландарынын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен иш-чаралардын пландарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Иш-чаралардын пландарынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратнын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |