Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29 октябрындагы № 477-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 30-сентябры № 402-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 3316-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине тапшырма жөнүндө" 2013-жылдын 28-февралындагы № 2830-V токтомун аткаруу боюнча" токтомунда баяндалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сунуштарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 258-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын ишин жандандыруу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 258-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- ведомстволор аралык комиссиянын курамы тиркемеге ылайык редакцияда берилсин;
- 2-пунктундагы "эки айлык мөөнөттө" деген сөздөр "2013-жылдын аягына чейин" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 402-б буйругуна тиркеме |
Талиева К.А. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; |
Үсеналиева Н.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директору, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Кендирбаева Д.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Эшенкулова Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Чаргынов К.С. | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
Муратов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; |
Бусурманкулов Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Жуков М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Теңизбаева Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Тезекбаев М.Т. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Тагаева Г.А. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча). |