Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 19-ноябры № 513-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 117-б, 2015-жылдын 19-августундагы № 339-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, "Арым II" мрамор кенин комллекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында:
1. "Арым II" мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык конкурстук комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык конкурстук комиссия бир айлык мөөнөттө конкурсту өткөрүүнүн шартын жана тартибин, ошондой эле жеңүүчүнү аныктоонун критерийлерин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Дж.Оторбаев |
Тиркеме
"Арым II" мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын КУРАМЫ
Зилалиев Д.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасы; |
Тюменбаев Б.Р. |
| Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Гусаров И.К. | - | "Ар-Намыс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Кочкорбаев А.К. | - | "Ата-Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Төлөгөнов Р.Т. | - | "Ата Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Туманов Т.Т. | - | "КСДП" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Эшимов А.Ж. | - | "Республика" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Беков А.Т. |
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстары саясаты башкармалыгынын минералдык ресурстарды талдоо жана мониторингдөө бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу; |
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Айткулов С.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Кодуранова А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси; |
Мамбетов Т.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Нурбашев Т.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Рустамов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Катанаев А.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору; |
Исаев А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Сатымкулов М.А. |
| Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин биринчи орун басары; |
Асылбеков У. | - | Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Кудакеев К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Акматалиев А.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Асанов Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жер казынасын коргоо башкармалыгынын начальниги; |
Гильфанов И.В. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги; |
Курумшиев Р.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо башкармалыгынын начальниги. |
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 117-б, 2015-жылдын 19-августундагы № 339-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)