Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 29-октябры № 477-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 258-б буйругу менен түзүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын инвентаризациялоо жана мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын пайдалануунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин өркүндөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 258-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.»;
2-пунктундагы «2013-жылдын аягына чейин» деген цифралар жана сөздөр «2015-жылдын аягына чейин» деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;
- ушул буйруктун тиркемесине ылайык тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 402-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын торагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын торагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү ез алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Кьфгыз Республикасынын Өкметүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын торагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын начальниги;
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча).