Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 20-ноябры № 517-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 117-б буйругунун редакциясына ылайык)
Бел-Алма күрөң көмүр кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык:
1. Бел-Алма күрөң көмүр кенин чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык конкурстук комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык конкурстук комиссия бир айлык мөөнөттө конкурсту өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин, ошондой эле жеңүүчүнү аныктоо критерийлерин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Дж.Оторбаев |
Тиркеме
Бел-Алма күрөң көмүр кенин чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамы
Зилалиев Д.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасы; |
Касымалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Рыспаев К.Дж. | - | "Ар-Намыс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Калмаматов А.А. | - | "Ата-Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Төлөгөнов Р.Т. | - | "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Эшимов А.Ж. | - | "Республика" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Султанов А.Ш. | - | "КСДП" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Алимбеков А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Кодуранова А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси; |
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Уезбаев У.К. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Рустамов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Разаков Ж.П. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Артыкбаев Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Акматалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстарынын саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Мадумаров А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким; |
Нурматов А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Курмушуев М.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Асанов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Курумшиев Р.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо башкармалыгынын начальниги. |
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 117-б буйругунун редакциясына ылайык)