Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-марты № 117-б
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 397-б буйругунун редакциясына ылайык
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 450 буйругуна темөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
«Жерүй» алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укутуна кайра конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамына киргизилсин:
Токтогулов А. | - Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык аймагындагы айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча), ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын мүчөсү катары; |
- ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамынан Жусубалиев Б.Б., Чойбеков Т.Б., Курумшиев Р.Дж. чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-октябрындагы № 476 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
буйруктун бүткүл текста боюнча «акиташ» деген сөздөн кийин «жана кумдуу ак топурак» деген сөздөр менен толукталсын; жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:
- тиркеменин аталышы «акиташ» деген сөздөн кийин «жана кумдуу ак топурак» деген сездөр менен толукталсын;
- «Күрмөнтү» акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укутуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамына киргизилсин:
АсановН.С. | - Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айылдык аймагындагы айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча), ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын мүчөсү катары; |
ШаршеевР.А. | - Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булак айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча), ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын мүчөсү катары. |
- ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамынан Жусубалиев Б.Б. чыгарылсын;
- жыйырма бешинчи абзацындагы «. ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын катчысы» деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 513 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган буйруктун тиркемесинин жыйырма төртүнчү абзацындагы «, комиссиянын катчысы» деген сөздор алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы №517 буйругуна төмөнкүдөй озгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган буйруктун тиркемесинин жыйырма биринчи абзацындагы «, комиссиянын катчысы» деген сөздөр алып салынсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 397-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министр |
|